Ысык-Атада нике кыйган имам камакка алынды

558
0

Ысык-Атада нике  кыйган имам камакка алынды

Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын 21 жаштагы тургуну Н. Ш. Он сегизге толо элек кызга үйлөнгөнү үчүн, айылдын имамы Р. А аларга нике кыйганы үчүн  камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, 2016-жылы Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы – 18 жаш деп мыйзам менен бекитилген. Бул мыйзамды бузгандарга үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чарасы каралган. 2019-жылдын июнь айынан тартып Кыргызстанда имамдар баш кошкон жарандарды нике журналына каттай баштаган.

Түпкүлүгүндө бул мыйзам долбоору Ислам шариятына каршы кабыл алынган. Анткени, шариятта жубайлар турмуш курушу үчүн шарият өкүмдөрү жүктөлө турган куракка толушу жетиштүү. Ал эми, балагатка 18 жашта толот деген эреже эч бир жерде жок. Тескерисинче, балагатка жеткен пенде кем акыл болбосо эле, анда ал никеге жарактуу эсептелет.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө мектеп курагында 6-класстан тарта кыз-балдар зынага барып жаткан фактылар жүздөп саналат. Демек, жогорудагы мыйзам мындай бузукулукту токтотууну максат кылган эмес. Тескерисинче, никесиз байланыштын көбөйүүсүн камсыздап жатат. Ал эми, шариятка ылайык куракта нике кыйып жашагандар, а түгүл өз милдетин өтөп нике кыйган мусулмандар кылмышкерлерге айланууда. Анткени,  демократиялык түзүмдө пайда гана өлчөө болуп, адал-арамды белгилөө алсыз адамдардын акылына ташталган. Натыйжада бул мыйзамдар коомдун бузукулукка батышы на негизги себеп болууда.

Мунун каршысында, Исламда ар бир адамдын табиятын эске алган шарий мыйзамдар коомдун бакубат жашоосун кепилдеп берет. Анткени, бул мыйзамдардын булагы инсандын табиятын эң көркөм түстө жараткан Алланын өкүмдөрү болуп эсептелет. Андыктан, биз мусулмандар буга окшогон коомду бузуучу көрүнүштөргө каршы туруп, мусулмандардын камалышына жол бербешибиз керек. Муну менен катар, нике кыюуну имамдарга гана таштап койбостон, бул өкүмдү ишке ашыра ала турган ар бир мусулман аткарып барышы керек.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here