Жапаров АКШнын санкция тууралуу билдирүүсүнө жооп берди

1924
0

Жапаров АКШнын санкция тууралуу билдирүүсүнө жооп берди

         Президент Садыр Жапаров Орусияга салынган санкциялар жана АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендестин кайрылуусуна жооп берди. Бул тууралуу маеги «Кабар» агенттигине жарыяланды.

         Анын айтымында, Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок. Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Орусия менен Кытай – өздөрү кошуна өлкөлөр. Орусия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат.

         Жапаров өзүнүн дарегине сенатордон келген кат тууралуу “жөн гана Кыргызстанды кандай болсо дагы бир шылтоо таап, кысым кылып, өздөрү жакка тартуу” деп билдирди. Президент Кыргызстан эгемен мамлекет катары көп векторлуу саясат жүргүзө турганын, Украинадагы согушта башынан бери нейтралдуу позицияны кармап келатканын кошумчалады.

         Буга чейин Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Ал Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырган. Буга кошумча, өлкө автократиянын кооптуу жолуна түшкөнүн эскертип, “Көз карандысыз бардык медиаларга коюлган чектөөлөрдү алып, абакта жаткандарды бошотуп, эркин чогулуу укугуна коюлган чектөөлөрдү жокко чыгарууга чакырам”, – деп билдирген.

         Өткөн айда АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган. Ага чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.

        Белгилүү болгондой, өткөн жылы Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода алмашуу мурунку жылга салыштырмалуу 15% өсүп, 40 млрд $дан ашкан. Анын ичинде, Казакстан менен болгон соода алмашуусу 10 пайыз жогорулап, 26 млрд долларга жеткен. Бул өлкө менен болгон соодасы 2021-жылы 30% өскөн. Өзбекстан менен болгон товар алмашуусу 23% өсүп, 9,28 млрд долларга жеткен. Кыргызстан   менен болгон соода 30 пайызга өсүп, 3 миллиард долларды түзгөн. Тажикстан менен болгон товар алмашуу 18 пайыз өсүп, 1,5 млрд доллардан ашкан. Ал эми, Түркмөнстан менен Орусиянын соодасы 1 млрд долларды түздү. Албетте, бул сандар расмий катталган товарлардын көрсөткүчү болуп эсептелет. Ал эми, санкциялык товарлардын негизги бөлүгү жашыруун жана башка товарлардын аты менен өткөрүлөт.

        Мындан улам, Батыш Кыргызстанды Орусия таасиринен алыстатып, Кытайдын таасири кирип келишине каршы аракеттерин күчөтүп барууда. Анткени, учурдагы президент Жапаровдун бийлиги Батыш менен болгон алакасында аралыкты сактоо позициясын карманууда. Мунун каршысында, Кытай бийлигин кожоюн кылып тандап алганы көрүнүүдө. Муну саясий келишимдер менен катар статистикалык маалыматтар да күбөлөп турат. Маселен, Кыргызстандын 2022-жылдагы тышкы соодасы 11,8 миллиард долларды түздү. Тышкы соодада 2022-жылы Кытай биринчи орунга чыгып соода алака 4,1 млрд долларга жетти. Ал эми, Кытайдын статистикасында Кыргызстанга мындан 4 эсе көп товар киргизилгени белгиленген. Кыргызстанды Кытайга байлаган дагы бир фактор мамлекеттин тышкы карызы. Кыргызстандын тышкы карызы 4 жарым млрд долларды түзсө, анын 2млрд га жакыны Кытайга тиешелүү. О.э грант берүү жагынан да Кытай биринчи орунга чыкты жана Кыргызстанга салынган түз инвестициянын 33%ы Кытайга тиешелүү.

         Ал эми, Кыргызстан менен АКШ ортосундагы алакага келсек, Кыргызстан кызматташтык жөнүндө стратегиялык документти 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Андан бери бир нече жолу эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүрсө да, келишимди жаңылоого кадам жасала элек. Мындан улам, АКШ “Орусия Кыргызстан аркылуу санкцияларды айланып өтүп жатат” деген шылтоо менен өлкө бийлигине басым өткөрүүнү күчөтө баштады. Буга кошумча, Батыш башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанды да эл аралык мыйзам жана уюмдар менен чынжырлап алган. Муну Европарламенттин өткөн айдагы резолюциясы жана бийликтин “Азаттык” тууралуу чечими да тастыктап турат.

         Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес. Буга акыркы кездеги саясий окуялар жана Борбор Азия лидерлери менен ири мамлекеттердин ортосундагы алакалар да ишара кылууда. Айрыкча, С5+1 саммиттеринин шылтоосу менен ар бир колонизатор аймакты өз таасири астында кармап калууга аракет кылууда. Демек, санкциялар да мына ушул саясий кызыкчылыктардын алкагында кабыл алынууда. Башкача айтканда, Борбор Азия өлкөлөрү Орусияга жакындоосу күчөсө санкциялар күчөтүлөт. Батыш империалисттери өз малайларынын толук моюн сунуусун каалашкандыктан, басым өткөрүүчү кийинки теманы негиз кылуу менен ишин улантып бара бермекчи.

         Биз мусулмандар пайдага негизделген, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө чейин колонизаторлордун үстүбүздөгү бул сыяктуу өкүмзордугу улана бермекчи. Андыктан, Борбор Азияны эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бул кордуктан куткара турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу үстүбүздөгү зулумдукту токтотууга аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here