Кытай Өзбекстанга 190 миллион доллар берет

7383
0

Кытай Өзбекстанга 190 миллион доллар берет

Кытай өкмөтү Өзбекстанга социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн “кайтарымсыз”  190 миллион доллар берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Өзбекстандын инвестициялар, өнөржай жана соода министринин орун басары Сарвар Хамидов Кытайдын Эл аралык кызматташтык агенттигинин башчысынын орун басары Дан Босин менен жолугушкандан кийин кабарланды.

Жолугушуу учурунда Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттары эсебинен пландаштырылган долбоорлорду ишке ашыруу жараяны каралганы жана эки тараптуу финансылык-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги талкууланганы айтылууда. О.э. Кытай тарап Өзбекстанда акыркы жылдарда ишке ашырылган реформаларды жогору баалады жана маанилүү социалдык долбоорлорду ишке ашырууда кызматташтыкты мындан ары күчөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында артыкчылыктуу гранттык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документте айыл жана суу чарбасы, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана институционалдык өнүгүү тармактарында жалпы баасы 190 миллион доллардан ашык болгон 14 долбоорду ишке ашыруу камтылган.

 Комментарий: Кытайдын Орто Азияга карата ишке ашырып жаткан саясатына тиешелүү ушул кабар тараган күнү “Азаттык радиосу” “The Diplomat” сайтына таянып, америкалык сенаторлор АКШ Орто Азияга көбүрөөк көңүл бурушу керектигин жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен мамилени күчөтүүгө умтулуп жатканын кабарлады.

Чындыгында, Орто Азияны өзүнүн менчиги катары көргөн Россия Украина баткагына батып барган сайын, бир тараптан Кытай негизги инвестор катары Орто Азия аймагында кадамын бекемдөөгө аракет кылып жаткан болсо, башка тараптан АКШ башында турган Батыш мамлекеттери дипломатиялык позициясын бекемдөөгө жана Кытай экспансиясына каршылык көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Т.а. Россия азыркы экономикалык абалында Орто Азия мамлекеттерине карыз, кредит, грант көрүнүшүндө экономикалык жардам бере албай жатканы себептүү, Орто Азия колонизаторлор АКШ жана Кытайдын ортосунда кызуу күрөш майданына айланып бара жатат.

АКШ да, Кытай да колонизатор мамлекеттер. Ошондуктан, бул мамлекеттер өздөрүнчө камкордук кылгандай көрүнүүгө аракет кылып жатканы менен, негизи булар үчүнчү дүйнө мамлекеттерине колонизатордук көзү менен карашат. Мисалы, Кытай Орто Азия мамлекеттерине “кайтарымсыз” карыз берүү аркылуу о.э. “Улуу Жибек жолу” долбоорун ишке ашыруу шылтоосунда экономикалык экспансиясын кеңейтип бараууда. Ал ушул кезге чейин аймактагы мамлекеттер менен негизинен экономикалык кызматташтыкка көңүл буруп келе жаткан болсо, быйыл 18-майда “Кытай Орто Азия” саммитин уюштуруп аймактагы саясий кадамын баштады. Аталган саммит АКШнинг “С5+1” форматына альтернатива катары уюштурулуп, бул мамлекеттер Батышка жүздөнүшүнүн алдын алууга каратылды. 

АКШнын максаты болсо, аймактагы кен байлыктарды Афганистан аркылуу дүйнөлүк базарларга алып чыгууга жол ачуу. Эгер АКШнын бул долбоору ишке ашса, ал бүтүндөй аймакты Россия менен Кытайдын экономикалык таасиринен куткара алат. Ошол себептен улам бул долбоор АКШ үчүн экономикалык жана саясий жактан пайда алып келе турган маанилүү долбоор болуп эсептелет.

Тыянактап айтканда, Россиянын Украина менен алаксып калышынан пайдаланып жаткан АКШ жана Кытай кен байлыктары мол аймакта таасирин бекемдеп алууга умтулуп жатышат. Алардын ар бири, кудум Россия сыяктуу эле, өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу  үчүн ар кандай жамандыкка даяр турушат. Бул колонизатор кафир мамлекеттер Орто Азияга жакшылык алып келүү үчүн эмес, тескерисинче жамандык жана зыян алып келүү үчүн күрөшүп жатышат. Өкүнүчтүүсү, биздин жетекчилерибиз өз бийлигин сактап калуу үчүн өлкөнүн байлыгы жана келечегине кыянаттык кылып, алар менен кызматташууну улантууда.

 Абдурахман Адилов

  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here