Герцог: Биз Батыш цивилизациясын сактап калуу үчүн күрөшүп жатабыз

6054
0

Герцог: Биз Батыш цивилизациясын сактап калуу үчүн күрөшүп жатабыз

(Израил)дин президенти Исхак Герцог Американын “MSNBC” телеканалына яхудий вужуду Газада ишке ашырып жаткан кыргындар жөнүндө билдирүү берди. Герцогдун айтымында, (Израил)дин чабуулдары Батыш цивилизациясын сактап калуу үчүн ишке ашырылууда.

“MSNBC” кабарчысынын “Газада жай тургундар арасында курмандыктардын саны өсүп бара жатканы сиз үчүн туура ишпи” деген суроосуна Герцог: “Бул согуш (Израиль) менен ХАМАС ортосундагы эле согуш эмес, бул Батыш цивилизациясын сактап калууга жана коргоого каратылган согуш”, – деп жооп берди.

“Алар карамүртөз күчтөр. Алгач (Израил)ди жок кылышмакчы, андан соң Европага, андан кийин болсо Америкага өтүшмөкчү. 11-сентябрь окуясын эстегиле. Муну дүйнө жүзү түшүнүшү керек”, – деп кошумчалады Герцог.

Комментарий: Колонизатор Батыш мамлекеттери Англия башчылыгында Халифалык мамлекетин кулаткандан кийин мусулмандар кайрадан биригип кетпеши үчүн Исламий өлкөлөрдүн чок ортосуна яхудий вужудун жайгаштырып койду. Бул вужуд – мусулмандар кайрадан биригип кетишине тоскоол боло турган факторлордун бири болгондуктан да – Батыш коопсуздугунун негизги таяныч чекити болуп эсептелет. Ошондуктан, Батыш яхудий вужудун көздүн карегиндей сактоого аракет кылат. Эгер бул таянычы куласа, табигый түрдө Батыштын өзү да кулайт. Байден “эгер (Израиль) болбогондо, аны курушубуз керек болот эле”, деп бекеринен айтпаган.

Белгилүү болгондой, Исламий өлкөлөрдүн режимдери яхудий вужудунун негизги коргоочулары болуп эсептелишет. Ушундан келип чыгып, яхудий вужудун жок кылуу, алгач анын айланасындагы коргоочу мамлекеттерди жок кылуу менен ишке ашат. Шайх Такийюддин Набахоний “яхудий вужуду араб режимдеринин көлөкөсү, араб режимдери куласа көлөкөсү да жоголот”, деп кандай гана туура баа берген.

Герцогдон мурда Нетаняху да Батышка кайрылып, “эгер биз куласак кезек силерге жетет” деген эле. Чындыгында, эгер Палестинада акыйкат менен батылдын, Ислам менен куфрдун күрөшү күчөп кетиши натыйжасында жаңы “араб жазы” пайда боло турган болсо, бул жараян яхудий вужудунун коргоочулары болгон режимдер бир четинен кулай башташын, натыйжада яхудий вужуду жок болуп, Батыштын Ислам дүйнөсүндөгү колонизатордугуна чек коюлушун түшүндүрөт. Бул болсо, экинчи Рошид Халифалык мамлекети тикеленет дегени.

Халифалык мамлекети тикеленери менен, Исламий өлкөлөрдү колонизаторлордон тазалоо менен эле чектелип калбастан, Ислам рисолатын бүт дүйнөгө алып чыгат жана Расулуллах ﷺ‎ башарат кылгандай, Румду фатх кылат. Герцог жана Нетаняху эскертип жаткан о.э. АКШ башында турган Батыш мамлекеттеринин тынчын алып, уйкусун качырып жаткан нерсе мына ушул.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here