Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштүн себеп жана акыбеттери

5979
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Cуроо-жооп

Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштүн себеп жана акыбеттери

 Суроо:

2023-жылы 13-август күнү Нигердеги аскерий хунтанын жетекчилери “Бийликтен кулатылган президент Мухаммад Базумду «мамлекетке кыянаттык» жана «мамлекеттин коопсуздугуна зыян жеткирүү» айыптары менен кылмыш жоопкерчилигине тартышмакчы экенин билдиришти… Алар “Батыш Африка мамлекеттеринин экономикалык коомчулугу” (ЭКОВАС) тарабынан киргизилген санкцияларды дагы бир ирет каралашты”. (“Ал-Жазира”, 2023-жыл, 14-август). Нигер президенттик гвардиясынын командачысы генерал Абдурахман Чианы 2023-жылы 28-июлда расмий телевидение аркылуу чыгып сүйлөп, ал өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн жетекчиси болуп дайындалганын билдирди. Бул окуя өздөрүн «Мекенди коргоо улуттук кеңеши» деп атаган президенттик гвардиянын аскерлери өлкө башчысы Мухаммад Базумдун кулатылганын билдирип, аны башкы кеңсесинде курчоого алгандан кийин эки күн өтүп болду. Суроо мындай: бул төңкөрүш мамлекеттеги таасирдүү күчтөр ортосундагы карама-каршылыкка байланыштуу ички маселеби же анын артында сырткы күчтөр турабы жана бул амалият эл аралык күрөштүн бир бөлүгүбү? О.э. Базумдун мамлекетке кыянаттык кылууда айыпталганы, бирок, камакка алынбаганы жана чет өлкөнүн расмийлери менен байланышканын кантип түшүнсө болот?

Жооп:

Вакиълик ачык-айкын болушу үчүн ушуларды карап чыгабыз:

Биринчи: төңкөрүштүн себептери жана аны ишке ашыргандар:

  • Полковник Амаду Абдурахман аскерий формадагы тогуз аскер кызматкери менен бирге телевидение аркылуу сүйлөп, мындай деди: «Биз, коргоо жана коопсуздук күчтөрү “Мекенди коргоо улуттук кеңешине” чогулуп, силер билген режимди кулатууну чечтик. Бул, коопсуздукка байланыштуу абалдын начарлоосу, экономикалык жана социалдык тармактардагы канааттандырылбаган башкаруу себептүү болду». Амаду «бардык тышкы шериктештерден аралашпоону» талап кылды жана кечки саат ондон тартып эрте мененки саат бешке чейин – кийинки эскертүүгө чейин – өлкөдө коменданттык саат киргизилген жарыялады…». (“Франс Пресс”, 2023-жыл, 26-июль).
  • Эртеси күнү – биринчи күнү колдоого барбаган – армия төңкөрүштү колдоп-кубатташын билдирди… 2023-жылы 27-июлда расмий француз “France 24” баракчасы Нигер армиясы президент Мухаммад Базумду кулаткан коргоо жана коопсуздук күчтөрүнө колдорун билдирген билдирүүдөн цитата келтирди. Анда «куралдуу күчтөрдүн катарында ички согуш жаралышын алдын алуу үчүн» ушундай кылынганы айтылат… Армиянын башкы штаб башчысы Абдух Сиддик Иса тарабынан кол коюлган билдирүүдө аскерийлер Базумдун режимин кулатуу жөнүндөгү жарыяны колдоп-кубатташканы айтылат». Чамасы, бир күн чечкиндүү кадамга барбаган армия комадачылыгы төңкөрүштү токтото албастыгын билгенден кийин аны колдоп-кубаттаган көрүнөт.
  • 2023-жылы 29-июлда “Хурра” агенттиги жазышынча: «Чиани мурунку президент Мухаммад Юсуфуга берилген адам болгон. Юсуфу 2011-2021-жылдардагы эки жолку президенттик мөөнөтү учурунда Чианини президенттик гвардиянын командачысы кылып дайындаган». Франциянын Африка маселелерине багытталган “Jeune Afrique” журналы ушул кабарды жарыялады: «Өлкө президенти Мухаммад Юсуфу президенттик гвардияга абдан көңүл бурган. Ушул себептен улам, президент ага мамлекеттик төңкөрүштөрдү алдын алуу үчүн бардык укук жана мүмкүнчүлүктөрдү берген». Журнал минтип кошумчалайт: «Генерал Чиани жөнүндө ал ырайымсыз адам болгону, армия андан коркуп турары айтылат». Мындан белгилүү болгондой, мурунку президент Юсуфу армиядан корккон. Себеби, армия Франциянын тарапкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп келген. Нигерге жасалма эгемендүүлүк бергенден тартып армияны түзгөн да Франция болот. Негизи, Юсуфуга каршы 2015-жылы ийгиликсиз төңкөрүш жасалып, анын артында армиядагы франциячыл күчтөрдүн тургандыгы ыктымалдан алыс эмес. Ошондуктан, Юсуфу Абдурахман Чианинин наамын жогорулатып, түрдүү себептер менен Франция малайлары тарабынан ишке ашырыла турган төңкөрүштөрдөн коргошу үчүн анын күч-кубатын бекемдеди.
  • Нигер 1960-жылы Франциядан формалдуу түрдө эгемендүүлүк алгандан жарыялагандан тартып өлкөдө төрт ийгиликтүү мамлекеттик төңкөрүш жана бир нече ийгиликсиз аракеттер болду. Ушул акыркы төңкөрүштөн мурунку ийгиликтүү мамлекеттик төңкөрүш 2010-жылы аскерийлер тарабынан Франция малайы президент Мухаммад Танжага каршы жасалган. Ошондо аскерийлер «Демократияны тикелөө боюнча Жогорку Кеңеш» түзүлгөнүн билдирип, борбор Ниамейдеги колдоп-кубаттоо бөлүмүнүн командачысы Салу Жибону кеңештин төрагасы кылып дайындашкан. Биз ошол мамлекеттик төңкөрүш туурасында 2010-жылы 20-февралдагы суроо-жооп баракчабызда мындай дегенбиз: «Америка тарабынан берилген ушул билдирүүлөрдө президенттик мөөнөттүн узартылганына ишара кылынышы чыныгы жоопкерчиликти президентке жүктөө жана ыңкылапты актоо үчүн болгон. О.э. АКШ мамлекет департаментинин басма сөз өкүлү да президентти өкмөткө кайтарууга жана аны менен ыңкылапчылар ортосунда диалог өткөрүүгө чакырган жок. Тескерисинче, жаңы шайлоолорду өткөрүүгө жана жаңы өкмөт түзүүгө чакырды. Булардын бардыгы мамлекеттик төңкөрүштүн артында Америка турганын тастыктайт… Бирок, Франциянын бардык түрдөгү таасири ал жерде сакталып кала берет. Франциянын ядролук кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн ал жерде дагы эле 1500гө жакын франциялык жашап келет. Анткени, бул мамлекет уран өндүрүү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Ошондуктан, Нигер башка Африка өлкөлөрү сыяктуу, америкалыктар өкүмдар болуп алып, ал жерден Франциянын таасирин чыгаруу үчүн ач көздүк менен көз салып жаткан өлкө болуп турат. Африка мамлекеттеринин көпчүлүгү исламий өлкөлөр болуп, көптөгөн табигый ресурстарга бай. Бул өлкөлөр бардык түрдөгү сырьё жана энергия булактарына ээ. Ушул себептен улам, Европа жана Америка сыяктуу ач көз колонизатор Батыш мамлекеттеринин күрөш майданы болуп келет».
  • Ошол мамлекеттик төңкөрүштөн көп өтпөстөн, бир нече айдан кийин 2011-жылы Американын талаптары негизинде шайлоо өткөрүлдү. Анда Нигердин Демократия жана Социализм партиясынын төрагасы Мухаммад Юсуфу жеңип чыгып, 2011-жылы 7-апрелден тарта расмий түрдө өлкө президентине айланды. Андан кийин Юсуфу партиянын төрагалыгынан кетип, төрагалыкты Мухаммад Базум өз мойнуна алды. Базум Юсуфу менен биргеликте 1990-жылдан бери ушул партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири жана Юсуфунун жакын досу болуп эсептелет. Юсуфу аны тышкы иштер министри кылып дайындаган болсо, 2015-жылы республика президентинин алдындагы мамлекет министри кызматына дайындады. Юсуфу экинчи мөөнөткө шайланганда Базум ички иштер, коом коопсуздугу жана борборлоштурууну азайтуу боюнча өлкө министри болуп дайындалды. Юсуфу менен Базум президент Мухаммад Танжанын атаандаштары эле. 2010-жылы 18-августта Мухаммад Танжа аскерий төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кулатылганда Юсуфу менен Базум төңкөрүштү колдорун билдиришкен. Бул нерселер Юсуфу жана Базум америкачыл экенин түшүндүрөт.
  • Мухаммад Юсуфу 2011-2021-жылдары шайлоолор аркылуу эки мөөнөт президенттик кызматын ээлеген доордо Америкага жакындыгын көрсөттү. Ал Америкага Нигерде биринчи 2014-жылы, кийин 2018-жылы эки маанилүү аскерий база курууга уруксат берди. Бул базаларда миңден ашуун америкалык аскерлер жана көптөгөн дрондор жайгаштырылган. 2018-жылы 13-сентябрда “NoonPost” веб-сайтында Нигердеги АКШ базалары жөнүндө которулган макала жарыяланды. Макалада мурунку президент Мухаммад Юсуфунун Гардиан гезитине берген интервьюсунан ушул цитата келтирилген: «Мен чет элдик күчтөр деген аталыштын колдонулушун жактырбайм. Себеби, Америка күчтөрү дос күчтөр. Сыр болбогондой, АКШ күчтөрү биздин талабыбыз менен өлкөбүзгө келишкен, миссиясы бүткөн соң, кайтып кетишет». Ага карабастан, Юсуфу өлкөнүн Франция менен болгон мамилесин жана союздарын сактап калды, француз күчтөрүн чыгарып жиберген жок. Тескерисинче, 2014-жылы терроризмге каршы күрөштү шылтоолоп Франция түзгөн жана жетектеген Жээк мамлекеттеринин коалициясына да кошулду. Көрүнүп тургандай, Юсуфу Нигерден Франциянын таасирин оңойлук менен чыгара албайт. Ошондуктан, терроризмге каршы күрөштүн маскасы астында өлкөгө киргизген Американын таасирин бекемдегенге чейин Франция менен мунаса кылып турду.
  • Мухаммад Базум Мухаммад Юусуфудан кийин анын жардамы менен 2021-жылы 21-февралда президент болуп шайланып, 1-апрелде расмий президенттик кызматты ээлеген соң, Мухаммад Юсуфунин саясатын улантууга убада берди. Анын инаугурациясынан эки күн мурун ага каршы мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракети алдын алынды. Төңкөрүштү алдын алууда президенттик гвардиянын командачысы, Мухаммад Юсуфуга берилген Абдурахман Чиани маанилүү роль ойноду… Базум өлкөдө Американын турушун колдоп-кубаттоону улантты жана аны менен мамилелерди бекемдөөгө аракет кылды. “Арабий21” веб-сайты Американын Нигерде турушу жөнүндө АКШнын “The Intercept” веб-сайтында берилген 2023-жылы 27-июлдагы отчёттон цитата келтирип, Мухаммад Базумдун АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкенге айткан сөзүн ачыктады: «Кошмо Штаттар абзел көрүлгөн вариант болуп калууда жана биз чыныгы натыйжаларга жетишүүгө кудуреттүү экендигибизди ага далилдеп беришибиз керек». Чамасы, Базумдун саясаты да андан мурунку кесиптеши жана досу Юсуфу сыяктуу америкапарастыктан о.э. Франция жана анын өлкөдө турушуна каршы чыкпоодон турат. Анткени, саясий жана аскерий чөйрө өлкөнү алтымыш жыл түздөн-түз колония кылып келген, андан кийин дээрлик алтымыш жыл кыйыр түрдө өз чеңгелинде кармап келген Францияга ыкташат.

Экинчи: жогорудагылардан айкын болгондой, Мухаммад Юсуфу менен Базум америкачыл адамдар болуп саналат. Президенттик гвардиянын командачысы Абдурахман Чиани да Юсуфунун жакын досу. Ушул себептен улам, Юсуфу ага чоң укуктарды берген. Чиани Базумдун инаугурациясынан эки күн мурун ага каршы мамлекеттик төңкөрүштү алдын алууда маанилүү рол ойногон… Бул болсо, үчөөсү тең бир жолдо экенин түшүндүрөт. Анда, эмнеге бул төңкөрүш жүз берди? Окуяларды жана алардын келип чыгышын үйрөнүп чыксак, ушулар айкын болот:

  • Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, президенттик гвардиянын комадачысы Чиани Юсуфунун ишенген жана жакын адамы болуп, Юсуфуну армиядагы Франция малайларынын төңкөрүш операцияларынан коргоочулардын бири эле. Массалык маалымат каражаттары жана “Шаркул Авсат”та аскерий хунтанын жетекчиси Абдурахман Чиани жөнүндө маалыматтар жарыяланды. Кабарда Абдурахман Чиани армия сабына кошулганы жана өлкөдөгү маанилүү вазыйпаларды аткаруудан мурун кээ бир аскерий бөлүмдөргө жетекчилик кылуу үчүн офицердик даражага көтөрүлгөнү, бирок, 2011-жылы мурунку президент Мухаммаду Юсуфу бийликке келгенден кийин бат эле белгилүү болуп, анын ишеничтүү адамына айланганы айтылган. Юсуфунун өкүмдарлык доорунда Чиани аскерий наамдарга тез көтөрүлүп, аскерий мекемедеги адаттагы баскычтарды басып өтпөй генералдык наамга ээ болду… Юсуфу аны 2015-жылы, айрыкча, ага каршы төңкөрүш жасоо аракетинен кийин президенттик гвардиянын командачысы кылып дайындады. Ушул гвардия президентти коргоого жооптуу болгон тандалган бөлүк болуп эсептелет.
  • Мухаммад Базум бийликке келеринен эки күн мурун, расмий түрдө өлкө президенти болуп дайындалып, конституциялык ант беришинен мурун 2021-жылы ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине учурады… Бул нерсе аны президенттик гвардияда кеңири көлөмдүү өзгөрүүлөрдү киргизүүгө үндөдү. Бирок, бийликти түздөн-түз тапшырган Юсуфунун сунушуна ылайык генерал Чианини гвардия жетекчилигинде калтырды. Юсуфу бийликтен кетсе да Базум менен жакын алакада болуп келди. О.э. ал өкүмдар партиядагы биринчи сөз ээси деп этибар кылынган. Ушул себептен улам, ал өз уулун энергетика жана кен министри кылып алып келди.
  • Булактарда айтылгандай, Базумга жакын адамдар аны Чиани туурасында эскертип, өз бийлигин бекемдөө үчүн аны президенттик гвардиянын командачылыгынан четтетүүнү кеңеш кылышкан. Бирок, Базум өз досу Юсуфунун сунушуна ылайык, аны командачылыкта сактап калган. Бирок, акыркы кездерде социалдык тармактардагы саясий активисттер Базум Чианини кызматтан бошотуп, аскерий мекемеде жана президент гвардиянын жетекчилигинде реформаларды жүргүзүүнү пландап жатканын билдиришти. Ал мурунку президент Юсуфунун уулун энергетика жана кен министрлигинен бошотмокчу экени да айтылды. Булардын бардыгы аны менен мурунку президенттин ортосундагы мамилелер солгундап кетишине себеп болду… Туурасы, Юсуфу менен анын жакын досу Чианинин тынчсызданышына алып келди. Андан кийин эл арасында Базумдун аброю түшүп кетти. Базум өлкөнүн жарымын түзгөн Хауса уруусунан эмес, балким, теги арабдарга барып такалганы үчүн өкүмдар партиянын бир катар лидерлери анын көтөрүлүшүнө тынчсыздана башташты. Анын борбордо аз добуш алгандыгы жана президент болгондон кийин эки күн өтүп ага каршы төңкөрүш жасалганы муну көрсөтүп турат. Базумду башка улуттун өкүлдөрү да, армиядагы айрым аскерийлер да жакшы тосуп алышпаган.
  • Ошентип, генерал Абдурахман Чиани мурунку президент Юсуфу доорунда президенттик гвардиянын командачысы болуп дайындалган, бирок, учурдагы президент аны кызматтан четтетүү жөнүндө ойлоп жаткан… “Ал-Жазира” өзүнүн веб-сайтында 2023-жылы 28-июлда “Медиапарт” отчётунан мындай цитата келтирди: «Генерал Абдурахман Чиани мурунку президент Мухаммаду Юсуфу доорунда президенттик гвардиянын командачысы болгон. Бирок, учурдагы президент аны алмаштыруу жөнүндө ойлоп жаткан. Нигердеги аскерий эксперттер арасында Чиани мурунку президенттин эң ири ишеничтүү адамы катары таанылган. Саясий эксперт Муса Аксар сайтыбызга билдиришинче, бардык нерсе Мухаммад Юсуфу бийликке кайтууну каалап жатканынан кабар берет… Юсуфу нефтини көзөмөлдөөнү каалайт жана бир нече компанияларда көптөгөн үлүштөргө ээ. Бул жөнүндө мурунку президенттин доорунда Нигер коргоо министрлигинде уурулук жасалганын көрсөткөн тергөө отчётторунда айтылган». Бул сөздөр мамлекеттик төңкөрүш ички себептерге байланыштуу экенин, мунун негизги себепчиси ички тарап экендигин көрсөтүүдө. Ошондуктан, мамлекеттик төңкөрүш жасалганда АКШ, Франция, Европа Союзу, Британия, Россия жана регионалдык күчтөр төңкөрүштү каралаган күчтүү реакция билдиришти… Кудум төңкөрүш баары үчүн капыстан болгондой болду!
  • Ошентип, Америка жана Бириккен Улуттар Уюму төңкөрүштү каралады… Франция жана Европа Союзу каралады… ЭКОВАС мамлекеттери каралады… Ал тургай, Нигерде эч кандай таасирге ээ болбогон Британия да каралады! Кала берсе, Нигерге эч кандай алакасы болбогон жана ал жерде “Вагнер” күчтөрү жок болгон Россия да каралады. Россия Нигердеги демонстрацияларда анын байрагы көтөрүлгөндүгү адаштыруу экенин түшүнбөдү! Ак үйдүн маалымат өкүлү Карин Жан-Пьер мындай деди: «Кошмо Штаттар Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштө Россия же анын жеке аскерий тобу “Вагнердин” катышуусу жөнүндө ишеничтүү белгилерди көрбөй жатат», – деди… (“Рейтер”, 2023-жыл, 27-июль).

Үчүнчү: корутунду:

  • Чоң ыктымалга ылайык, бул төңкөрүш ички себептерге ылайык т.а. бир тарапта Юсуфу менен Чианиден, экинчи тарапта Базумдан турган Америка малайлары ортосундагы күрөш же кагылышуу негизинде жүз берди. Юсуфу менен Чиани Базум президенттик гвардиянын командачысын жана Юсуфунун уулун кызматтан бошотуу ниетинде экенин билишкенде ушул төңкөрүштү уюштурушту. Бирок, алар сүйлөшүү жана жооп үчүн орун калтырышты. Себеби, алардын бардыгы Американын малайлары. Кала берсе, Базумду колго алып, камакка алууну кечеңдетишти. Төңкөрүштөн бир нече күн өткөндө – Базум дагы эле өз кеңсесинде болгондо – аны кыянаттыкта айыпташты. Кээде анын мүмкүнчүлүктөрүн чектешсе, кээде дарыгер, дары-дармек жана азык-оокатына уруксат беришти. Ошол эле учурда, Америка жана анын Ниамейдеги элчиси бул проблемадан чыгуу жолун табуу үчүн тартылды… Кандай болсо да, бул төңкөрүш АКШ малайларынын ортосунда калууда.
  • Ушул мамлекеттик төңкөрүштөн эң көп зыян көргөн тарап – бул Франция. Себеби, төңкөрүштү жасагандар америкачылдар. Алар өздөрүнүн төңкөрүшүнө мыйзамдуулук түсүн берүү үчүн Франциянын тынчсызданган жана ачууланган позициясынан пайдаланышты. Адамдар эски колонизаторго, ал өлкөнү эксплуатация кылып, байлыктарын аз болсо да калтырбастан, талап-тоногонуна кыжырданышканы бул малайларга пайдалуу болду. Анткени, 2023-жылы 30-июлда миңдеген адамдар Франция элчилиги алдында демонстрация өткөрүшүп, аны каралаган ураандарды көтөрүп чыгышты.
  • Эми, Америка ал жердеги кризисти башкарууга, аны Франциянын таасирине каршы иштетүү жана өз таасирин бекемдөө үчүн багыттоого аракет кылат. Муну түрдүү жолдор аркылуу ишке ашырышы мүмкүн, мисалы:
    • Мүмкүнчүлүк болсо, Базумду бийликке кайра алып келет, бирок, бул оңой болбошу мүмкүн. Базумду бийликке кайтаруу АКШнын кызыкчылыктарына кызмат кылат. Себеби, ал Франция менен мунаса кылып жаткан болсо да, Америка малайы болуп эсептелет. Негизи, коомдук пикир төңкөрүшкө каршы болуп, мыйзамдуу жол менен шайланганы үчүн Базумду бийликке кайтарууну талап кылууда.
    • Же өткөөл доорду бүтүрүп, жаңы шайлоону өткөрүү үчүн аскерий хунтага басым кылышы мүмкүн. Мурунку президент Юсуфу кайра бийликке кайтуу үчүн өз тарапкерлигин көрсөтүшү ыктымал. Себеби, аскерий хунта анын адамдарынан жана уруусунан болот. Ушул таризде Юсуфу өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн таасирин коргогон о.э. уурлук жана талап-тоноосун жашырган болот. Айрыкча, ал Американын малайы болуп, партиясында да, өлкөнүн жарымын түзгөн урууда да чоң таасирге ээ.
  • Ушул таризде ресурстары менен эң бай мамлекеттердин бири эсептелген бул исламий өлкө эң жакыр мамлекеттердин бири болуп калууда. Буга өкүмдарлардын колонизаторлорго малай экендиктери о.э. кызмат жана элдин мүлкүн тартып алуунун акысына ал же бул колонизаторго кызмат көрсөтүп жатышканы себеп. Алар өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарын, аны азат кылуу жолдорун жана өнүктүрүүнү ойлошпойт. Ал тургай, алар мусулман перзенттери болушса да, ар кандай пикирден кур жалак калышкан. Пикирий төмөндүк жана жахил улутчулдук адашуу себептүү адамдар да түшүнбөй-билбей ушул залимдерди ээрчип жатышат. Бул нерсе тынчтык, коопсуздук же туруктуулукту алып келбейт. Тескерисинче, рошид Халифалык болгон исламий башкаруу гана – Ислам жана мусулмандардын азиздиги, күч-кубаты жана ойгонуу жолу… Айрыкча, Нигер мусулман өлкөсү, калкы да мусулман…

Акыйкат ушул:

﴿فَمَاذَا بَعْدَ الْحَقِّ إِلَّا الضَّلَالُ فَأَنَّى تُصْرَفُونَ﴾

«Чындыктан кийин жалаң гана жолдон адашуу бар. Анан кандай тарапка бурулуп кетүүдөсүңөр?!»                                                                                                          [10:32]                                                                                                     

   28-мухаррам, 1445-м.                                                                            

  15-август, 2023-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here