Кытай зынданында анжияндык Хизб ут-Тахрир мүчөсү шахид болгондугу тууралуу кабар

5724
0

Басма сөз баянаты

Кытай зынданында анжияндык

Хизб ут-Тахрир мүчөсү шахид болгондугу тууралуу кабар

بسم الله الرحمن الرحيم

Ислам жана мусулмандарга каршы аёосуз күрөш алып барып жаткан Кытай бийлигинин кылмыштарынын тизмесине дагы бир кылмыш кошулду. Кытай режими Хизб ут-Тахрир мүчөсү, анжияндык Нодиров Саййиджахон Мухаммадхоновичтин көз жумгандыгы жөнүндө 2023-жылдын 28-ноябрында кабарлады. Пекин камагында шахид болгон  Саййиджахон Чыгыш Түркстандагы уйгур бурадарларыбыздын катарында Аллахтын калимасын бийик кылуу үчүн иш-аракет алып барган. Аны Кытай бийлиги 2000-жылы жайында камакка алган эле. Бирок, соттун өкүмү 19 жылдан кийин чыгып, Саййиджахон 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал камакта өткөргөн көптөгөн жылдар эсепке алынбады. Анын ал жердеги жубайы да азырга чейин зулум жана кыйноолор жайы болгон концлагерде кармалып турат! Алардын жакындары айтышынча, Саййиджахон акыркы күндөрдө Пекин камагынын дарылануу бөлүмүндө кармалып турган.

Белгилүү болгондой, Ислам жана мусулмандарга душмандык кылууда яхудийлерден калышпаган Кытай бүгүн Чыгыш Түркстандагы мусулмандарга каршы эң жийиркеничтүү репрессия жана кыргындарды жасап жатат. Миллиондогон мусулмандарды “мээни алмаштыруу мектептеринде” – концлагерлерде – кармап турушат. Аларды үрөй учурган кыйноолордун түрүнө салышууда. Себеби, Кытай бүгүн мусулмандардын коргоочу калканы болгон халифасы жок болгондуктан ыйман ээлерин куугунтуктоодо. Ошонун менен, Өзбекстандагы Мирзиёев бийлиги да бул Уммат перзенттерин коргобойт, тескерисинче ал да мусулмандарга каршы кылмыштарда Кытай бийлигинен калышпайт. Ошондуктан, Кытай режими мусулмандарга каршы ыплас кылмыштарды ээн эркин жасап келүүдө.

Белгилүү болгондой, Исламдын жашоо майданына кайтышы Аллахтын нусраты менен болот. Ушул нусрат багы оор-кыйын даъват жүгүн өз мойнуна алган Саййиджахон сыяктуу шахид бурадарларыбыздын каны менен суугарылууда. Ал эми, шахиддерди Аллах Таала Өзү тандап алат. Чындыгында, алар Аллахтын тандалган пенделери болуп эсептелет. Ошондуктан, биз Саййиджахондон бул дүйнөдө айрылганыбыз үчүн кайгырсак да, бирок ал шахадат натыйжасын тапканына суктанабыз! Аллах Субханаху ва Тааладан Саййиджахон бурадарыбызды башка шахид бурадарларыбыздын катарында Фирдавс жаннаттарында пайгамбарлар, сыддыктар, шахиддер жана салихтер менен бирге кылышын сурайбыз. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына чырайлуу сабыр тилейбиз. Аллахтын уруксаты менен, жакында тикеленчү Рошид Халифалык мамлекети Саййиджахон сыяктуу мазлум жана шахид бурадарларыбыз үчүн Кытай бийлигинен, ошондой эле, башка колонизатор кафирлерден да шексиз өч алат!

وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْفَتْحُ إِن كُنتُمْ صَادِقِينَ ‎قُلْ يَوْمَ الْفَتْحِ لَا يَنفَعُ الَّذِينَ كَفَرُوا إِيمَانُهُمْ وَلَا هُمْ يُنظَرُونَ

 «Алар: «Эгер, ыраскөй болсоңор мына ошол фатх (силердин жеңишиңер) качан болот?», дешет. Айткын: «Кафир кимселер фатх күнүндө ыйман келтирүүлөрү пайда бербейт жана аларга (тообо кылуу үчүн) мөөнөт да берилбейт». (Сажда: 28-29)

Хизб ут-Тахрир Өзбекстан маалымат бөлүмү

24.12.2023

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here