Вагнер күчтөрү жетекчисинин козголоңунун артында эмне турат?!

3980
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроо-жооб

Вагнер күчтөрү жетекчисинин козголоңунун артында эмне турат?!

Суроо:

2023-жылдын 24-июнунда Вагнер аскердик уюмунун жетекчиси Орусия  армиясына каршы козголоң баштаганын билдирди. Орусия Коргоо министри жана Башкы штабыдын жетекчиси менен жолугушууну талап кылды. Аларды катуу сындаган Вагнер лидери анын аскерий күчтөрү Москвага карай жүрүш баштаганын билдирди. Бул маселеге байланыштуу билдирүү жасаган Орусия президенти Владимир Путин козголоңду кыянаттык жана далыга урулган бычак катары баалады. Белорус президентинин ортомчулугу менен Вагнер лидери Москвага жүрүшүн токтотту жана Белоруска чыгып кетүүгө келишилди. Батыш козголоңдун башталышына жана тез арада токтошуна таң калды. Бул козголоң кандай максатта жүз берди? Орусия үчүн кандай натыйжа болду? Бул козголоңдун артында Батыштын же Американын колу барбы? Суроом созулуп кеткени үчүн үзүр сураймын. Аллах сизди жакшылык менен сыйласын.

Жооб:

Бул суроолордун жообун ачыктоо үчүн ушуларга токтолобуз:

  • Вагнер уюму жарым-жартылай мамлекеттик коопсуздук компания болуп эсептелет. Компания 2014-жылы миллиардер Евгений Пригожин тарабынан түзүлдү. Пригожин Путинге тамак жасаган ресторандын ээси болгону үчүн Путиндин жакын сырдашы катары таанылган. Вагнер компаниясы Орусия Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, өз мүчөлөрүн лагерлерде машыктырып келет. Айрыкча, курал-жарак менен камсыздалып, мамлекеттин ыплас аскерий жана коопсуздук вазыйпаларын жана экономикалык иштерин жүзөгө ашырат. Вагнер Ирак басып алынган алгачкы жылдарда АКШ аскерлери менен катар ыплас ролду аткарган белгилүү Американын аскердик компаниясы “Блэк ватерге” окшойт. Ал кылмыштарды, адам өлтүрүүнү, камоолорду жана кыйноолорду жоопкерчиликсиз жана мыйзамсыз түрдө уюштурат. Орусия анын миссиясын өлкөнүн сыртында ишке ашырып келген Вагнерди акыркы жолу Украинадагы согушта колдонду. Президент Путин 2023-жылдын 27-июнунда Кремлде аскер кызматкерлери менен жолугушуу учурунда 2022-жылдын май айынан 2023-жылдын майына чейин Вагнер компаниясына 86 млрд 262 млн рубль (1 млрд доллар) каражат бөлүнгөнүн билдирди. Компания жетекчиси Пригожин акча жана курал-жаракка ээ он миңдеген аскерге жетекчилик кылат. Ал орустардын арасында популярдуу болгону үчүн күчүнө ишенип, режимди шантаж же коркута алам деп ойлоду. Пригожиндин орус бийлигинде досторунун болушу, айрыкча Вагнер компаниясынын Сирия, Ливия, Maли жана Борбор Африка сыяктуу бир катар өлкөлөрдө лагерлеринин болушу Пригожинде менменсинүүнү жана текеберликти пайда кылганы көрүнүп калды.
  • Вагнер уюму Орусия Украинада жүргүзгөн согушта, өзгөчө айлар бою созулган Бахмуттагы согуш учурунда таанылды. Вагнердин лидери Евгений Пригожиндин аты алгач Бахмутта украиндер менен салгылашта аскерий курал-жарак жетишсиздигинен улам Коргоо министрин жана Башкы штабдын жетекчисин кескин сындагандан кийин маалымат каражаттарында байма-бай чыга баштады. Ал билдирүүсүндө Орусиянын Коргоо министри менен Башкы штабдын жетекчисин кескин сынга алып, а түгүл кыянаттыктары үчүн кызматтарынан алынышын талап кылды. Украинада он миңдеген орус аскеринин өлүмүнө жана алынган жерлердин душманга кайра берилишине Орус армиясын күнөөлөдү. Ошол эле учурда, Орусиянын Украинага каршы согушту баштаганын да айыптады. Пригожин 23-июнь күнү козголоң баштоодон бир күн мурун “Telegram” каналы аркылуу жасаган билдирүүсүндө: “Шойгуга маршал болушу үчүн жана экинчи баатыр медалын алышы үчүн согуш керек болду. Ошондуктан, Украинаны басып алууну баштады. Украина НАТО менен бирге Орусияга кол салат деген маалыматтар жалган болгон. Коргоо министрлиги Украина Орусияга кол салуу үчүн НАТО менен союз түзгөнүн айтып, президент Путинди жана орустарды алдады. Россия куралдуу күчтөрү Киевдин контрчабуулунан улам Украинанын чыгышында жана түштүгүндө артка чегинүүдө”, – деди.
  • Вагнер уюмунун жетекчиси 24-июнда Орусиянын Украинага карата чабуулунун негизги борбору болгон Ростов шаарындагы аскердик базага киргенин, аэропорт менен катар аскерий бөлүктөрдүн баарын колго алганын билдирди. Пригожин “Telegram” каналынан бөлүшкөн видеодо: “Биз ушул жерде турабыз. Эртең мененки саат 7:30. Ростовдо аэропорт менен бирге аскердик бөлүктөрдүн баары биздин көзөмөлүбүздө. Украинада басып алынган бир нече жерди колдон чыгардык. Өлгөн орус аскерлеринин саны жогору жакка айтылгандан 3-4 эсе көп”, – деди. Ал орус армиясын дагы бир жолу согуш майданындагы чындыкты жашырып жатканы үчүн айыптады. Пригожин: “Өлгөн аскерлердин саны жогору жакка айтылгандан 3-4 эсе көп. Айрым күндөрү санитардык жоготуулардын саны миңге чейин жетип жатат. Алар согушуудан баш тарткандар, өлгөндөр, жараат алгандар жана дайынсыз жоголгондор. Орусия Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов мекемеге жакындаганыбызды укканда качты… Вагнердин күчтөрүн чачыратууну каалашты”, – деди. Андан кийин вагнерчилердин колоннасы Украина чек арасына жакын Ростов шаарынан Воронеж шаарына, анын артынан Липецк шаарына жетти, Москвага 200 чакырым жакын аймакка чейин илгериледи. Ошентсе да Пригожин артка чегинүү эшигин ачык калтырып, Путинди ачык айыптоодон карманды. Ал 26-июнда “Telegram” каналы аркылуу жасаган билдирүүсүндө: “Вагнер күчтөрү Москвага карай жүрүш жасай турганын, бирок президент Путинди бийликтен кулатуу сыяктуу ниети жок экенин, Вагнердин жоюлушуна жана Коргоо министрлигине интеграцияланышын токтотуу үчүн Москвага жүрүш жасаганын жана кан төгүүнү алдын алуу үчүн өз лагерлерине кайра кайтуу буйругун бергенин”, – билдирди.
  • Пригожиндин түздөн-түз Путинди айыптабашы ага пайда бербеди. Анткени, Орусия президенти козголоң башталгандан сааттар өтпөй аны күч менен бастырарын айтып коркутту. Путин 24-июнда Орусиянын мамлекеттик телеканалдары аркылуу жасаган кайрылуусунда: “Вагнер жеке аскердик уюмунун куралдуу козголоңу – бул кыянаттык. Орус армиясына каршы курал менен каршы чыккандардын баары жазаланат. Орусиянын Куралдуу күчтөрү аскерий козголоңду уюштургандарды жок кылуу үчүн тийиштүү буйрукту алды. Учурда калктын келечеги белгиленип жатат. Бардык күчтөр ар кандай келишпестиктерди четке коюп биригиши керек. Кечээ түнү бардык аскерий жетекчилер менен байланыштым. Бул коркунучка каршы жооп абдан катуу болот. Бул болгон окуя – кыянаттык жана далыга урулган бычак. Орусия нацизмге каршы согушуп жаткан учурда козголоң уюштургандар бар. Ар кандай ички туруксуздук мамлекет үчүн өлүмгө алып келүүчү коркунуч жана орус калкына урулган сокку”, – деп билдирди. Ал эми, Путин Вагнердин жетекчиси тууралуу “жеке амбициясы” чыккынчылыкка алып келди деди. Буга жооп катары Пригожин: “Президент мекенге чыккынчылык кылды деп терең жаңылышканын, Путин жаңылыш тарапты тандаганын, Орусиянын Путинден башка жаңы президенти боло турганын”, – айтты. (24.06.23, Telegram).
  • Ушундайча кырдаал дагы да начарлап, Орусия үчүн Украинадагы согуш шарттары абдан оор абалга келди. Согуш Орусияны абдан кыйнап, анын материалдык жана адамдык ресурстары түгөнүп барууда. Орусия көзгө көрүнөрлүк жылыш жасай албады. Ал согуш майданындагы позицияларын коргоо менен алек. А түгүл, айрым позицияларынан чегинүүдө. Бул козголоң Орусия үчүн, айрыкча президент Путин үчүн өлүмгө алып барчу окуя болуп калды. Путин өзүнүн жана өлкөсүнүн тагдырын белгилей турган согуш бороонуна кабылды. Путин мындай оор абалда козголоңду токтотуу жана маселени тынчтык жол менен чечүү үчүн белорустук кесиптешинен ортомчулук кылууну суранды. Белорус президентинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө: “Белорус президенти Александр Лукашенко Орусия президенти Владимир Путинге Вагнер жетекчиси менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы жөнүндө деталдуу маалымат берди. Орусия президенти Белорус президентин колдоду жана жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди”, – деп айтылды. Сүйлөшүүдө Вагнер уюмунун жетекчисине коопсуздук кепилдиги берилүүсү менен бирге кризисти чечүүнүн жолу сунушталды. Cүйлөшүүлөр президент Путин менен координацияланды. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков келишимдин маанилүү пункттары тууралуу билдирүү жасап: “Пригожиндин компаниясына кошулууну каалабаган Вагнер согушкерлери орус куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ар кандай сот жообуна тартылышпайт. Пригожинге ачылган кылмыш иши токтотулат. Пригожин Белоруска кетет”, – деди. (25.06.23, Russia Today). Ошентип, Путин козголоңду токтотуп, Орусияны көптөгөн жоготуудан жана согуштан куткарып калды.
  • Чамасы, Вагнер жетекчиси күтүүсүз иш-аракеттерди жасагандай көрүнөт. Эгер, Москвага жетип колдоо тапса жана мамлекет аны жок кыла албаса, Путиндин бийлигин кулатып, ордуна барууну арзуу кылды. Бирок, алга жылууда кайраттуулугун көрсөтө албай, ийгиликсиздиктен коркту. Путиндин Белорус аркылуу коркутуусу, ырайым берүү убадасы жана Белоруска кетүүсүнө уруксат бериши – Пригожин тобокелдиктин ордуна коопсуздукту тандаганын көрсөтүп турат. 25-июнда болуп өткөн сүйлөшүүдөн кийин Вагнер жетекчиси Telegram аркылуу жасаган кайрылуусунда: “Aскерлерибиз кан төгүлбөшү үчүн лагерлерге кайтышат. 23-июнда адилеттик жүрүшүнө чыктык. 24 саат ичинде Москвага 200 чакырым жакын аралыкка чейин кирип бардык. Бул убакыт ичинде согушкерлерибиздин бир тамчы канын да төкпөдүк”, – деди.
  • Мындан белгилүү болгондой, Путин убактылуу болсо да кризисти алдын алууга жетишти. Путин 26-июнда Орусиянын мамлекеттик телеканалы аркылуу жасаган кайрылуусунда: “Вагнер козголоңун токтотуу менен бир апаатты алдын алдык. Белорус президенти Лукашенкого абалды тынч жол менен чечүү үчүн көрсөткөн жардамына ыраазыбыз… Бирок, козголоңдун уюштуруучулары өз өлкөсүнө, элине кыянаттык кылып, кылмышка сүйрөп баргандарды да сатып кетишти. Бул жарандык тилектештик ар кандай шантаж, туруксуздук пайда кылуу аракеттери ийгиликсиз боло тургандыгын көрсөттү”, – деди. Путин Вагнер согушкерлерине армияга кошулуу сунушун кайталап: “Каалагандар Белоруска чыгып кете алышат”, – деп билдирди. Ал “Батыш менен Киев Орусияда ички согуш чыгарууну каалаганын жана коопсуздук кызматтары Орусияны коргоо антына бекем турушканын” кошумчалады. Бул болсо, козголоң мамлекетке коркунуч алып келгенин, режимдин жана президент Путиндин аброюн түшүрүп, Орусиянын эл аралык позициясына таасирин тийгизгенин түшүндүрөт. Бул козголоң Орусиянын ички абалы да туруксуз экенин көрсөттү.
  • Батыштын позициясына келсек, Батыш козголоңдун чыгышына жана тездик менен токтошуна таң калганын көрүүгө болот. Акыйкатта болсо, алар козголоңдун уланышын абдан каалашты. Ошондуктан, бүткүл көңүлдөрүн Орусияда болуп жаткан окуяларга бурушту. Бул өлкөлөрдөгү аткаминерлер арасында байланыш жана телефон аркылуу сүйлөшүүлөр “тыгынга” учурады. Себеби, мындай козголоң Украинадагы согуштун жүрүшүнө таасирин тийгизип, Орусия үчүн абал тескери жүрүп, Батыштын каалоосу орундалышы мүмкүн эле. Aмерика болуп жаткан окуяларга мамилесин билдирип, президент Байден: “Биздин козголоңго эч кандай алакабыз жок. Бул Орусия системасы ичиндеги бир күрөштүн бөлүгү”, – деген мааниде сөз сүйлөдү. Ал Коопсуздук мекемесине Орусиядагы окуяларды жакындан күзөтүү тапшырмасын бергенин кошумчалады. АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен: “Бул маселеде спекуляция жасоону каалабаймын. Фильм дагы да уланууда жана али акыркы сюжет көрүнө элек”, – деди. Козголоң Орусия президенти Путиндин бийлигине түздөн-түз каршы чыгуу экенин билдирген Блинкен: “Путиндин бийлигинде буга чейин болбогон жаракалар пайда болду. Козголоң башталгандан тез бүтсө дагы, бул, Путиндин бийлигине түздөн-түз коркунуч туудурду. Ошондуктан, айрым суроолорду күндүн темасына айлантып, Путиндин башкаруусундагы чыныгы жараканы көрсөтүүдө”, – деди. (26.06.23, CBS). AКШ Тышкы иштер министринин расмий сүйлөөчүсү Миллер журналисттер үчүн уюштурган басма сөз жыйынында: “Вагнер козголоңу – Орусиянын ички маселеси. АКШнын козголоңго эч кандай тиешеси жок… Ишемби күнү Вагнер козголоңу учурунда АКШнын Москвадагы элчилиги аркылуу орустар менен байланыштык. Евгений Пригожиндин бул согуштун себебин түздөн-түз тергеп-тескөөсү жана согуш жалган негизге таянып башталганын жарыялоосу жаңылык…”, – деди. (26.06.23, Reuters). Европа Биримдигинин Тышкы иштер министрлиги Орусияда аптанын соңунда токтотулган козголоң тууралуу билдирүү жасап, аны Москванын Украинада жүргүзгөн согушуна карата ички нааразылык катары сыпаттады. Бул окуя Орусиянын аскерий күчүн балталаганы айтылды. Европа Биримдигинин Тышкы саясат боюнча жетекчиси Жосеп Боррел: “Бул аптанын соңунда болгон козголоң Украинага каршы согуш орус күчүн сындырганын жана саясий системасына таасирин тийгизгенин көрсөтүүдө”, – деди. (26.06.23, alweeam). НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг: “Орусиядагы окуялар – ички маселе. Орусиядан өзөктүк курал колдонуу тууралуу эч бир ишара көргөн жокпуз”, – деп билдирди. (26.06.23, Sky news).
  • Ушундайча Aмерика менен Батыш козголоңго эч кандай тиешеси жок экенин билдиришти. Бирок, мындай билдирүүлөргө карабастан, Батыш, айрыкча Америка Пригожинге тигил же бул жолдор менен бул ишти кылуусуна түрткү бергени ыктымалдан алыс эмес. Башка абалда Вагнер уюмунун мындай ишке батынуусу кыйын. Себеби, компаниянын негизин соттолгон аскерлер түзөт. Пригожин СССP ыдырагандан кийин Америка бийликке келүүсүн камсыздаган Орусиянын алгачкы президенти Ельцинге окшойт. АКШ ошол учурда Ельцинге багыт бергени кийин ачыкка чыккан. 2023-жылдын 15-майында “Washington Post” гезити Пригожин Африка өлкөлөрүнүн биринде Украина аткаминерлери менен жолугуп, Украина күчтөрүнүн Бахмуттан чегинүүсүнүн акысына Орусия куралдуу күчтөрү тууралуу маалымат берүүгө даяр экенин айтканын жазды. Гезит булак катары АКШнын атайын кызматтынын маалыматтары менен украиналык аткаминерлерге таянганын билдирди. Бирок, Пригожин “Telegram” аркылуу билдирүүсүндө “Washington Post” гезитинин кабарын жокко чыгарып, “күлкүлүү” деди. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков, “Washington Post” гезитинин маалыматын жалган кабар экенин айтты. (16.05.23, “AFP”). Пригожин жана Кремль бул кабарды четке какса да, Пригожин Орусиянын аскерий аракетин жана Коргоо министрин сындаганы акыйкат. Ал Украина согушун баштоо чечими Путиндин өзүнө тиешелүү экенин билсе да, Коргоо министрин айыптап, Путинди алдаганын айтты. Ал эми, “Russia Today” телеберүүсүнүн түз эфиринен Путин согуштан эки күн мурун бийликтин жогорку кызматтагы аткаминерлери менен жыйын өткөргөнүн көрүүгө болот. Демек, согушту баштоо чечими Коргоо министринин эмес, президент Путиндин чечими болгон. Пригожин согуш чечимин сындоосу жана чечимди Путиндин кабыл алганын билип туруп Коргоо министрлигин сындоосу Путинди сындоодон качканын билдирет. Ал Батышты, айрыкча Американы ыраазы кылуу максатында согушту баштоо ката болгонун билдирген. Мындан улам, Путиндин өч алуусунан коркту… Демек, Aмериканын Украина же башкалар аркылуу Пригожин менен байланыш түзүүсү жана ушундай козголоң көтөрүүгө түрткү берүүсү ыктымалдан алыс эмес. Бирок, Пригожин Путиндин коркутууларынан улам өзүнө ишене албай артка чегинди. Башын аман алып калып, Белоруста сүргүндө жашоону тандагандай.
  • Бул козголоң Путин үчүн 1999-жылы бийликке келгенден бери эң чоң каршы көтөрүлүш болуп калды. Пригожин башкаларды да козголоңго чакырганы талашсыз. Пригожин өзү баш болуп, анын компаниясынын аскерлеринин көпчүлүгү соттолгондор. Ушундай аскерий уюмдун жетекчиси баштаган аскердик козголоң Путиндин аброюн жерге төктү. Бул, Путин айтылгандан да алсыз экенин, туңгуюкка кептелип калганын түшүндүрөт. Бул, Путин анын бийлигине каршы чыккан козголоңчу менен да келишүүнү эп көргөн абалга келип калганын ачык көрсөтүүдө! Бул окуя Путиндин жүзүнө урулган сокку болуп, анын лидерлигине жана өлкө коопсуздугуна көлөкө түшүрдү.

Жыйынтыктап айтканда, Чыгыштагы жана Батыштагы колонизатор кафир өлкөлөр алардын барлыгына коркунуч жеткире турган күч болбогондуктан бутта турушат… Тарых кайталанса ажеп эмес! Жер жүзү кайрадан Халифалык менен нурдануу алдында турат. Халифалык бүгүнкү күндүн Персия жана Римдерин майдандан түшүрөт. Орусия менен Батыш – өтмүштөгүлөр зулумдук кылгандай – бүгүн күндө мусулмандарга зулумдук кылышууда. Алардын ар бири шайтан! Ислам жана мусулмандарга каршы согушта алардын шайтандыгы бириники экинчисинен аз эмес. Шексиз, Aлла Таала алардын амалдарын текке кетирип, бири-бири менен алек кылып, адамзатты алардын зулумдугунан куткаруу үчүн динине жардам берет.

﴿إِنَّا لَنَنْصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ﴾

«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтиргендерге дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр тура турган Күндө да нусрат-жардам беребиз»                                             [40:51]

                                                                                 

13-зулхижжа, 1444-х.                                                                                          

1-июль, 2023-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here