Диндер аралык диалог – куфр долбоору

4105
0

Диндер аралык диалог – куфр долбоору

23-ноябрда Бишкекте “Кыргызстан – конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү” деген темада эл аралык конференция өттү. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров жыйындын катышуучуларына кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда Жапаров өлкөдө дин тутуу эркиндиги барын жана ал мамлекеттик башкаруудан тышкары экенин белгилеген. О.э бардык конфессияларга бирдей мамиле жасалып жатканын, бул багытта атайын диний чөйрөдөгү концепция кабыл алынганын билдирген. “Дүйнөлүк өзгөрүүлөр доорунда кыргыз иденттүүлүгүн жоготпой, бөтөн элдин салт-санаасын, кийимдерин туу тутпай, өзүбүздүн каада-салттарыбызды урматтап, сактап калышыбыз керек”, – деп жазылган кайрылууда.

Конференцияга 20дан ашык өлкөдөн келген түрдүү диндердин өкүлдөрү катышты. Алар радикализмдин алдын алуу, дин маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматында, Кыргызстанда 17 конфессия, 4 миңге чукул диний уюм бар. Алардын 3600ү ислам, 400гө жакыны христиан багытында.

Аталган иш-чара өлкөдө никаб жана сакал боюнча мыйзам долбоору кызуу талкууланып жаткан учурга туура келди. Аталган мыйзам долбоорун буга чейин УКМК жетекчиси Ташиев колдоп чыккан. Ал эми, президент Жапаровдун кайрылуудагы бөтөн элдин салт-санаасын туу тутпаш керек деген пикири мыйзам бийлик тараптан алга сүрүлүп жатканына ишара кылат. Ошондуктан, сакалды  важип деңгээлинде айтып келген өлкөдөгү аалым сөрөйлөр аталган мыйзам долбооруна арык чаап берүүгө шашылууда.

Ал эми, конференциянын негизги темасы болгон диндер аралык диалогду өнүктүрүү Батыштын Исламга каршы күрөшүү үчүн ойлоп тапкан долбоору болуп эсептелет. Анткени, капиталисттик системанын жаюучусу болгон Батыш дүйнөсү Исламды да христианчылык сыяктуу өзүнөн түзүм келип чыкпаган дин кылып көрсөтүүгө аракет кылат. 2010-жылдын башында АКШ президенти Барак Обама конгресс алдында сүйлөгөн сөзүндө, “Биз эми исламий өлкөлөрдө өз аскерлерибиздин жанын коркунучка салбайбыз. Эми алар өлкөлөрүндөгү “терроризм, экстремизмге” каршы жана алардын кооп-коркунучун алдын алуу үчүн өздөрү иш алып барышат. Биз аларга бул иштерде жардам көрсөтөбүз” деген жаңы стратегиясын жарыялаган.

Диндер аралык диалог түпкүлүгүндө мына ушул стратегиянын алкагындагы мээлүн Ислам долбоорунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Бул долбоор, исламий өлкөлөрдө түптөлүп жаткан мабдаий исламга каршы алып барылмакчы. Бул үчүн куфр системасы бийлик өкүлдөрүн, коопсуздук кызматын, орган кызматкерлерин, исламий белгилүү адамдарды, исламий жамааттарды, муфтиятты, имамдарды өзүнө тартууда. Ал эми Исламдын тарыйкатка тиешелүү өкүмдөрүн тарых катары жашырышууда. Бул долбоор глобалдык долбоор болуп, Саудия кербен башында жүрөт.  Буга чейин Шахзада Мухаммад бин Салман Лондондо Англикан чиркөөсүнүн жетекчиси менен жолугушуу учурунда улуттук реформанын бир бөлүгү катары диндер аралык диалогду алдыга жылдырууга убада берген эле.

Демек, мабдаий даъватты үммөткө көтөрүп чыгууда суздук кылсак, куфр акыйдалары биз бошотуп койгон чөйрөнү ээлеп бара берет. Алар, биздин көз алдыбызда имамдарды өз жолдошторуна айландырып барышууда. Эми болсо, келечегибиз болгон жаштарды өздөрүнө тартып, мечит, шаар, кыштактарда жыйындарды уюштуруп, ал жерлерде пикир жеткирүү услубдарын күчөтүүдө. Алар биз көңүл бурбай калган бардык тармактарды өз көзөмөлүнө алышмакчы. Андыктан, Ислам терисин жамынган дин комиссиясынын аракеттерине, аларды өз жүгүртөктөрүнө айланткан куфр саясатына кайдыгер карабайлы. Тескерисинче, куфрдун ар бир аракетине исламий мабдаъий позицияларыбыздан туруп какшаткыч сокку берүүнү көз ирмемге да токтотпойлу.

Түпкүлүгүндө Расулуллах (с.а.в.) мындай аракеттерден кайтарып, Исламды гана бекем кармоого чакырган. Ал Зат Умар (р.а.)нун Тоороттун бир бөлүгүнө карап турганын көрүп калганда ачууланып: «Андан тазараак, пакизараагын алып келбедимби?” – деген. Демек биз башка дин өкүлдөрүнө карата жалаң гана Шарият уруксат берген алкакта мамиле кылышыбыз керек.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here