Эрдоган: “НАТО бизге жүктөгөн милдеттерди кемчиликсиз аткарып келе жатабыз”

4168
0

Эрдоган: “НАТО бизге жүктөгөн милдеттерди кемчиликсиз аткарып келе жатабыз”

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Конкордия саммитинин алкагында суроолорго жооп берип жатып, НАТОго ишенимдүүлүк жана АКШга достук маселесинде туруктуу экендигин баса белгиледи.

Президент Эрдоган: “Сиз НАТОнун мүчөсү катары о.э. АКШнын стратегиялык өнөктөшү катары улуттук кызыкчылыктар жана ири геосаясий кризистер ортосунда кандай жолду карманып жатасыз?” – деген суроого жооп берерден мурда, Түркия аскерий кубат жана каржылык жардам жагынан НАТОнун эң күчтүү беш мамлекетинин бири экендигин эске салып:

“Биз НАТО жолунда жумшаган аскерий күч жана каржылык жардам менен НАТО ичинде мына ушундай позицияга ээбиз. Азырынча бул жаатта эч кандай чегинүү болбоду. НАТОнун алкагындагы бул күчүбүздү НАТОго мүчө мамлекеттер да кадырлашат. Азыркыга чейин НАТО бизге жүктөгөн милдеттерди кемчиликсиз аткарып келе жаткан мамлекетпиз жана келечекте да милдетибизди кудум ушундай аткара беребиз”, “Америка менен коопсуздуктан баштап соодага чейин көп кырдуу мамилебиз бар. Өз ара товар алмашуунун көлөмү 32 миллиард доллардан ашты. Америкалык компаниялардын Түркиядагы инвестициясы 14,5 миллиард долларды түзөт. Албетте, Американын Түркияга жаткырган инвестициялары мындан да көбөйөт деп үмүттөнөбүз”, – деди.

Комментарий: АКШ башчылыгындагы НАТО аскерий блогу 1949-жылы түзүлгөн болсо, арадан үч жыл өтпөй туруп Түркия ага мүчө болду. Учурда НАТОнун курамында Америкадан кийин эң ири армияга ээ болгон жана ушул кезге чейин НАТОнун курамындагы калкы мусулман болгон бирден-бир мамлекет Түркия.

НАТО уюму алгач башында Советтер Союзунун ВАРШАВА келишимине каршы түзүлгөн, бирок СССР кулагандан кийин Исламга каршы күрөшүү анын негизги милдетине айланганына карабастан, чындыгында Түркия НАТОнун өнүгүшүнө аябай зор салым кошту. Ал тургай, 70 жылдан ашык убакыттан бери анын ыпылас кызыкчылыктарына кызмат кылып келет.

Түркияда АКШ жана НАТОнун 15 аскерий базасы бар болуп, алардын эң чоңу Инжирлик шаарында жайгашкан. Америка Афганистан жана Иракка каршы ыпылас согушунда Инжирлик базасынан ийгиликтүү пайдаланды. Айрыкча, Сирия козголоңуна каршы Инжирлик базасынан көтөрүлгөн АКШ учактары «терроризм»ге каршы күрөшүү маскасы артында Сирия калкын кыргын кылды.

Ушундай болгон соң, Эрдогандын “НАТОго ишенимдүү кызмат кылып жатабыз” деп мактанышы чындыгында шерменделик болуп эсептелет. Аллах Субханаху кафирлерди дос туткан кимселер – мейли алар өздөрүн мусулманбыз деп эсептешсе да – кафирлерден айырмасы жоктугун айтып, мындай дейт:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ لاَ تَتَّخِذُواْ الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى أَوْلِيَاء بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاء بَعْضٍ وَمَن يَتَوَلَّهُم مِّنكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ إِنَّ اللّهَ لاَ يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ‏

«Эй момундар, жөөттөр менен насранийлерди дос тутпагыла! Алардын кээ бирлери кээ бирлерине дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте Аллах заалим коомду туура жолго баштабайт.» [5:51]

Демек, Ислам үммөтү өзүн кимдер башкарып жатканына олуттуу көңүл бурушу керек. Антпесе, куфрга малай болгон бул жетекчилер үммөттү кыйроону көздөй жетектеп бара берет.

Зохид Заргар

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here