БУУ резолюциясы жана тышкы ааламдан үзүлгөн Палестина

3091
0

БУУ резолюциясы жана тышкы ааламдан үзүлгөн Палестина

Бириккен Улуттар Уюмунун “израил” жана ХАМАС аскерлерин тынчтыкка чакырган резолюциясын 120 өлкө колдоду. Ал эми, “израил”, АКШ баштаган 14 өлкө каршы добуш берди. Бир нече өлкө добуш берүүгө катышкан жок.

Ал арада Газада интернет, телефон байланыштары толугу менен кесилип, баскынчы жөөт армиясы абадан, деңизден жана кургактыктан чабуулду күчөтүүдө. Кургактыктагы чабуулу ХАМАС аскерлери тараптан артка кайтарылгандыктан, ооруканаларга абадан чабуулдар күчөтүлүп жатат. Натыйжада, көпчүлүгүн жаш балдар жана аялдар түзгөн 7 миңден ашык мусулман курман болду. Байланыш каражаттары кесилгендиктен, коргоого муктаж жарандар коргонуучу жайлардын дареги тууралуу маалыматтан кабарсыз калды.

Мунун каршысында мусулман жетекчилери “израил” аскерлеринин баскынчылыгын айыптап митингдерди өткөрүү жана өз аскерлерин чек арадан өтпөөсүн эскертүү менен алек. Маселен, Түркия президенти Эрдоган Истамбулда он миңдеген тургундардын катышуусунда митинг уюштурду. Түпкүлүгүндө, мамлекет жетекчисинин мындай учурдагы жоопкерчилиги аскерлерди казармаларда сактабастан сапарбар кылуу, а түгүл жөөт вужудун ыйык жайдан тазалоо үчүн жихад жарыялоо болуп эсептелет. Ал эми, митингдерди уюштуруу жамаат жана үммөттүн жоопкерчилигиндеги иш болуп, муну менен мамлекеттин милдеттери эскертилет. Тагыраагы, Алла тарабынан жүктөлгөн парздары эскертилип, жоопкер адамдар жамандыктан кайтарылып, жакшылыкка чакырылат. Тилекке каршы, бүгүнкү акимдер жоопкерчилигин аткаруунун ордуна өз милдеттерин өтөгүсү келген аскерлерди бул иштен кайтарууда. Маселен, Миср акими кыянатчы Сиси мусулман аскерлерди эскертип мындай деди: “Аскерий күчүңөр силердин жаңылыш чечим чыгарууңарга алып барбасын. Муну куралдуу күчтөргө жана Миср калкына айтып жатам”. Сисинин бул апкаарыган сөздөрү Миср армиясында ар качан “израил”ге каршы чабуул кылууга кайраттуу аскерлер бар экенин билдирет. Албетте бул аскерлерге Газаны коргоо жана баскынчы жөөттөрдү ыйык жайдан сүрүп таштоо буйругу берилгенде өз милдеттерин эч бир экиленбестен өтөгөн болор эле. А бирок, кыянатчы акимдер Газаны куткаруунун үстүндө эмес, Американын “эки мамлекет” долбоорун ишке ашыруу үстүндө баш катырышууда. Бул долбоор боюнча Палестинанын негизги бөлүгү яхудийлерге тапшырылып, кичине бөлүгүнө палестиналыктар үчүн мамлекет курулат. Т.а. эки мамлекет чечими боюнча, яхудийлер үчүн мубарак жердин 80 пайызынан баш тартуу керек. Бул мамлекет чыныгы суверенитетке ээ болбогон т.а. “израил”ге көз каранды мамлекет болот.

Жогорудан маалым болгондой, жөөттөр мусулман жетекчилеринин кыянаттыгынан кайраттанып, палестиналыктарды кыргынга алууда. А түгүл, БУУнун кагаздан ары өтпөгөн резолюциялары менен да эсептешпейт. Анткени, алардын бул кылмышын эсеп-китеп кыла турган бирер кубат ээси табылбай жатат. Ал эми, үммөт жана жамааттар өз милдеттерине ылайык чек араларды ачууну, кошуундарды сапарбар кылууну талап кылышууда. Анткени, Палестина Исламий жер болуп, аны кайтарып алуу важиб экендиги ар бир мусулманга маалым. О.э. ал жер Аллахтын уруксаты менен албетте кайтарып алынат. Алла Таала айтат:

“Ал китеп ээлери болгон каапырлар (зулум кылган) турак жайларынан чыгып кетет деп ойлогон эмес элеңер. Алар болсо өздөрүн Алладан сепил-коргонубуз сактайт деп ойлошту. Алланын азабы болсо аларга күтпөгөн тараптан келди жана алардын жүрөгүнө коркунуч таштады. Алар өздөрүнүн жайларын өз колдору менен жана да момундардын колдору менен талкалап-бүлүнтүштү. Эй, акыл-эс жүгүрткөндөр! Мындан үлгү-сабак алгыла! (Хашр: 2).

Ушундай болгон соң, эй кошуун жетекчилери! Бардык нерсеге кадыр болгон Аллага гана таянгыла! Анын аяттарынан ибрат алгыла! Алланын жардамына ишенгиле жана кыянатчы, каапырлардан жүзүңөрдү бургула!  Чыныгы күч-кубат Батышта эмес, Алланын алдында экенин унутпагыла!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here