Түркия коргоо министрлиги армия Палестинага барууга даяр экенин билдирди

268
0

Түркия коргоо министрлиги армия Палестинага барууга даяр экенин билдирди

Түркия коргоо министрлиги өлкөнүн куралдуу күчтөрү Палестинага барууга даяр экенин билдирди. Бирок, Газаны же Аксону бошотуу үчүн эмес, гуманитардык жардам жана эвакуация үчүн барат. Жардам үчүн аскерлерди жиберүүдө эң  маанилүүсү аймактагы абалдын туруктуулугу имиш.

Бир нече күндөн бери Түркиянын төрт бурчунда мусулмандар Палестинаны израилдин баскынчылыгынан куткаруу үчүн “Кошуундар Аксого, Мехметчик Газага” чакырыктары менен жүрүш жасашууда. Буга жооп катары Коопсуздук министрлиги армияны эвакуация үчүн даярдаганын билдирди. Ал эми, Ислам кызматташтык уюму шашылыш түрдө Саудияда чогулуп, Палестинадагы кыргынды катуу айыптагандан кийин таркап кетишти.

Мунун каршысында, АКШ экинчи учак кемесин Чыгыш Акдеңизге жибере турганын билдирди. Ал эми, өткөн жумада Хамастын чабуулунун артынан шашылыш түрдө аймакка согуш кемелерин жеткирген. Буга кошумча, израилге ар жылы берилип келген миллиарддаган долларлык аскерий жардамдын көлөмүн көбөйтүү чечими кабыл алынган.

Жогорудан маалым болгондой, жөөттөр мусулман жетекчилеринин кыянаттыгынан кайраттанып, палестиналыктарды кыргынга алууда. Анткени, алардын бул кылмышын эсеп-китеп кыла турган бирер жетекчи табылбай жатат.

Ал эми, үммөт жана жамааттар өз милдеттерине ылайык чек араларды ачууну, кошуундарды сапарбар кылууну талап кылышууда. Анткени, Палестина Исламий жер болуп, аны кайтарып алуу важиб экендиги ар бир мусулманга маалым. О.э. ал жер Аллахтын уруксаты менен албетте кайтарып алынат. Алла Таала айтат:

“Ал китеп ээлери болгон каапырлар (зулум кылган) турак жайларынан чыгып кетет деп ойлогон эмес элеңер. Алар болсо өздөрүн Алладан сепил-коргонубуз сактайт деп ойлошту. Алланын азабы болсо аларга күтпөгөн тараптан келди жана алардын жүрөгүнө коркунуч таштады. Алар өздөрүнүн жайларын өз колдору менен жана да момундардын колдору менен талкалап-бүлүнтүштү. Эй, акыл-эс жүгүрткөндөр! Мындан үлгү-сабак алгыла! (Хашр: 2).

Ушундай болгон соң, эй кошуун жетекчилери! Бардык нерсеге кадыр болгон Аллага гана таянгыла! Анын аяттарынан ибрат алгыла! Алланын жардамына ишенгиле жана кыянатчы, каапырлардан жүзүңөрдү бургула!  Чыныгы күч-кубат Батышта эмес, Алланын алдында экенин унутпагыла!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here