Түркияда үч күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды

1201
0

Түркияда үч күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды

(Израил)дин Газа секторуна чабуулу себептүү шейит болгон миңдеген палестиналыктардын урматына Түркияда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды. Аза күтүү ырасымында тууларды жарымына чейин түшүрүү максатка ылайык деп табылды. Бул тууралуу президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Түркия катары палестиналык боордошторубуздун башына түшкөн азапты жүрөгүбүз менен сезип жатабыз. Көпчүлүгү жаш балдардан турган миңедеген шейиттерге урматыбыз себептүү мамлекетибизде 3 күндүк улуттук аза күтүү күнү жарыяланды”, – деп жазды Эрдоган.

Комментарий: Газада массалык түрдө кыргын кылынып жаткан мусулмандар үчүн мамлекеттик тууну жарымына чейин түшүрүп, аза күтүү жарыялоо же яхудийлерди каралоо жана алардын үстүнөн БУУга арыздануу, же эки тарап үчүн кепил болгон мамлекеттерди дайындоо үчүн бейпайда жолугушууларды өткөрүү иштеринин бардыгы Ислам Үммөтүн чалгытуудан башка нерсе эмес. Себеби, баскынчы яхудий көйгөйү мындай аракеттер менен чечилбейт. Көйгөйдүн чыныгы чечими, Исламий өлкөлөрдүн армиясын яхудийлерге каршы жихадга аттандыруу. Анткени, яхудийлерди ашынган душман деп билген мусулман калктар акцияларды уюштуруп, акимдерден ушул нерсени талап кылышууда.

Баскынчы яхудийлер армиянын күчү менен мусулмандарды кыргын кылып жаткан соң, демек, ага Исламий армиянын күчү менен жооп берүү талап кылынат. Чындыгында, бул армиялар АКШ жана Европанын кызыкчылыгы үчүн канчалаган согуштарга кирди. Мисалы, Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф Американын кызыкчылыгы үчүн Пакистан аскерлерин аттандырганы менен сыймыктанган эле. О.э. Ирандын мурдагы президенти Хашими Рафсанжани да Иран күчтөрү америкалыктар менен биргеликте Талибанга каршы согушка киргенин ачык моюнга алган. Түркия армиясы болсо, Босния жана Герцеговинада, Косоводо, Афганистанда, Иракта, Сирияда жана Ливияда АКШнын кызыкчылыгы үчүн согушту. Ал тургай, 1950-1953-жылдагы Корея согушунда Түркия 15 миң аскери менен НАТО байрагы алдында АКШнын пайдасына кызмат кылды. Кытайлыктарга каршы уюштурулган ал согушта өлгөндөрдүн 60 %ы түрк эскерлери болгон. Түркия президентинин өзү да “НАТОнун буйруктарын кемчиликсиз аткарып келе жатабыз” деп, түрк аскерлерин НАТОнун талабына ылайык согушка киргизгенин моюнга алды. А бирок, өз калкынын Газадагы мусулмандар үчүн түрк аскерлерин аттандыруу талабын жоопсуз калтырууда. Мындан тышкары, (Израиль) кыргынын актап, өзү яҳудийлер тарапта экендигин жарыялаган Владимир Зеленскийге “Байрактар” дрондорун жиберди. Ал эми катуу кыргынга дуушар болгон мусулмандарга келгенде аза күтүп, тим эле крокодил көз жашын төгүп калууда.

Негизи Исламий өлкөлөрдөгү армиялардын катарында ыкластуу офицерлер көп. А бирок, аларга Аллахтын буйругу жана мусулман калктын талабына караганда, батыштык кожоюндарынын буйругун жогору койгон акимдер тоскоолдук кылышууда. Демек, бүгүнкү       күндө Ислам Үммөтүнүн, арйыкча армия сабындагы күч ээлеринин негизги милдеттеринин бири, Ислам Үммөтүнө кыянат кылууда чектен чыккан ушул акимдерди кулатуу жана Ислам Үммөтүн бир байрак алдына бириктире турган Халифалык мамлекетин тикелөө. Мына ошондо Масжидул Акса Халифалыктын бооруна кайтып, яхудийлер ыпыластыгынан биротоло тазаланат.

Зохид Заргар

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here