Орусия Кыргызстандын жүк ташуучу унааларына чектөөнү күчөттү

3262
0

Орусия Кыргызстандын жүк ташуучу унааларына чектөөнү күчөттү

         Кыргызстандан Орусияга каттаган жүк ташуучу унаалар казак-орус чек арасында бир нече чакырым кезек күтүүгө аргасыз болууда. Мындай көрүнүш он күндөн бери уланып жатканын айдоочулар “Азаттык” радиосуна билдиришкен.

         Алардын айтымында, узун кезекке орус тараптын бажы текшерүүлөрүн күчөткөнү себеп болгон. Айдоочулар чек ара аймагында 10-12 күндөн бери турууга мажбур болушууда. Айрым күндөрү кезек күткөн унаалар 20 чакырымга чейин жетип жатат.

         Тыгын жаралган “Маштаково” бекети аркылуу негизинен күнүмдүк турмушка керектелчү товарлар өткөрүлөт. Өткөн жылы да айдоочулар ушул мезгилде 22-24 күн бою кезек күтүүгө аргасыз болушкан.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирүү алдында биримдикке мүчө мамлекеттер арасында бажы жана чек ара тоскоолдуктары болбой турганы айтылган. Бирок иш жүзүндө, кыргыз-казак жана казак-орус чек арасынан жүк өткөрүүдө мезгил-мезгили менен тоскоолдуктар чыгып келет.

         Буга чейин Орусиянын Россельхознадзор мекемеси кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл жүргүзгөн кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Ага удаа эле Кыргызстандын балык жана сүт азыктарынын импортуна ар кандай шылтоолор менен тыюу салган.

         Белгилүү болгондой, Орусия ар дайым кыргыз бийлигине басым өткөрүү үчүн буга окшогон жасалма көйгөйлөрдү пайда кылып келет. Мындай көрүнүштөр айрыкча, өлкө башчыларынын жолугушуусу алдынан же бийликтин Орусия таасиринен алыстоо аракеттери байкалган учурда кайталанат. Орусиянын аюу чеңгел тактикасы тээ СССР таркагандан бери уланып, өз таасири астындагы мамлекеттердин өнүгүүсүнө бөгөт коюп келет. Анткени, Орусия кубаттуу мамлекетке караганда алсыз өлкөнү башкаруу жеңил жана башка державалардын таасиринен сактоо оңой деп ойлойт.

         А бирок, турмуш чындыгында Борбор Азия мамлекеттери Орусиянын таасиринен кутулууга аракет кылышууда. Бул үчүн айрымдары АКШ менен болгон алакаларын күчөтүп жатса, айрымдары Кытайдын этегин кармоого шашылып жатат.   Ал эми, ички саясатта болсо бул бийликтер оппозициялык күчтөрдү сындыруу менен диктатуралык режимдерди бекемдеп барышууда. Маселен, кыргыз бийлигинин басма сөз кызматтарына карата кысымы, Орусия таасириндеги саясий күчтөрдү бийликти басып алуу шылтоолору менен камактарга алуулары муну ачык көрсөтүп турат.

        Демек, калктын үстүндөгү зулумдуктун түпкү себеби колонизаторлук саясатка барып такалат. Анткени, колонизатор каапырлардын эч бири Кыргызстан жана Борбор Азия калкынын кызыкчылыгы үчүн иш алып барбайт. Тескерисинче, Исламга жана мусулмандарга каршы күрөштө баарынын максаты, душмандыгы бирдей. Андыктан, биз мусулмандар кайсы бир колонизатордун этегин кармоодон алыс болушубуз керек. Ошондой эле, алардын кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн өз калкына зулумдук кылып келген акимдерди оодарып, ордуна Исламий мамлекетибизди тикелөө аркылуу бул зулумдуктан чыгууга аракет кылышыбыз шарт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here