Жапаров: Чек ара маселеси жазга чейин чечилип калышы мүмкүн

4621
0

Жапаров: Чек ара маселеси жазга чейин чечилип калышы мүмкүн

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Капчыгай жана Достук айылдарына сапары учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара көйгөйү 2024-жылдын жазына чейин чечилип калышынан үмүттөнөрүн билдирди.

“Чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып келебиз. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия да тынымсыз иштеп жатат. Буюрса чек арабыз чечилип Орто Азия чөлкөмүндө стабилдүүлүк орногон күн да келет. Мен жазга чейин барып бүтөбүз го деп ойлоп жатам”, – деди президент.

Үстүбүздөгү жылдын Октябрь айында Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда №44-протоколго кол коюлган. Ал узундугу 972 чакырымдык кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чече турган протокол экендиги айтылган.

Комментарий: Исламий өлкөлөр ортосундагы жасалма чек ара маселелери эки өлкөнүн президенттери же делегациялары сүйлөшүп эле чечип коё турган маселе эмес. Себеби, бул чек аралар мусулмандарды бири-биринен ажыратып туруу, бөлүп-жаруу, алсыратуу жана учуру келгенде бири-бири менен согуштуруп коюу максатында колонизатор мамлекеттер тарабынан коюлган тоскоолдуктар болуп эсептелет.  Ошондуктан, бул маселе ошол колонизатор мамлекеттердин каш-кабагына карай белгиленет.

Борбор Азия аймагында тартылган чек аралар Россиянын көзөмөлүндө экендигине караганда, Жапаровдун “Чек ара маселесин чечүүгө аракет кылып жатабыз” деген сөзүнөн эки Исламий өлкө ортосундагы чек аралар ого бетер бекемделери түшүнүлөт. Себеби, Россия Борбор Азияда таасирин сактап калуу үчүн бул аймакта жаңжал жана келишпестиктер уланып турушун каалайт. Ошондуктан да ал Борбор Азия мамлекеттери ортосундагы талаштуу аймактар такталышына эч качан жол бербейт.

Ал эми Жапаровдун “Буюрса чек арабыз чечилип Орто Азия чөлкөмүндө стабилдүүлүк орногон күн да келет” деген сөзүндө маани бар. Бирок, бул маселе Жапаров айткандай чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо, же болбосо сүйлөшүүлөр жолу менен чечилбейт. Тескерисинче, бул маселе жасалма чек араларды түп тамыры менен сууруп таштай турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу чечилет. Мусулмандарды бир байрак алдында бириктирүүгө кепил болгон Халифалык мамлекети Борбор Азия аймагындагы эле эмес, бардык Исламий өлкөлөрдөгү жасалма чек араларды түп-тамыры сууруп салып, Индонезиядан Испанияга чейинки бардык Исламий өлкөлөрдү бир мамлекетке бириктирет.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here