АКШ мамлекеттик карызынын чеги жана Республикачылар менен Демократтар ортосундагы күрөш

2632
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШ мамлекеттик карызынын чеги жана Республикачылар менен Демократтар ортосундагы күрөш

Устаз Хамд Табиб

Aмерикадагы эки ири партия – Республикачылар менен Демократтар – ортосундагы саясий күрөш мамлекеттик карыздын чегин жогорулатуу маселесинде ачык-айкын байкалды. Муну эки партиянын жетекчилеринин АКШ басма сөзүнө жана массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүлөрүнөн көрүүгө болот. «Арабий Жадид» гезитинин 2023-жылдын 10-майдагы кабарында мындай делет: «Кече шейшемби күнү АКШ президенти Жо Байден жана мыйзам чыгаруучулар АКШ мамлекеттик карызынын чегин 31,4 триллион долларга жогорулатуу боюнча туңгуюктан чыгууну камтыган сүйлөшүүлөрдү дагы да көбүрөөк өткөрүүгө келишишти. Бул мамлекет болуп көрбөгөн масштабда дефолтко учурашы мүмкүн болгон мөөнөттөн болгону үч апта мурун болуп өттү».

«Шаркул Авсат» гезити 2023-жылы 10-майда Байдендин сөздөрүнөн цитата келтирип, ушуларды жарыялады: “АКШ президенти Жо Байден бюджетте чоң кыскартууларды кабыл албаганы үчүн Республикачылар мамлекеттик карыздын чегин көтөрүүгө ыраазы болбогонун айтып, аларды муну менен мамлекеттин экономикасын күрөөгө коюп жатат деп айыптады. Демократтардан болгон президент келерки шейшемби күнү Конгресс жетекчилери менен жолугарын айтып, алар «мамлекеттик карыздын чегин жогорулатуу жана дефолттон качууну камтыган – ушул убакытка чейин ар кандай Конгресс аткарып келген – ишти кылышы» керек деди. Байден жума күнү болуп өткөн экономикалык жыйында Республикачылар «Карыз алууну күрөөгө коюп, кээ бир адилетсиз кыскартууларга бизди ыраазы кылышмакчы» деди”.

Өкүлдөр палатасындагы Республикачылар жетекчиси спикер Кевин Маккарти 2023-жылы 9-майда Байден менен жолугушкандан кийин «Республикачылар өкүлдөрү мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү планын иштеп чыгуу менен өз милдетин аткарышууда. Бирок, бул план бюджетти кыскартууну талап кылат» деп, Байденди өлкөнү күрөөдө кармап турат деп айыптады. Маккартинин айтымында, аптанын аягында 40ка жакын Республикачы сенаторлор «биз бюджет жана мамлекеттик чыгашалары жаатында түпкү реформалар өткөрүлмөйүнчө мамлекеттик карыздын чегин жогорулатууну жактап добуш бербейбиз» – дешкен.

АКШ финансы министри Жанет Йеллен болсо, 2023-жылы 8-май күнү CNBC телеканалына берген интервьюда: «Мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү маселесинде президент Жо Байден менен Республикачылардын позициясы ортосунда чоң айырмачылык бар», – деди. О.э. Йеллен Конгресс мамлекеттик карыздын чегин жогорулатпаса АКШ экономикасына чоң сокку болорун о.э. доллардын дүйнөлүк запас валюта сыпатындагы деңгээлин алсыратышын баса белгиледи.

Мамлекеттик карыздын чегин жогорулатуу маселесинде жүз берип жаткан бул талаштын акыйкаты эмнеде? Бул нерсе америкалык жаранга, өзгөчө Америкага, жалпысын алганда дүйнөлүк экономикага кандай акыбеттерди алып келет?

АКШ мамлекеттик карызынын чеги – бул федералдык өкмөт АКШ казына облигациялары жана фондулук облигациялары аркылуу карыз алышына уруксат берген жалпы өлчөмдүн жогорку чеги. Карыз алуунун себеби – бюджеттеги дефицит. Т.а. Aмерика администрациясы өзүнүн финансылык жоопкерчиликтерин аткаруу жана төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн карыз алуудан башка чара таба албай жатат. Булар социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү, салыктарды кайтаруу, мамлекеттик карыз боюнча пайыздар, улуттук коргоо жана башка төлөмдөр. Түпкүлүгүндө, Америка алдында олуттуу экономикалык проблемалар турат, Америка аларды жашырууга же карыздын чегин көтөрүү сыяктуу көптөгөн каражаттар аркылуу аларды четтеп өтүүгө урунуп жатат. Улам көбөйүп, курчуп бара жаткан бул проблемалардын катарына Американын мамлекеттик карызы, валюта инфляциясы, ички жана тышкы каражаттардын чектен ашык көптүгү жана Америка соода балансындагы дефицит сыяктуулар кирет. Булар АКШ экономикасы кыйналып жаткан, саясатчы жана экономисттердин тынчын бузуп жаткан кризистердин айрымдары. Саясатчылар ар ирет коом, экономика жана экономикалык мекемелер үчүн кыйроого алып бара турган түрүдү ыкма жана каражаттар аркылуу аларды четтеп өтүүгө урунушат. AКШнын жалпы мамлекеттик карызы – тышкы жана ички карыздарды эсепке алсак – 31,4 триллион долларды түздү. Үстүбүздөгү жылдын башында АКШда инфляция 9,1 %гa жетти… Бул болсо AКШ федералдык запас системасын мурунку жана ушул жылда пайыздык ставканы бир нече ирет көбөйтүп, 5 %гa жеткирүүгө үндөдү. АКШ бюджетиндеги дефицитке келсек, 2023-жылы 668 миллиард доллардан 1,1 триллион долларга көтөрүлдү.

Америка экономикалык кризистерди жеңип өтүү үчүн карыз маселесин четтеп өтүүгө биринчи ирет урунуп жаткан жок. Ушуга карабастан, кризистер азаюунун ордуна дагы кеңейип барууда. Көпчүлүк экономисттердин пикиринде, Америка 2008-жылдагы кризистен дагы эле чыга алган жок. Улам кризистер топтолуп, карыздар көбөйүп жатат, инфляция жана бюджеттеги дефицит жогорулап жатат. Булардын төлөмүн Америка калкы менен финансы мекемелери төлөп жатат. Бул болсо Силикон өрөөнү банкы, «Signature» банкы, «First Republic» банкы, аны менен бирге бир топ ички банктар менен болгондой кээ бир финансылык мекемелердин кулашына алып келди. О.э. пайыздык ставканы тынбай көтөрүүнүн терс акыбеттери жана өндүрүш долбоорлорунун төмөндөшү жогорку баалар толкунун келтирип чыгарууда.

Өз кезегинде, бул эки багытта таасир көрсөтүүдө. Биринчи: баалардын көтүрүлүшү, экинчи: өндүрүш долбоорлорунун төмөндөшү себептүү жумушсуздуктун көбөйүшү. Өндүрүш долбоорлорунун төмөндөшүнө банктардан карыз алуу натыйжасында келип чыккан жогорку пайыздык ставка себеп болду.

Америка мамлекеттик карыздын чегин чоң ставкаларга көтөрүү менен карыздарды четтеп өтүшү – таасир кылуу жана таасирленүү жагынан – бир нече нерселерге байланыштуу:

  • Украинаны каржылоо жана мунун АКШ мамлекеттик карызына таасири. Республикачылар бул жөнүндө бир нече ирет эскертишти.
  • АКШ шайлоолору, Америка тарыхындагы ага мүнөздүү күрөш, эки партиянын фитналары о.э. америкалык шайлоочуларга таасир өткөрүү үчүн тараптардын бири-бирине басым өткөрүшү. Мисалы, Республикачылар негизсиз каражаттарды себеп кылып көрсөтүп, мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү жоопкерчилигин Демократтарга жүктөп жатышат. Демократтар болсо, карыздын чегин көтөрбөөнү Республикачыларга каршы пайдаланып, алар америкалыктар үчүн иш орундары, иш акысы жана маяналардын аздыгына себепчи болушту деп айыптап жатышат.
  • Доллардын дүйнөлүк деңгээлине жана аброюна зыян жетиши. Буга доллардын көп бөлүгү реалдуу экономикага таянбай басылып чыгышы о.э. мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү үчүн АКШ казына облигацияларынын дагы да көбөйтүлүшү себеп. Бул, айрыкча, айрым Европа мамлекеттеринде жана Кытайда жүзөгө келген доллардан кутулуу маселесине каршы кезектеги үгүттөрдү пайда кылды. Анткени, карыздын чегин көтөрүү жаңы казына облигацияларын чыныгы капиталсыз басылып чыгышын түшүндүрөт. Мунун натыйжасында доллардын кыйматы төмөндөп, кийин сүткордук ставканы көбөйтүү аркылуу туура эмес дарылоого кайтышат.

Америка ушул саясий жана экономикалык факттардан келип чыгып, дүйнө экономикаларын көзөмөлдөө жөндөмүн сактап калуу үчүн дүйнөлүк таасирин күчөтүүдө. Ушул таризде, үлкөн экономикалык бузулууну жабуу максатында карыздын чегин көтөрүп, жаңы облигацияларды чыгарууда. Американын Европа, Кытай жана Россияга карата эмнелерди кылып жатканы, ар түрдүү фитналарды козгоп, ал же бул жерде күчөп жаткан дүйнөлүк проблемаларды курчутуп жатканы эч кимге сыр эмес.

Эки партиянын ортосундагы күрөшкө келсек, бул Американын ички абалына терс таасир кылып, экономика оор абалда экенин ачыктады. О.э. бул америкалык шайлоочуларды өзүнө тартуу үчүн эки партия тең пайдапарастык жана өзүмчүлдүк баткагына канчалык батканын көрсөтүүдө. Мисалы, Демократтар партиясы калкты ыраазы кылуу үчүн, ушул аркылуу өз партиясынын киреше жана кызматтарына байланыштуу кээ бир маселелерге терс таасир кылбашы үчүн карыздын чегин көтөрүү керек деген пикирде. Республикачылар болсо өз партиясы тарабынан, айрыкча, чет мамлекеттерге байланыштуу иштерде ишке ашырылган чектен тышкары каражаттар маселесинен өздөрүн актап, калк менен байланыштуу кризиске Демократтарды туш кылып жатат. Т.а. карыз чегин көтөрүүгө Демократтардын кылган иштери жана акчаларды текке сарпташы себеп болуп жатат деген нерсени көтөрүп жатышат.

Америка партияларынын саясий чыр-чатактарда жана атаандаш партияны аброюн түшүрүүдө ишке сала турган саясаты мына ушундай. Байден АКШ кошуундары Афганистандан жеңилип чыккан көрсөтүп, Республикачылар өлкөнү пайдасыз согуштарга тартып ийгиликсиздикке учурады деп далилдемекчи болду. Республикачылар партиясы болсо АКШ Украинаны колдоп-кубатташын токтотууга чакырып, Демократтар партиясын мамлекетти мына ушундай карыздын чегин көтөрүүгө алып келген жаңы карыздарга батырууда айыптап жатат. Бул болсо, Америка саясаты жеке кызыкчылыктар жана партиялык көз караштар негизинде канчалык өзгөрүп жатканын көрсөтүп жатат.

Акыбетте, тараптар өз ара келишпестиктерине карабастан, шайлоолордо белгилүү бир артыкчылыктар аркылуу өздөрүнө кызмат кыла турган белгилүү бир нерселер боюнча келишүүсү мүмкүн: Трампка коюлган айыптоолордо же карыздын чегин көтөрүү же өндүрүштү өз кызыкчылыктарына ылайык азайтуу маселесинде мунаса чечимди табууда өз ара келишип алышы мүмкүн. Эки партия тең бул иште жумушсуздук, жогору баа, долбоорлордун аздыгы сыяктуу калкты кыйнап жаткан нерселерге таптакыр көңүл бурушпайт.

Тыянактап айтсак, бүгүнкү күндө мына ушундай саясат жана текебердик өкүмдар болсо, малайлар, аскерий базалар, куралдануу жарышы жана башка иштер үчүн чоң-чоң каражаттар жумшалып жаткан соң, АКШ экономикасын эч ким куткара албайт. Американын чет мамлекеттерге таянышы, дүйнөгө өкүмдарлыгы, дүйнөнүн байлыктарын талап-тоношу Аллах жарык күндөргө уруксат бергенге чейин уланат. Аллахтын уруксаты менен, Американын кулашы ичинен болот же дүйнөлүк жаңы түзүм тикелениши менен ишке ашат. Бул жаңы түзүм АКШны активдүү жана таасирдүү даражада күрөшкө чакырып, андан таптакыр чоочубайт о.э. Американы жана анын долларын титирете турган кубаттуу экономикага таянып, АКШнын дүйнөлүк саясатына каршы күрөшөт. Бул ишти бир мамлекет т.а. Халифалык мамлекети ишке ашырат. Аллах Тааладан бул мамлекетибизди тездетишин сурайбыз.

 

Роя гезити, №444, 2023-жыл, 7-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here