Сиси Мисир армиясын эскертти

2806
0

Сиси Мисир армиясын эскертти

Мисирдин президенти Абдулфаттах ас-Сиси өз аскерлерин согушка аралашуудан эскертти. Сисинин айтымында, Мисир армиясы тарыхта жүз берген кризистерди “сабыр жана акыл-эс менен” чечип келген.

Сувайш порт шаарында ондогон танктар алдында сүйлөгөн сөзүндө Сиси: “Армияга жана калкыбызга айтарым, аскерий күчүңөр силерди ката чечимдерди кабыл алууга алып барбасын”, “Силерде өзүңөрдү коргоо мүмкүнчүлүгү бар… Ачуу же эмоциялар чектен чыгууга себеп болуп калышына эч качан жол бербегиле”, “Туура пикирлебей же ачуудан келип чыгып чечим кабыл алуудан этият болгула. Чечим кабыл алуга же кадам таштоого үндөй турган күчкө ээмин деген кыялга бара көрбөгүлө. Мен муну куралдуу күчтөргө жана Мисир калкына айтып жатам. Биз ар дайым бардык кризистерди акыл жана сабыр-такаат менен талкуулап, күч жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү чектен ашык иштетпестен чечебиз”, – деди.

Комментарий: Сисинин бул тынчсызданган билдирүүсү дүйнөнүн эң күчтүү армиялары тизмесинен орун алган Мисир армиясынын катарында (Израил)ге чабуул кылууга батына турган аскерлер бар экендигин көрсөтүп турат. Негизи бүтүндөй куфр дүйнөсү ушул нерседен т.а. Исламий армиялар катарынан эр жигиттер чыгып калышынан катуу тынчсызданууда. АКШ президенти Жо Байден да өз малайларын бул абалдан катуу эскерткен.

Сиси бул аракети аркылуу АКШга берилгендигин далилдөө үчүн кесиптештери менен атаандашууда. Албетте яхудий вужудун бул кыргындарга шыктандырып жаткан нерсе да ушул режимдердин кыянаттары. Бул режимдердин мойнуна яхудий вужудун коргоо милдети жүктөлгөн. Ошондуктан, Исламий өлкөлөрдүн акимдери дүйнөнүн көз алдында кыргын кылынып жаткан мусулмандарга жардам берүүдөн армияларды тыйып, митингдерди уюштуруу жана оозеки каралап-сындап коюу менен чектелип жатышат. Негизи дүйнө жүзүндөгү бардык каралоолор топтолгон күндө да мусулмандар кошуунундагы бир аскердин жардамынчалык болбойт. Анткени күч, күч менен кайтарылат, сындоо жана каралоо менен эмес.

Ушундай болгон соң, Исламий өлкөлөрдөгү ушул армияларды аракеттен тосуп жаткан о.э. Ал-Акса үчүн Жихад кылууга даяр болгон мусулман калктарга каршы туруп, яхудийлерге жан тартып жаткан бул кыянатчылардан кутулуу Ислам үммөтүнүн биринчи даражадагы милдетине айланды деп айтсак болот. Себеби, алар Ислам аскерлерин Газадагы мусулмандарды массалык түрдө кыргын кылып жаткан яхудийлерге каршы эмес, (Израил)дин чек арасын көздөй жөнөгөн мусулмандарга каршы аттандырууда. Мындай адамдар Ислам үммөтүнө жетекчилик кылууга татыктуу эмес. Анткени, үммөт жетекчиликти аларга өз ыктыяры менен тапшырган эмес. Алар жетекчиликти үммөттөн күч менен тартып алган Батыштын малайлары.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here