Кытай мечиттердин санын азайтууда

3185
0

Кытай мечиттердин санын азайтууда

Кытай өкмөтү Чыгыш Түркистан аймагында мечиттердин санын азайтууда. Маалыматка ылайык, кытай бийлиги ал жерлерде мечиттерди жаап, сүрдүрүп же башка максаттарда пайдаланууга берүүдө. Мусулмандардын архитектуралык өзгөчөлүктөрү да жок кылынууда, мисалы мунаралары буздурулган мечиттер бар.

Мушрик кытай өкмөтү бул багыттагы иштерин 2018-жылы эле баштаган. Бирок, бүгүнкү күнгө келип күчөп барууда. Исламды “кытайлаштыруу” стратегияcына ылайык, аймакта жаңы мечиттер салынбашы керек, түрттүрүлгөн мечиттер көбүрөөк болууга тийиш. Бутпарастар буга чейин алты кылымдык тарыхы бар Ийдгах (майрамдык майдан) мечитин музейге айланткан. 1442-жылы курулган мечит аймактагы эң маанилүү тарыхый мечит болуп эсептелчү.

Белгилүү болгондой, мушрик Кытай өкмөтү 1949-жылы калкынын негизги бөлүгү мусулман уйгурлардан турган Шинжаңды басып алгандан бери, ал жерде жашап жаткан мусулмандарды, айрыкча уйгурларды динден кайтаруу, Ислам динин турмуштан жана коомдон сүрүп чыгаруу аракеттерин бир мүнөткө да токтото элек. Ислам – кытайлардын уйгур мусулмандарына каршы душмандыктын негизги себеби, ал эми мечиттер бул душмандыктын очогу болуп калды. 1949-жылдын өзүндө эле кытай коммунисттери 25 миң мечитти кыйратышты.

Мусулмандарга диний билим алууга тыюу салынды. Жаштарга исламий билим берип келе жаткан аалым жана уламалар куугунтукталып, ар түрдүү айыптоолор менен камакка алынышты. Эркектердин сакал коюусуна, аялдардын хижаб кийүүсүнө тыюу салынды. Имамдар аянтта бийлөөгө мажбурланышты. Ал тургай, рамазан айында орозо кармоого, мамлекеттик кызматта иштеп жаткан мусулмандардын намаз окуусуна тыюу салынды. Мусулмандар чочконун этин жегенге, муслима карындаштарыбыз болсо нажас хань кытайлары менен турмуш курууга мажбурланышты. Миллиондогон мусулман боордошторубузду “кайра тарбиялоо” лагерлерине таштады жана жүздөгөн мусулмандар өлтүрүлдү…

Мунун каршысында мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилери, айрыкча, Борбор Азия өлкөлөрү Кытай менен кызматташтыктарын күчөтүп барууда. А түгүл, Кытайдын динге каршы күрөшүнөн илхом алышып, никаб жана сакалга каршы мыйзамдарды кабыл алууда. Бул аздык кылгандай, мусулмандардын үйлөрүнө жасалма түрдө курал-жарактарды таштап, “экстремист-террорист” айыптарын тагып, абактарды толтурмакчы.

Өкүнүчтүүсү, дүйнөнүн чар тарабында мындай зулумдуктар жүз берүүдө. Мусулмандар бул репрессияларды токтотууга эч кандай таасир кыла албай жатышат. Себеби, мусулмандар бытыранды жана бир мамлекет астында биригишпеген. Андыктан, биздин вазыйпабыз мына ушул бытыранды абалды бириктирип, аларга калкан боло турган халифаны тикелөө. Бул халифа мусулмандарды камкордукка алат жана мусулмандар анын артында туруп согушат, аны менен коргонушат. Абу Хурайрадан риваят кылынат, Расулуллах  (с.а.в) айтты:

إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَي بِهِ

«Имам – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан».

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here