Анкара Борбор Азияны Москвадан алыстаткысы келет

3064
0

Анкара Борбор Азияны Москвадан алыстаткысы келет

Түркиянын бийлиги Кыргызстан менен Тажикстан ушул жылдын март айында чек ара боюнча макулдашууга кол коёруна үмүттөнөт. Бул тууралуу Дүйшөмбүдө өткөргөн маалымат жыйынында Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан билдирди. “Чек ара маселелеринин чечилиши (Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда) биз үчүн абдан маанилүү. Бул боюнча макулдашууга ушул жылдын март айында кол коюлат деп күтүүдөбүз”, – деди Фидан. Ал чек ара маселеси Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда талкууланганын кошумчалады.

Хакан Фидан 8-9-январда Кыргызстанга жасаган расмий иш-сапарында президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен да жолугушкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстан соңку айларда чек ара маселесин чечүү боюнча аракеттерин күчөтүүдө. 12-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү. Анда Ташиев тараптар чек араны тактоо ишин күчөтүлгөн тартипте уланта турганын билдирди. Жолугушууда Ятимов чек аранын чечилиши эки өлкөнүн коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал эми, 12-декабрдагы жолугушууда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 90%ы макулдашылганын билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара маселесинен улам, мезгил-мезгили менен кандуу кагылышуулар болуп келүүдө. Мындай кырдаалды негизинен Орусия эки өлкөнүн бирине басым өткөрүү куралы катары пайда кылып турат. Демек, Түркия министринин билдирүүсү чек ара сызыгы тактала турган болсо, Орусиянын аймактагы негизги рычагдарынын бири жокко чыгышына ишара кылат. Натыйжада, аймакта жаңы оюнчулардын таасири артышына мүмкүнчүлүк түзүлөт. Тагыраагы, Түркиянын негизги максаты аймактагы элдерди бириктирүү менен Орусиянын Борбор Азиядагы таасирин алсыратуу болуп эсептелет. Ушул максатта Түрк мамлекеттер уюмунан майнаптуу колдонууда. Бул уюм аркылуу Эрдоган ички саясатта калктын колдоосуна ээ болсо, тышкы саясатта АКШнын Борбор Азияны тартып алуу саясатына кызмат кылат. Андыктан, Кыргызстан өкмөтү чек ара маселесин чечүүдө эч бир оюнчуну аралаштырбоого, тескерисинче боордоштук негизинде Ислам акыйдасынан туруп чечүүгө аракет кылышы керек. Анткени, бардык колонизаторлордун максаты бир. Алар алсыз өлкөлөрдү колония кылуу менен байлыктарын талап-тоноону, калкын арзан жумушчу күчү катары пайдаланууну гана каалашат. Андыктан, биз мусулмандар, айрыкча Борбор Азия мусулмандары акыркы учурдагы аймактагы геосаясий кырдаалды эске алуу менен башка колонизаторлордун кызыкчылыгына кызмат кылып калуудан этият болушубуз керек. Муну менен катар мусулмандарды эле эмес бүткүл адамзатты империализм зулматынан Ислам нуруна алып чыга турган мамлекетти тикелөөгө аракет алып барышыбыз шарт! Мына ушул мамлекетте бир тууган мусулман мамлекеттеринин арасында чек ара тосугу маселеси калбайт. Тескерисинче, бардык мусулман өлкөлөрү адилеттүү амирдин кол астында ар кандай коркунучка каршы бир денедей күрөш алып барышат! Бул мамлекет кооз сөздөргө, улутчулдукка же башка баалуулуктарга негизделбейт. Тескерисинче, Алланын шариатына негизделип, Анын өкүмүн дароо орундатууга киришет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here