Аракет ырыскыга себеп эмес

4793
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Хизб-ут-Тахрир амири, атактуу аалым Ата бин Халил Абу Роштанын Фейсбук баракчасындагы фикхий суроо-жооптор тизмеси

(Мухаммад Аль-Хатибге)

Аракет ырыскыга себеп эмес

Суроо:

Уруксатыңыз менен, ырыскы тууралуу сурайын дедим эле, аракет кылуу жазылган ырыскыны көбөйтөбү? Башкача айтканда, үйдө отурган адам иштегендей эле, ырыскыга ээ дегенди билдиреби? Же башка жол  менен айтканда, реклама кылуу же жумушту илгерилетүү тагдырга жазылган ырыскыны көбөйтөбү? Рахмат. Мүмкүн болсо, тезирээк жооп берип коюуңузду өтүнөм. Аллах сизди Өз коргоосуна алып өмүрүңүздү узун кылсын.

Жооб:

Алайкуму ассалам рахматуллоохи уа баркаатуху.

Сизде ырыскы менен аракет кылуу маселесинде бүдөмүк бар окшойт. Бирок, бул маселе, айрыкча китепчеде түшүндүрүлгөн жана ал жерден толугу менен карасаңыз болот, бирок мен сиз үчүн анын айрымдарын кыскача айтып берейин:

Ырыскы маселесине келсек, Куранга ишенген адам үчүн катий көптөгөн аяттар ырыскы Аллахтын колунда жана Ал аны кимге кааласа берет деп ишенүүдөн башка орун калтырбайт. Ырыскы маселеси тагдыр маселеси эмес, тагдыр – ал нерсе боло электе баланча бир нерсе кыларын Аллах билет, ошондуктан ал жазылган жана тагдырланган. Ал эми, ырыскыга келсек, Аллах баланча ырыскылынарын билет, ошондуктан ал жазылган жана тагдырланган гана эмес, ага кошумча б.а. ырыскы тагдырлангандан тышкары Аллах гана ырыскы берүүчү, адам эмес. Аяттар мына ушуга ишарат кылат:

﴿لَا نَسْأَلُكَ رِزْقاً نَّحْنُ نَرْزُقُكَ وَالْعَاقِبَةُ لِلتَّقْوَى﴾

«Биз сенден ырыскы сурабайбыз, Өзүбүз сага ырыскы беребиз, акыбет такыба үчүн». [Тоха:132]

﴿وَكُلُواْ مِمَّا رَزَقَكُمُ اللهُ حَلاَلاً طَيِّباً وَاتَّقُواْ اللهَ الَّذِيَ أَنتُم بِهِ مُؤْمِنُونَ﴾

«Аллах силерге ырыскы кылып берген нерселерден адал жана таза жегиле жана силер ыйман келтирген Аллахтан корккула» [Маида:88]

Бул аяттар Аллахтын ырыскы берүүчү экенине, кимге кааласа ырыскы берерине жана кимге кааласа ырыскысын кенен кылуучу жана кимге кааласа тар кылуучу экенине ачык так катий ишарат кылууда. Аяттардын баарында ырыскы Аллахка гана таандык кылынган жана аларда Андан башка ырыскы берүүчү жок экени. Ырыскы берүүчү жалгыз гана Аллах экени ачык баяндалган.

Ырыскынын Аллахка таандык болуусу акыйкат. Буга кошумча эч бир аят хадисте ырыскыны адамга таандык кылып келген эмес. Балким, баардык насстар ырыскыны Аллахка гана таандык кылып келген. Ал эми, инсандын башка бирөөлөргө берген ырыскы тууралуу кабар берилгенине келсек, мунун мааниси: чыныгы ырыскы эмес, аларга мал-жандык берүү. Мисалы, Аллах Таала айтты:

﴿وَلاَ تُؤْتُواْ السُّفَهَاء أَمْوَالَكُمُ الَّتِي جَعَلَ اللهُ لَكُمْ قِيَاماً وَارْزُقُوهُمْ فِيهَا وَاكْسُوهُمْ﴾

«Аллах силерге турмуш керектөөсү кылып койгон мал-мүлкүңөрдү акылсыздарга бербегиле, андан аларга ырыскы бергиле жана кийиндиргиле». [Ниса:5]

﴿وَإِذَا حَضَرَ الْقِسْمَةَ أُوْلُواْ الْقُرْبَى وَالْيَتَامَى وَالْمَسَاكِينُ فَارْزُقُوهُم مِّنْهُ﴾

«Мурас бөлүштүрүүдө алыс туугандар, жетим жана бей-бечаралар келсе, аларга да ошол мурастан ырыскы бергиле». [Ниса:8]

Биринчи аяттын мааниси: «Аларга тамак бергиле», экинчи аятта: «Силерге келген ушул ырыскыдан аларга бергиле» дегени, аларга келген ырыскыдан берүүнү буйруйт. Адамдарга ырыскы берүүнү таандык кылуу эмес. Ырыскы берүү сыпатын Аллах Тааладан башкага таандык кылуу маанисинде айтылган эмес, ошондуктан аяттарда мындай деп айтылат:

﴿نَّحْنُ نَرْزُقُكُمْ﴾

“Биз силерди ырыскыландырабыз”. [Анъам:159]

﴿وَرِزْقُ رَبِّكَ﴾

«Роббиңдин ырыскысы». [Тоха:131]

﴿كُلُواْ وَاشْرَبُواْ مِن رِّزْقِ اللهِ﴾

«Аллахтын ырыскысынан ичип-жегиле». [Бакара:60]

Булардын баарында ырыскы Аллахка таандык кылынып, Ага сыпат кылынат. Бул тафсирди таъвилди (чечмелөөнү) кабыл албаган маанини берет. Бул – Аллах гана ырыскы берүүчү, ырыскы Аллахтын колунда деген маанини берет.

Ушуга таянып, жаратылгандардын ырыскысын берүүчү бир гана Аллах экенине ишенүү важиб. Себеби, далилдин субуту да так, катий, далалаты да так, катий. Ошондуктан, ага ишенүү важиб, ага ишенбөө куфр, ким Аллахтын ырыскы берүүчү экенине ишенбесе, кафир болот, Аллах андан сактасын.

Бул ыйман жагынан да, далил жагынан да ырыскы маселеси.

Бирок, Аллах Таала ырыскы берүүчү экенине ишенүүнү буйругандан тышкары, адамга бул ырыскыга жетүүгө аракет кылууну буйруган. Аллах Таала айтты:

﴿هُوَ الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ ذَلُولاً فَامْشُوا فِي مَنَاكِبِهَا وَكُلُوا مِن رِّزْقِهِ﴾

«Ал силерге жерди моюн сундурду, анын жолдору менен жүргүлө жана Анын ырыскысынан жегиле». [Мулк:15]

﴿فَإِذَا قُضِيَتِ الصَّلَاةُ فَانتَشِرُوا فِي الْأَرْضِ وَابْتَغُوا مِن فَضْلِ اللهِ﴾

«Намаз бүткөндөн кийин жер жүзүнө жайылып, Аллахтын фазилетин (ырыскысын) издегиле». [Жума:10]

Бул эки аятта ырыскы издөөгө аракет кылууну буйруган. Ырыскыга умтулууну буйруган бул эки аят  Аллахтын ырыскы берүүчү экенин билдирген аяттар менен жамдаштырылса, анда Аллахтын ырыскы берүүчү экендигинин мааниси ачык болуп, Аллахтын ырыскы берүүчү экенине ишенүүнүн маанисин түшүндүрөт. Биринчи аяттардын баары Аллахтын ырыскы берүүчү экенин б.а. ырыскы берүүчү адам эмес экенин тастыктайт. Кийинки бул эки аят Аллахтын ырыскысын алуу үчүн иштөөнү буйруйт…

Ырыскыга жетүү үчүн аракет кылуу – бул ырыскынын келүүсүнө себеп эмес. Анткени, себеп (сабаб) сөзсүз түрдө (мусабаб) натыйжа жаратат. Натыйжа себебинен гана пайда болот. Бычак кесүүгө себеп болот.  Анткени, ал кесе турган нерсе. Бычаксыз б.а. курч аспапсыз кесүү пайда болбойт. Күйүүгө от себеп болот. Отсуз күйүү пайда болбойт, башкача айтканда күйүүчү затсыз болбойт. Ушулар себеп. Эгер, ырыскыга умтулуу да ушундай болсо, анда ал ырыскыга себеп болмок. Бычак кесип, от күйгүзгөндөй, ырыскыга умтулуу да сөзүз түрдө  ырыскы алып келүүчү болмок. Бирок, ырыскы издөөгө умтулуунун вакыйы андай эмес, б.а. кесүүгө бычак, күйүүгө от себеб болгону сыяктуу эмес. Анткени, ырыскы издөөгө аракет  болуп, бирок ырыскы келбей калышы мүмкүн. Ырыскыны издөө үчүн эч кандай аракет кылбай эле ырыскы келип калуусу да мүмкүн. Башкача айтканда, себеп болуп натыйжасы жок, же себеби жок эле натыйжа болушу мүмкүн. Балким, эч кандай себеби жок эле да болушу мүмкүн.  Бул – аракет кылуу ырыскынын келүүсүнө себеп эмес экенине так катий далалат кылып турат.

Реалдуу жашоодо мунун мисалдары көп жана кенен. Пайда издеген соодагер анын соодасынын натыйжасы зыян же пайдасыз болгону сыяктуу. Ал аракет кылды, бирок ырыскыга жетпеди б.а. себепти тапты, бирок натыйжа чыкпады. Натыйжа чыгарбаса бул себеп эмес. Анткени, себеп сөзсүз түрдө натыйжа берет…

Ошондой эле, байлыктын мураскери ырыскысын издебестен байлыкка ээ болгон. Эгер, аракет кылуу ырыскы келүүгө себеб болгондо аракетсиз ырыскы келбейт болчу. Анткени, натыйжа (мусабаб) сөзсүз түрө себебинен (сабабынан) гана пайда болот. Себепсиз натыйжа келип чыкпайт. Аракет кылбай, мурас аркылуу байлыка ээ болуу, аракет кылуу ырыскыга себеп болбогонуна далил. Анткени, ырыскыга аракетсиз эле ээ болду…

Булардын баары ырыскыга умтулуу ырыскыга себеп эмес экенин так катий далилдейт. Тактап айтканда, ал ырыскы алып келүүгө себеб эмес, анткени ал кескен бычактай же күйгүзгөн оттой себеб эмес. Ошондуктан, аракет кылуу ырыскы алып келүүгө себеб болбойт, анткени ал анын себеби эмес…

Демек, ырыскы берүүчү –  Аллах Таала, бул  ыймандын бир бөлүгү. Бирок, ага жетүүгө аракет кылуу – бул шаръий өкүм. Аракет кылсаң, Аллах сага жазган ырыскысын аласың жана ырыскы издегендин сообун аласың. Эгер, издебесең  да  Аллах сага жазган ырыскысын аласың, бирок Аллах буйругандай издебегениң үчүн шарият өкүмүн бузган болосуң.

Бул  жетиштүү, иншааллах.. Мен сизге жогоруда айтып өткөнүмдөй, теманын баары китепчеде айтылган, андыктан кандайдыр бир нерседен бүдөмүк болсо, китепчеге кайрылсаңыз болот, ал жетиштүү. Аллах сиз менен.

Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рошта                                               

  27-сафар, 1445-х.

12-сентябрь, 2023-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here