Ар кандай шылтоолор аркылуу мечит-медреселер жабылууда!

2517
0

Ар кандай шылтоолор аркылуу мечит-медреселер жабылууда!

         Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мекемелер аралык жумушчу тобу менен бирге Ош облусундагы диний жайлардын ишмердигин текшерди. 20-июлдан тарта башталган кампаниянын алкагында, 39 мечит жана 21 медресенин ишмердиги убактылуу токтотулду. 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынды. 48 мечитке жана 40 медресеге өрт коопсуздугунун талаптарын бузганы үчүн акты түзүлдү.

         Бул текшерүүлөрдүн негизги максаты диний чөйрөдө көзөмөлдү күчөтүү болуп эсептелет. Ал эми, санитария жана өрт коопсуздугу талаптары сыяктуулар шылтоо гана. Анткени, өкмөт чындап өрт коопсуздугун алдын алууну көздөгөндө ишти май куюучу жайлардан баштамак. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жана калктуу аймактардагы май куюучу жайлар менен мунай кампалардын калк саламаттыгына тийгизген таасири жана айлана-чөйрөгө кооптуулугу актуалдуу бойдон турат. Аларда өрт чыккан учурлар да жок эмес. Маселен, өткөн жылы 21-декабрда Жибек Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күйүүчү май сактаган жайлардын биринде чыккан өрт жанында тыгыз жайгашкан үйлөрдү да каптаган. Кампа менен кошо бир үй толук күйүп кетсе, дагы бир турак жай менен жеке бала бакчанын жарымын өрт жалмаган. Коопсуздугуна кабатыр болгон коңшулар ага чейин бардык мамлекеттик мекемелерге кайрылып, бирок ишкананы жаптыра алган эмес.

         Бейрасмий маалыматтарга караганда, Бишкек шаарында эле 140тай май куюучу жайлар жана сегиз мунай кампасы бар. Алардын 70%ы муниципалдык, калган 30%ы менчик жерлерде жайгашкан. Мамлекеттик органдар менчик жерлердеги бекеттерди көзөмөлдөй албай турганын, алар тууралуу так эсеп да жоктугун айтышкан. Мэриянын алдындагы Жер ресурстары башкармалыгында май куюучу жайлар боюнча 98 ижара келишими бар. Анын ичинде 27 келишимдин мөөнөтү бүтүп калганына карабай иштеп жатат. Муниципалдык жерде жайгашкан 98 мунай бекетинин 56сында мыйзам бузуулар аныкталып, прокуратурага маалыматтар берилген. Бирок, азыркы күнгө чейин ишмердүүлүгү токтой элек. Экинчи борбор болгон Ош шаарында да ушул эле көрүнүш. Ош шаарында да мезгил-мезгили менен май куюучу жайларда өрт чыккан учурлар катталып турат. Мындан тышкары ири базарлар, коомдук эс алуучу жайларда өрт коопсуздугу сакталбагандыктан, ири өрт кырсыктары кайталанып келет.

         Ал эми санитарияга келсек, өкмөт чын эле тазалыкты, калктын саламаттыгын ойлосо, бул ишти тамак-аш тармагын көзөмөлдөөдөн баштамак. Анткени, тамактануучу жайлардагы антисанитария чектен ашып турганына карабай “бармак басты – көз кысты” мамиле жасалып келет. Натыйжада, тамак-аштан ууланган учурлар арбын. Маселен, Бишкекте 7-июнда тез татым түйүндөрдүн бириндеги тамактан он адам ууланды. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти аталган жай текшерилгенин билдирди. Анда жер-жемиштерди жана жумуртканы жууп-тазалоо эрежеси, дезинфекциялоо шарттары сакталбаганы белгилүү болду. Ошондой эле алынып келген азык-түлүктөрдүн документтерине байланыштуу бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Бул сыяктуу фактылар текшерилсе, дээрлик бардык ашканадан табылат. А түгүл, блогерлер “Не сахар” долбоорунун алкагында жүздөгөн антисанитариялык көрүнүштөрдү аныктап бергенине карабастан, экотехинспекциясы эч кандай чара көрүүгө аракет кылган эмес.

         А түгүл, санитария медицина тармагында да сакталбайт десек аша чапкандык болбойт. Айрым учурда бул тармактагы санитарияга туура келбеген көрүнүштөр өлүм менен коштолуп турат. Маселен, Караколдогу төрөт үйүндө эки аптада алты ымыркай чарчап калган окуяга эң жөнөкөй санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп болгону расмий аныкталган. Натыйжада, алты жетекчи иштен алынган.

         Демек, мечит-медреселердин жабылышына уруксат кагазы, өрт коопсуздугу же санитардык абал жөн гана шылтоодон башка нерсе эмес! Учурдагы бийлик оппозиция жетекчилеринин айрымдарын камакка алып, айрымдарына кызмат берип, айрымдары менен соодалашып алган соң, Исламга каршы күрөшкө кезек келди деп жаткандай. Буга диний баалуулуктар көп жайылган аймактардагы мечит, медреселердин жабылышы далалат кылып турат. Айрыкча, жайкы каникулда миңдеген ата-энелер перзенттерин мечит-медреселерге тапшыруу үчүн кезек күтүп турган чакта бийликтин бул кадамга барышы провокациялык аракеттен башка нерсе эмес. Андыктан, кыргыз өкмөтүнө кайрылаарыбыз, айт намаздарда элге көрүнүп коюп, артынан кайра мечиттерди жабуу менен мунафыктык белгиңерди көрсөтүп жатасыңарбы! Алладан корккула жана Исламга жүздөнгүлө! Негизи силердин милдетиңер мечит, медреселерди жабуу эмес. Тескерисинче, мечиттерди куруп, ал жайларда шарт түзүү эле! Медреселерди ачып, мусулман жаштарына өз диндерин үйрөтүү эле! А бирок, өкүнүчтүүсү, силер Алланын алдындагы азиздикти эмес, колонизаторлорго малайлык кылуу менен кордукту тандап жатасыңар!

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here