Хизб-ут-Тахрирдин Халифалык тикеленгенден кийинки вакыйы

5523
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Хизб-ут-Тахрир амири, атактуу аалым Ато бин Халил Абу Роштанын Фейсбук баракчасындагы фикхий суроо-жооптор тизмеси

(Мунтер Абу Убайдага)

Хизб-ут-Тахрирдин Халифалык тикеленгенден кийинки вакыйы

Суроо:

Ассаламу алайкум рахматуллоохи уа баракаатуху.

Конституциянын 21-беренесинин кириш сөзүндө мындай деп айтылат: Мусулмандар акимдерди тергеп-тескөө үчүн саясий партияларды түзүүгө же Уммат аркылуу бийликке жетүүгө укуктуу. Суроо туулат: эгерде бийликке келген партиянын партиялык саясий программасы болсо, аны азыркы мамлекеттердеги партиялардай ишке ашыра береби? Ошондой эле, Хизбдин амири үчүн – биздин партия сыяктуу – Хизбдин жетекчили менен халифа мансабын бир убакта айкалыштырып алып кетүүсү туурабы? Эгер, туура болсо, бир эле убакта  халифа  жана хизбдин амири анын жетекчилигиндеги Хизбге кандайча отчет берет?

Амирибиз сизге Аллах ыраазы болсун, жакшы иштерди кылууга Аллах көмөктөш болсун.

Жооб:

Алайкуму ассалам рахматуллоохи уа баракаатуху

Бул тема боюнча биз бирден ашык жооп бердик: 14.08.1967 жана 26.12.2014. Алар жетиштүү деталдарды камтыйт, андыктан ага кайрылыңыз.

Ал эми, кыскача айтканда төмөнкүдөй:

  • Хизб-ут-Тахрирдин бийликти колго алуусу дүйнөдөгү азыркы партиялардын бийликти колго алуусу сыяктуу эмес. Бийликке жете турган нерсе – бул партиянын мүчөлөрү эмес, деталдуу түрдө кабыл алган партия негизделген фикрат (идея). Партия өз мүчөлөрүн бийликке алып келүү үчүн эмес, өз идеясын (фикратын) бийликке жеткирүү үчүн иштейт…
  • Бирок, Хизбдин фикратын (идеясын) башка адамдар жакшы ишке ашыра албагандыктан, аны кабыл алып, аны менен жашагандар гана жакшы ишке ашыра алгандыгы үчүн Халифа Хизбден, жардамчылары Хизбден, Жихад амири Хизбден болушу керек.. Фикратты турмушка ашыруу жана анын туура ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик аппараттын бул үч бөлүгү партиядан болууга тийиш. Башка жетекчи органдарга келсек, алар партиядан болушу мүмкүн, же жөндөмүнө, компетенциясына жараша партиядан болбошу да мүмкүн…
  • Партиянын фикраты бийликке келиши партиянын бийликке келиши экендигинен тышкары, партия жигиттерди элдин мойнуна минип алуудан кайтарат. Бул үчүн өтө этияттыкты талап кылат. Умар ибн аль-Хаттабдан риваят кылынат: «Ал Шура Кеңешинин адамдарын б.а. халифа боло турган алты кишини тандаганда, Алиге келип: “Эй Абул Хасан, сага (бийликти) беришсе Бани Хашимди элдин мойнуна салба”, Усманга барып: “Эй Усман, эгер аны (бийликти) сага беришсе, бану Умаяны элди мингизүүдөн сактан”, – деди». Эгер, халифа Хизб-ут-Тахрирден болсо, Али үчүн Бани Хашим, Усман үчүн Бани Умайя кандай болсо, ал үчүн да Хизбдин жигиттери ошондой болот, ошондуктан аларды элге жүк кылышы туура эмес.
  • Хизб бийликке келгенде акимди тергеп-тескөөсүнө келсек, анын жообу: Партия төрт вазыйпаны аткарат: (борборлоштурулган жана жамааттык түрдө) сакофаттандыруу; жалган жана бузгунчу пикирлерди жокко чыгарып, туура пикирлерди берүү жагынан пикирий күрөш алып баруу. Бул эки иш тергеп-тескөө иши эмес, тескерисинче, алар партиянын сакофий жана пикирий иши, ошондуктан бул иштерди партия бийликке чейин да, андан кийин да улантат, анткени бул эки ишке партиянын бийликти колго алуусу таасир кылбайт…

Ал эми, үчүнчү иш – айла-амалдарды, пландарды ачыкка чыгаруу. Эми, бул партиянын иши эмес, анткени партиянын бийликте болушу колониялык пландарды ачыкка чыгаруу маселесин жоёт, тескерисинче, аны мамлекеттик органдар аткарып калат.

Төртүнчү, кызыкчылыктарды кабыл алууда акимдерди тергеп-тескей турган иш калат. Муну хизб бийликке келгенге чейин  эле вилаят комиттетери кылгандай эле улантат. Вилаят комитеттери – хизб бийликке келгенге чейин эле – партиялык жетекчиликти (амирди жана анын кеңсесин) тергеп-тескөө укугуна ээ болгон. Вилаят комитети хизб бийликте турганда да бул ыйгарым укугун –партиялык жетекчиликти тергеп тескөөсүн – улантат. Бирок, акимдерди – Уммат кызыкчылыгын шарият негизинде кабыл алуусун жана Умматка кайрымдуулук жана устаттык менен кароосун – тергеп-тескеп турууну улантат.

Бул жетиштүү болот деп үмүт кылабыз. Аллах – Билүүчү жана Даанышман.

Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рошта                                      

1-робиул аввал, 1445-х.

19-сентябрь, 2023-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here