УКМК элди салттуу эмес диний агымдардан оолак болууга чакырды

6435
0

УКМК элди салттуу эмес диний агымдардан оолак болууга чакырды

Кыргыз республикасынын Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) коомдун радикалдашуусунун алды алуу максатында Кыргызстан калкына кайрылуу жолдоду. УКМК кайрылуусунда элди салттуу Ислам динин карманууга о.э. радикалдык жана салттуу эмес агымдардан алыс болууга чакырды.

О.э. кайрылууда бир катар диний агымдарга ишара кылып, алар Ханафий мазхабынын нормаларына туура келбей тургандыгы айтылды.

“Кыргызстандын айрым жарандары башка мамлекеттерден өлкө үчүн салттуу эмес диний агымдар тууралуу билим алып, мекенине келгенден кийин анын идеологиясын жайылта баштайт. Жыйынтыгында белгилүү ислам аалымдарынын окууларын тааныбаган айрым диний топтор, башка динге ишенгендер пайда болууда…” – деп айтылат кайрылууда.

О.э. УКМК жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы элди сергек болууга жана диний билимди ишенимдүү булактардан, белгилүү диний ишмерлерден алып, диний сабаттуулукту өнүктүрүүгө чакырды.

Комментарий: Учурдагы өкмөттөр – мусулмандарды “салттуу Исламды” карманууга чакыруу жана башка ушул сыяктуу иштери менен – Исламды өздөрү каалагандай калыпка салууну көздөп жатышат. Себеби, алар “Салттуу Ислам” дегенде Исламдын намаз, орозо, ажылык, тасбих жана дубалар, мечиттерде каалаганча итикафта отуруу, Куръан кыраат кылуу жана Аллахты улуулап, такбир-тахлилдерди айтуу жагын гана назарда тутушат. Алар мындай ибадат жана ырасымдардан турган “салттуу Ислам”га чындап эле душмандык кылышпайт. Себеби, алар көздөгөн “салттуу Ислам” мусулмандар үстүнөн Батыш мыйзамдары менен өкүм жүргүзүүгө, учурдагы куфр коомчулугу менен кызматташууга жана аларга окшоп жашоого каршылык кылбайт, тескерисинче, улуттук, жарандык, демократиялык мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошот.

Учурдагы өкмөттөр бул аркылуу Исламды илманийлештирүүнү жана Исламдын саясий жагына тоскоолдук кылууну көздөп жатышат. Алардын максаты, Исламды бийликтен алыс кармоо. Т.а. мындан көздөлгөн максат –  Исламды саясий майдандан алыстатып, аны жеке ибадаттарга жана үй-бүлөлүк турмушка чектеп коюу. Себеби, саясий Ислам аларга мусулмандар үстүнөн Батыш мыйзамдары менен өзү каалагандай өкүм жүргүзүүгө жол бербейт. Ошондуктан да Исламдын саясий жагын көтөрүп чыккан ар кандай киши алардын назарында чыныгы террорчу болуп эсептелет.

Негизи мусулмандарды “салттуу Ислам”га чектөө куфрдун долбоору болуп, учурда дүйнөдөгү бардык мамлекеттер Ислам жана мусулмандарга каршы ушул негизде күрөшүп жатышат. Мисалы, АКШдагы «Никсон борборунун» эл аралык коопсуздук маселелери бөлүмүнүн директору Зейно Баран Америка конгрессине “Исламга каршы күрөштө эң жакшы ыкма катары салттуу муътадил мусулмандарды колдош керектигин” сунуштаган.

 О.э. РФ Мамлекеттик Думасы «салттуу Ислам» алдына кирбеген ар кандай көрүнүштү Кремлге түздөн-түз коркунуч туудура турган фундаменталисттик жана экстремисттик көрүнүш болуп эсептеле турганын ачык жарыялаган. Россиядагы соттор «салттуу Ислам»га тескери болгон ар кандай китеп, басылма, ыр, ураан, видеоматериал, электрондук сайт жана веб баракчага экстремизм тамгасын жабыштырат. РФ президенти Владимир Путиндин өзү да «салттуу Ислам Россия маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү» деп айткан.

Кыргызстанда да көптөгөн жылдардан бери бул жаатта орган кызматкерлери тарабынан пландуу иш-чаралар аткарылууда. Бир топ жылдардан бери атайын калыптандырылып жаткан бул долбоор мусулмандарды салттуу, муътадил жана экстремисттер деп бөлүп-жаруу үчүн ортого ташталууда. Эгер алардын бул долбоорлору ишке аша турган болсо, мамлекеттик органдар чыныгы Исламга даъват кылган мусулмандарды камакка алган кезде калган мусулмандар “өзү ушуну көрүшү керек эле”  деп айта турган болуп калышат.

Ушундай болгон соң, мусулмандар мындай долбоордун курмандыгына айланып калбашы үчүн ар түрдүү саясий айла-амалдарга алданбастан, динин жакшы үйрөнүп, түрдүү топторго бөлүнүүгө себеп боло турган долбоорлорду четке кагышы керек. Бул болсо, бардык мусулмандардан калыстык менен ыйманий мухитти бекем карманууну талап кылат.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here