Байден: Бүт дүйнөнүн пикири бир түндө өзгөрүшү мүмкүн

4217
0

Байден: Бүт дүйнөнүн пикири бир түндө өзгөрүшү мүмкүн

Яхудийлердин Ханука майрамына карата Ак үйдө яхудийлер үчүн зыяпат уюштурган АКШ президенти Жо Байден (Израил)дин Палестинага чабуулдары себептүү АКШда антисемитизм күчөп бара жатканын каралады. Бул тууралуу “The Times of Israel” гезити кабарлады. (Израил)ге аскерий жардам берүү мындан ары да уланарын билдирген Байден бул маселеде этият болуу зарыл экендигин белгилеп, дүйнөнүн пикири бир түндө өзгөрүшү мүмкүндүгүн эскертти.

“(Израил) ХАМАСтан кутулганга чейин аскерий жардам берүүнү улантабыз, бирок өтө этият болушубуз керек. Бүт дүйнөнүн жана коомчулуктун пикири бир түндө өзгөрүп кетиши мүмкүн. Биз буга эч качан жол бербейбиз”, – деди Байден. Карылыгы себептүү кыйналып сүйлөгөн Байдендин сөзүн зыяпатка катышкан яхудийлер алкыштады.

Комментарий: Акыркы кездерде Ислам дүйнөсүндө жүз берип жаткан абалдар, айрыкча Газадагы аз сандуу Мужахиддердин яхудий вужудун силкинтип коюшу АКШны олуттуу чараларды көрүүгө мажбур кылууда. Себеби, Батыш дүйнөсү мусулмандар бутка турушунан жана экинчи Рошид Халифалык мамлекети тикеленип кетишинен катуу коркот. Ошондуктан, Газада Мужахиддердин яхудий вужудуна каршы чабуулу башталары менен Америка учак ташуучу кемелерин Жер Ортолук деңизине алып келди. Анын артынан Британиянын деңиз флотуна караштуу кемелер да жетип келди. Саясаттан бир аз эле кабары бар кишиге белгилүү болгондой, ири аскерий кубатка ээ болгон бул кемелер мүмкүнчүлүгү чектелген аз сандуу Мужахиддерден яхудий вужудун коргоо үчүн келген жок. Бул кемелер яхудий вужуду жана анын тегерегиндеги малай мамлекеттер кулашы натыйжасында жаңы бир доор башталышынын т.а. экинчи Рошид Халифалык мамлекети тикеленишинин алдын алуу үчүн жеткирилди.

АКШ президенти Байдендин “кырдаалдан пайдаланмакчы болгондорго бир сөзүм бар, эч качан мындай кылбагыла” деген коркуткан маанидеги эскертүүсү жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин (Израил)дин артында АКШ турганын эскертип, айланасындагы өкмөттөрдү палестиналыктарга жардам берүүдөн катуу эскертиши да бекеринен эмес болчу. Булардын артынан Мисирдин президенти Абдулфаттах ас-Сиси да Мисир армиясын “аскерий күчүңөр силерди туура эмес чечимдерге алып барбасын” деп эскертти. Иордания королунун буттары титиреп, АКШдан аскерий жардам сурады. Айланадагы башка малай режимдер да өкмөттүн тизгинин бекем кармоого шашылышты. Мисалы Саудия полициясы акыйкатты айткан аалымдарды минбарда турган жеринен кармап камакка алды ж.б.у.с…

Мына ушундан келип чыгып, “Байдендин жүрөк үшүн алган жана бүт дүйнөнүн пикирин бир түндө өзгөртүүгө кудуреттүү болгон күч – бул экинчи Рошид Халифалык мамлекетинин тикелениши” деп айта алабыз. Буга эч кандай шек-күмөн жок. Себеби, Палестина маселеси палестиналыктардын же арабдардын эле эмес, чыныгы Исламий маселе болгондуктан, бул маселе мусулмандардын ойгонушуна себеп болууда.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here