Скандинавия өлкөлөрү жана Куръани Каримдин өрттөлүшү Эрдогандын Фарс булуңуна сапары

3607
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроолорго-жооптор

Скандинавия өлкөлөрү жана Куръани Каримдин өрттөлүшү

Эрдогандын Фарс булуңуна сапары

Биринчи суроо: 2023-жылдын 31-июлунда “Ал Жазира” сайтында ушундай кабар чыкты: “Полициянын уруксат берүүсүнүн артынан эки киши Швециянын Стокгольмдогу парламенти астында Курани Каримди өрттөштү. Ислам кызматташтык уюму кезексиз онлайн конференцияга чогулуп, Швеция жана Даниядагы окуяларды айыптады… Ушул жылдын июнь айынын акырында Силван Момика жана Силван Нажм аттуу адамдар Стокгольмдогу башкы мечиттин алдында уюштурган акцияда Куранды тебелеп, өрттөштү”. Бул иш-аракеттер Исламга жана мусулмандарга болгон душмандык себептүү жүз берип жатабы же мындай ыплас иштердин артында саясий себептер барбы?

Жооп: Кафир өлкөлөр, алардын саясатчылары жана чалгын кызматтары Исламга катуу кек сактап, душмандыктарын ар жерде ачыкка чыгарышууда… Бирок, бул кек-душмандыктын өөрчүшү аймактан аймакка өзгөрүп тургандыктан, бир катар деталдуу ачыктоону талап кылат. Бул деталдардан, мусулмандарга каршы жасалган саясий жана чалгындоо амалдарынан кабардар болуу шарт. Алар төмөнкүлөр:

  • Скандинавия өлкөлөрүнүн тарыхына жана саясий менталитетинин калыптанышына таасир кылган эки фактор бар. Биринчиси, алар таза Европа өлкөлөрү. Скандинавия өлкөлөрү Европанын түндүгүндө жайгашкан. Бул аймактагы калктар үчүн 8-11-кылымдардагы “Викингдер” доору алтын доор болуп эсептелип, ушул доордо айланасындагы өлкөлөрдү гана колония кылышкан. Андан кийин Европада ири күчтөр пайда болду жана Британия лидерлик макамга чыкты. Түндүк-батыш Европада Британия, Чыгыш Европада Орусия, Борбордук Европада Германия ири мамлекет катары майданга чыкканда Скандинавия өлкөлөрү киттер алдындагы балыктар сыяктуу болуп калды. Мындан улам, Британиянын Норвегияда, Орусиянын Финляндияда, Германиянын Данияда таасири артты. Скандинавиянын борборунда жайгашкан Швецияга келсек, салыштырмалуу көз карандысыздыгын коргоду жана чоң армияга ээ болду. Ошондуктан, Швеция жогорудагы колонизаторлорго салыштырмалуу түрдө азыраак көз каранды эле. Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында Британия ири мамлекеттердин арасында эң күчтүүсү болгондуктан, анын бардык Скандинавия өлкөлөрүндө эң чоң таасирге ээ болушу табигый эле. Бул, өз кезегинде Орусия менен Германиянын аймактагы таасирин алсыратты.
  • Скандинавия өлкөлөрү географиялык жактан Ислам дүйнөсүнөн алыс жайгашкан. Мындан улам, Усманий мамлекет кулагандан кийин Ислам дүйнөсүн колония кылган жана мусулмандарга согуш ачкан Европа өлкөлөрүнүн катарында болушкан эмес. Бул, Данияны эске албаганда. Ошондуктан, Скандинавия өлкөлөрү Европа өлкөлөрү менен мусулмандар ортосундагы душмандыктан көпчүлүк учурда алыс болушкан. Ошондуктан, ирактык, сириялык, сомалилик мусулмандардын миграциясы бул өлкөлөргө көчөгөн. Айрыкча, Швециянын мусулман качкындарга меймандостук көрсөтүүсү мусулмандар үчүн бул аймакты тандоосуна себеп болду. Бирок, мындай абал көпкө созулган жок. Өзгөчө, мусулмандардын таза жашоо образы Швецияга, Скандинавияга, а түгүл, Европага таасирин тийгизе баштагандан кийин абал өзгөрдү. Анткени, Исламды кабыл алгандардын саны көбөйдү, көптөгөн мечиттер ачылды, халал азык-түлүк дүкөндөрү пайда болуп, а түгүл, “хижаб кийген европалык аялдар” көбөйүп, Ислам баалуулуктары толкун сымал каптап баратты. Бирок, бул көрүнүш аймактагы өлкөлөрдүн мусулмандарга карата сый-урматын күчөткөндүн ордуна душмандык жана кыжырдануусун күчөттү! Швециянын “Социал” деп аталган Социалдык кызматтар башкармалыгы балдарды коргоону шылтоолоп мусулман балдарды үй-бүлөсүнөн тартып алуу сыяктуу жийиркеничтүү иштерди жасады. Андан кийин бул өлкөлөрдө мусулмандарга каршы экстремисттик уюмдардын очоктору түзүлө баштады жана алар Ыйык Куранды өрттөп, Түркия, Ирак, Египет сыяктуу кээ бир мамлекеттердин желектерин өрттөштү! Алгач мусулмандарга каршы кампаниялар жүргүзүлдү. Алардын ичинен эң жийиркеничтүүсү Ислам символдорун акараттаган карикатуралар кампаниясы болду. Мисалы, 2005-жылы Даниядагы гезит мусулмандарды жана Расулулла (с.а.в)ды акаараттаган карикатура жарыялады. Жаман аты менен таанылган Франциянын “Charlie Hebdo” гезити 2006-жылы ушул эле карикатураны кайрадан жарыялады жана мусулмандарды провакация кылды. Андан тышкары, “Исламофобия” деп аталган Исламга каршы ультра оңчул агымдар пайда болду.
  • Швеция жана Даниядагы Курандын нускасы өрттөлгөн Исламга болгон душмандыктын бул акыркы толкунунда эки нерсе байкалды. Биринчиси, Даниядагы ультра оңчул “Hard Line” партиясынын лидери, даниялык саясатчы Расмус Палудандын Куранды өрттөөсү. Ал акциясын алгачкы жолу швед бийлигинин көз алдында Түркиянын Швециядагы элчилиги астында өткөрдү. (22.01.23, Euronews Arabiс). Экинчиси, эң жаман провокацияны теги ирактык экстремист христиан жасады. Ал Курбан айт намазынан мусулмандар чыгып бара жатышканда мечиттин алдында Куранды өрттөрдөн мурун анын барактарын жыртып, бут кийими менен тебелеп, чочконун этин койду. Бул окуядан кийин Швеция менен Данияда сөз эркиндиги шылтоо кылынып арты-артынан Куран өрттөлдү! Бул эки окуя Швеция эмес, швед эместер жасады жана алар Швециянын конституциясындагы боштуктан пайдаланылып жатышат деген түр жаратуу сыяктуу болду. Швеция бул окуяларды айыптагандай туюлса да, бирок конституцияда каралган пикир эркиндигин шылтоо кылып, акцияга тоскоолдук кылбай турганын билдирди…
  • Бул акциялардын өзгөчө Түркияга багытталганын эстен чыгарбоо керек. Алгачкы акция Түркия элчилиги алдында жасалып, Куран менен бирге Түркия байрагы өрттөлдү. Балким, Американын реакциясы бул акциялар эмнени максат кылганын көрсөтүп турат. AКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү басма сөз жыйыны учурунда суроолорго жооп берип жатып мындай деди: “Эки нерсени айтууга уруксат бериңиздер… Бул силер мурун укпаган жаңылык эмес. Диний жазуулар өрттөлүп, акааратталышы урматсыздык жана кейиштүү нерсе. Мыйзамдуу болгондун баары ар дайым жасала берүүнү түшүндүрбөйт. Биз муну ар убак айтып келгенбиз… Ошондуктан, бул маселе тууралуу билдирүү жасоону Швеция өкмөтү менен коопсуздук күчтөрүнө калтырабыз”. Ал сөзүн улап мындай деди: “Бирок, жалпысынан алганда, Швецияны мүмкүн болушунча тезирээк НАТОго кабыл алууга чакырабыз. Бул үчүн Венгрия менен Түркия Швециянын мүчө болуу протоколун кечиктирбестен ратификация кылуусу керек… Швеция өткөн жылы НАТОнун Мадриддеги саммити учурунда Финляндия жана Түркия менен макулдашылган үч тараптуу меморандумдун алкагындагы милдеттемелерин аткарганына ишенебиз…”. (29.06.23, CNN Арабий).
  • Бул окуяларга тереңирек көңүл буруп карасак, Курандын өрттөлүшү менен коштолгон бул кылмыштуу иштер Исламга жана мусулмандарга каршы жасалып келген душмандыктын бир бөлүгү экенин көрөбүз. Муну менен катар Түркияны провакация кылуу менен Швециянын НАТОго мүчө болуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максат кылынган. Балким, бул акцияны пландагандар Түркия акыр-аягы Американын Швецияны НАТОго кошуу талабына моюн сунарын билишет. Америка Швецияны НАТОго кошууну жана бул нерсе – Украина согушу себептүү – Орусия үчүн кезектеги стратегиялык жоготуу болорун көздөп жатат. Түркия президенти Эрдоган бул талапты орундатуу үчүн 11-июлда Литвада өткөн НАТОнун саммитинде Швециянын НАТОго кошулуу маселесин парламентке алып чыгарын билдирди. Тагыраагы, Швециянын НАТОго кошулуусун колдой турганын ачыктады.

Болуп өткөн окуяларда яхудий вужудунун да колу бар экенин көз жаздымда калтырбоо керек:

Биринчиси, Швецияда жашаган жана Куранды өрттөгөн ирактык качкын – бул Моссаддын агенти. Ирандын Чалгын кызматы дүйшөмбү күнү жарыялаган билдирүүдө Швецияда Курани Каримди өрттөгөн Силван Момика (израилдин) Моссады менен байланышы бар экенин тастыктаган маалыматка ээ болгонун айтты… IRNA агенттигинде жарыялаган билдирүүдө мындай делет: “Биздин колубуздагы маалыматтарга ылайык, Момика 2019-жылдан тарта Моссадга кызмат кыла баштаган. Ирак калкына жана Ислам Умматына жасаган кыянаттыгынын акысына Швецияда жашоо укугун алган”. (10.07.23, ал-Aраб ал-Жадид). Ал эми, Куранды өрттөгөн экинчи адам болсо анын досу жана тууганы болгон.

Экинчиси, эки тараптуу жолугушууну ушуга чейин кабыл албай келген Байден менен Нетаняхунун ортосундагы чыңалуу. Яхудий вужуду бул акция аркылуу Швециянын НАТОго кошулуусун үзгүлтүккө учуратуу менен Орусияга жасакерленмекчи болду.

  • Корутундулап айтканда, эл аралык күрөш майданында мусулмандардын баалуулуктары тебелеп-тепселиши абдан аянычтуу! Мусулмандардын жетекчилери менен уюмдары терең уйкуда. Алардын эң жакшысы сокур тыйынга арзыбаган курулай айыптоолор менен алек. Ыйык жана кол тийгис нерселердин акарат кылынышы душманга каршы шайтандын васвасасын унуттуруп койо турган айыгышкан согуш алып барууну важиб кыларын аңдабаган акыл-эстүү адам барбы?! Скандинавия өлкөлөрү сыяктуу алсыз мамлекеттер дагы конституциясын жана мыйзамдарын шылтоо кылып, Ислам Умматынын туйгуларын эске албастан мусулмандардын ыйык Китебин өрттөп жатышы өтө жан кейитерлик… Андыктан, мусулмандар Aллахтын өкүмдөрү менен башкарып, Аллах жолунда жихад кылган жана Аллахтын шариятын татыктуу орунга койгон халифа болгонго чейин душмандардын мындай кылмыштары улана беришин аңдап жетишибиз керек… Ошондо гана бул алсыз өлкөлөр, а түгүл, ири өлкө аталгандардын эч бири мусулмандардын баалуулуктарына зыян жеткирүүгө батына албайт… Халифа кылмышкерди жазалоо менен гана чектелип калбайт! Балким, кылмышкерди коргогон жана өз өлкөсүнө кабыл алган өлкө же өлкөлөрдү да жазалайт.

﴿وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنْقَلَبٍ يَنْقَلِبُونَ﴾

«Залим кимселер болсо жакында кандай акыбетке карап бара жатышкандарын билип алышат»

                                                                                                                               [26:227]

………………………………..

Экинчи суроо: “Emirates Today” 2023-жылдын 25-июлунда өзүнүн веб-сайтында ушул кабарды жарыялады: “Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган өткөн аптада Фарс булуңунун үч өлкөсүнө жасаган сапарын “абдан ийгиликтүү жана жемиштүү” деп мүнөздөдү. Эрдоган дүйшөмбү күнү кечинде телевидение аркылуу сүйлөгөн сөзүндө чоң бизнес делегациясы менен Фарс булуңуна жасаган сапары тышкы саясат жаатында “өтө маанилүү кадам” болгонун белгиледи”.

Белгилүү болгондой, Түркия президенти 2023-жылдын 17-19-июль күндөрү Сауд Арабия, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болгон. Аны 200дөн ашуун ишкер жана маанилүү инсандар коштоп жүрүштү… Фарс булуңундагы өлкөлөр Түркиядан эл аралык саясий мамилелер жагынан айырмаланып турса да, бул сапардын максаты эмне? Же бул сапар экономикалык себептерге байланыштуубу, өзгөчө азыркы түрк экономикасында байкалган инфляцияга байланыштуубу? Рахмат жана ыраазычылык билдиремин.

Жооп: бул суроолордун жообун тактоо үчүн ушуларды карап чыгабыз:

  • 200дөн ашуун ишкерлер жана маанилүү инсандар менен коштолгон бул сапар Түркия экономикалык кризистен жапа чегип турган мезгилде инфляциянын деңгээли рекорддук деңгээлге жетип, түрк лирасы тынымсыз наркын жоготуп жаткан учурда болду. Ошондуктан бул сапарда экономикалык маселелер алдыңкы планга чыкты. Бул сапарда инвестициядан өнөр жайга, коргонуудан ден-соолукка, жаңыланма энергия булактарынан космостук өнөр жайга чейин көптөгөн тармакта 18 келишим жана биргелешкен билдирүүлөргө кол коюлуп, Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосунда 50,7 миллиард долларлык келишимге кол коюлду.
  • Түркия экономикалык кризистен кыйналып, баалар тынымсыз өсүүдө. Расмий маалыматтар боюнча Түркияда инфляция 40 пайыздын тегерегинде болсо, расмий эмес маалыматтар боюнча 100 пайыздан ашты. “Бүгүн, шаршемби күнү жарыяланган расмий маалыматка ылайык, Түркияда инфляция июнь айында төмөндөп, жылдык негизде 38,2%ды түздү, бул 18 айдагы эң төмөнкү деңгээл. “Көз карандысыз инфляцияны изилдөө тобунун” (ENAG) маалыматына ылайык, инфляциянын деңгээли жылдык негизде өсүп, 108,5%га көтөрүлгөн”. (“Al-Jazeera Mubasher”, 05.07.23).
  • Түрк Борбордук банкы 2023-жылдын май айындагы шайлоо алдында долларды белгилүү бир деңгээлде кармап туруу үчүн базарга чоң суммада доллар чыгарды. Бул жагдай Түркиянын Борбордук банкындагы чет элдик валюта резервинин олуттуу азайышына алып келди. 28-майдагы шайлоодо 19,90 болгон доллардын баасы учурда 26дан ашты. Ошентип лиранын долларга карата кунсузданышы жыл башынан бери 28 пайыздан ашты. “Шейшемби күнү эртең менен расмийлер жана банкирлер Борбордук банк валютаны колдоо үчүн резервдерин колдонууну токтотту деп билдиргенден кийин түрк лирасы долларга карата жаңы рекорддук деңгээлге жетип 26,10 болду. Лира кийинчерээк 26,05 баада турукташып жыл башынан бери 28 пайыздан ашык арзандады…”. (“Арабий 21”. 27. 06.23).
  • Ошондуктан, Эрдоган бюджеттин таңкыстыгына, өнөкөт инфляция жана түрк лирасынын кунсузданышына каршы күрөшүү үчүн капитал жана каржы жагына чоң үмүт артты. “Bloomberg агенттиги жарыялаган анализде Эрдогандын өзгөчө экономикалык саясаттарынан улам өлкөгө капитал салуудан качкан Батыш инвесторлору арасындагы айырмануу жабуу үчүн араб дүйнөсүндөгү мунайга бай өлкөлөр менен мамилени жакшыртууга аракет кылып жатканы белгиленген…”. (https://aposto.com,07.23).
  • Фарс булуңу менен алакаларды жеңилдетүү үчүн Мехмет Шимшек дайындалган. Ал Британиядагы жана Фарс булуңундагы инвесторлор менен жакшы мамиледе жана ал мурун бул кызматтан алынган. Ал 2023-жылы 28-майдагы шайлоодон кийин Каржы министри болуп дайындалган. Ал ETI банкынын стипендиясы менен Британиянын Эксетер университетинде магистратураны бүтүргөн жана Лондондогу эл аралык уюмдарда экономист, стратег жана менежер болуп иштеген. Анын каржы министри болуп дайындалышы Европадан акча тартууну жана Британиянын Түркияны сындаганын азайтуу максатын көздөйт. Ошон үчүн, Британиянын финансы чөйрөсүндө таанымал жана финансы мекемелеринде иштеген Мехмет Шимшек июнь айында Сауд Арабия, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтерине сапар кылып, жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү. “Өткөн айда вице-президент Жевдет Йылмаз, Казына жана каржы министри Мухаммад Шимшек, Борбордук банктын төрагасы Хафиз Гайе Эркан Фарс булуңундагы өлкөлөргө барып “экономикалык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн” баалашты. Экономика министрлигинин бул сапарлары Эрдогандын Фарс булуңуна сапарында түзүлө турган келишимдердин пайдубалын түптөөгө багытталганы болжолдонууда…”. (17.07.23, https://www.indyturk.com/). Ошондуктан, Эрдогандын Булуңга жасаган сапары экономикалык чөйрө даярдалгандан кийин болду.
  • Анкара ноябрда чоң көлөмдөгү карызды төлөөгө туш болот. Ал эми, тышкы карызын төлөй алышы үчүн ноябрь айына чейин тышкы ресурстарды табышы керек. Ошондуктан, тышкы ресурстарды издөө үчүн Фарс булуңундагы инвесторлорго бет алды. “JP Morgan 2023-жылдын июль айынан октябрга чейин Түркиянын тышкы карызынын ай сайын төлөмү 2,4 миллиард доллардан 3,5 миллиард долларга чейин болорун жана 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын мартына чейин ири тышкы карыз төлөмдөрү бар экенин баса белгиледи”. (https://www.bloomberght.com/, 07.23).
  • Ошондуктан, экономикалык себептер Эрдогандын Фарс булуңуна жасаган сапары артында турган саясий себептерден жогору турат. “Атлантика Кеңеши” (Atlantic Council) тарабынан жарыяланган макала муну ырастап турат. “Атлантика Кеңеши” жарыялаган бул макалада изилдөөчүлөр Серхат Чубукчуоглу жана Моуза Хасан Аль-Марзуки баса белгилешинче, Түркиянын Фарс булуңундагы мамлекеттер менен мамилени чыңдоого кайрадан кызыкдар болушунун негизги себеби – капиталдын агылып келүүсүн тартуу жана акыркы жыйырма жылдагы экономикалык өсүшкө жетишкен лидер катары Эрдогандын мурасын сактап калуу… (http://www.atlanticinkle.cc/, 21.07.23).
  • Бул нерсе Эрдогандын билдирүүлөрүндө да көрүнүп турат. “Президент Эрдоган Түркия менен БАЭ ортосундагы соода алмашуунун көлөмү 10 миллиард долларды түзгөнүн белгилеп, БАЭ Түркиянын аймактагы эң маанилүү соода жана экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенине көңүл бурду. Эрдоган БАЭге болгон сапарында ар түрдүү тармакта 13 келишимге кол коюлганын жана алардын жалпы көлөмү 50,7 миллиард долларды түзгөнүн билдирди”. (“Emirates Today”, 25.07.23).
  • Жыйынтыктап айтканда, Эрдогандын Фарс булуңуна жасаган сапары биринчи кезекте экономикалык сапар болуп саналат. Т.а. түрк лирасын, Түркиядагы экономикалык рынокту тең салмактуулук калыбына келтирүү үчүн инфляцияны азайтуу жана экономикалык абалды жакшыртуу максатындагы сапар болду десек жаңылышпайбыз. Мунун баары мусулман өлкөлөрүнүн вакыйы (абалы) алардын биримдиги зарыл экенин ачык көрсөтүп турат. Бул өлкөлөрдүн  жер асты жана үстүндөгү байлыгы элине жетет, жакырчылыкты жоёт, улуулукка көтөрөт. Эгер, мусулмандар бул нерсени түшүнүшкөндө Аллахтын бурадар пенделери болмок жана бир уммат, адамзат үчүн чыгарылган эң жакшы уммат болушмак.

﴿كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللهِ﴾

«Силер адамдар үчүн чыгарылган, жакшылыкка буйруган, жамандыктан кайтарган жана Аллахка ыйман келтирген эң жакшы уммат болдуңар»                                               [3:110                                                               

16-мухаррам, 1445-м.

 3-август, 2023-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here