Араб өлкөлөрү жөөттөргө товар өткөрүү үчүн коридор ачып берүүдө

4705
0

Араб өлкөлөрү  жөөттөргө товар өткөрүү үчүн коридор ачып берүүдө

Бириккен араб эмирлиги, Сауд Арабия жана Иордания “израилге” товар ташып өтүүчү кургактык жолдорун ишке киргизди. Кыска убакыт ичинде тест кылынган жаңы маршрут аркылуу алгачкы товарлар “израилге” жетип барды.

Буга чейин Йемендеги хусийлер баштаган жамааттар Кызыл деңиз жана “Баб ал Мандаб” кысыгы аркылуу өткөн кемелерге чабуул жасап, бир нечесин колго түшүргөн. Коопсуздуктан улам, бир катар компаниялар Кызыл деңиз маршрутун токтотконун жарыялашты. Натыйжада, жөөт вужудунун түштүгүнө келчү кемелер дээрлик токтоп калган. Азиядан “израилге” келе турчу кемелер Африканы айланып келүүгө мажбур болууда. Бул болсо жолду үч аптага узартууда жана товардын өздүк наркын кымбаттатты. Ал эми жаңы ишке салынган коридор аркылуу “израилге” Дубайдан төрт күндө, Бахрейнден болсо эки күн 7 саатта товар ташып келүү мүмкүн болот.

Белгилүү болгондой, эл аралык сооданын дээрлик 40 пайызы Кызыл деңиз аркылуу өтөт. Мындан улам, АКШ  баштаган бир катар өлкө хусийлерге каршы согуштук коалиция түзүп, кемелердин коопсуздугун корго үчүн согуш кемелери Кызыл деңизге чыгарылды.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө каапырлар мусулмандарга каршы жана өз кызыкчылыктары жолунда биригип жаткан чакта, мусулман жетекчилери палестиналык мусулмандарды бүткүл дүйнө астында каапырлардын баскынчылыгына таштап коюуда. Таштап эле койбостон, душман менен тил бириктирип, Газага киргизбеген товарлардын жөөттөргө жеткирилишине жол ачып берүүдө. Андыктан, биз мусулмандар үммөттүн биригүүсү дал ушул кыянатчы жетекчилердин күрсүлөрүн кулатып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги мамлекетти тикелөө аркылуу болорун түшүнүшүбүз зарыл.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here