Пригожиндин аскердик козголоңу: Орусия оор абалга кептелди

2430
0

Пригожиндин аскердик козголоңу: Орусия оор абалга кептелди

         “Вагнердин” аскердик уюмунун башчысы Евгений Пригожин коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Москвага күч менен бара турганын айтты.

         22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин “Вагнер” тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Анын билдирүүсүнөн көп өтпөй, Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде чукул кайрылуу жасап, “Вагнердин” аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөдү. Ал Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам Орусияга чыккынчылык кылды” деп айыптады.

         Пригожин президент Путиндин кайрылуусуна комментарий берип, Путиндин сөзүн “терең жаңылыштык” деп айыптады. “Президент же Федералдык коопсуздук комитети (ФСБ) талап кылгандай, эч ким багынып бербейт. Анткени биз өлкөнүн мындан ары коррупция, бюрократия жана калпка чулганып жашашын каалабайбыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

         “Вагнер” тобу Ростов-на-Донудан кийин Воронеж облусундагы бардык аскердик мекемелерди көзөмөлүнө алганын билдирген. Учурда  “Вагнерчилердин” колоннасы Липецк облусундагы Елец шаарына жеткени айтылды. О.э Санк-Петербург шаарында да кармаш жүрүп жатканы кабарланууда.

         Ал арада Укриана президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Евгений Пригожиндин козголоңун Орусияда жарандык согуштун башталышы деп сыпаттап, Украина 1991-жылкы чек арасын көздөй жылууну уланта берерин билдирди.

         Пригожин менен Коргоо министрлигинин чыры бир нече айдан бери уланып келген. Бахмуттагы кармаш учурунда Пригожин бир канча жолу видео кайрылуу жасап, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду курал-жарак жетишсиздигине жана “орустун жерлерин” берип салды деп айыптаган.

         Буга чейин “Хизб ут Тахрир” саясий партиясы учкучсуз учак аркылуу Кремлге жасалган чабуулга карата саясий анализин жарыялаган. Анда, Орусиянын Украинадагы позициясы алсырап, согуш мындан ары Орусия чек арасы ичинде күчөй турганы белгиленип: “Жогоруда айтылгандардан улам, быйылкы жай дагы да ысык болоору күтүлүп жатат жана ар кандай ыктымалдар жүз бериши мүмкүн. Согуш Украинанын ичине гана чектелип калбагандыгы – алардын бири. Украина кол салууга жоопкерчиликти өз мойнуна албаса да Орусия ичинде бир катар чабуулдар жасалды. А түгүл, Орусиядагы кол салууларга жооптуу катары Путиндин бийлигин четке каккан «Орус оппозициясы» ойлоп табылды. Москванын жүрөгүндө жайгашкан Кремлге жасалган чабуул Орусиянын намысына катуу тийди жана Орусия бул окуяны президент Путинге кол салуу катары баалады. Дрон учурулган жер кайда жайгашканына карабастан, анын Кремль сарайынын чатырына жетип баруусу Орусиянын дагы бир алсыз тарабы болуп саналат… Москвадагы Кремль сарайына жасалган дрон чабуулу Украинадагы согуш кооптуу даражага жеткенин билдирет. О.э Америка согуштун жүрүшүн өзгөртө турган күчтүү чабуулдарды баштоо үчүн Орусия ичинде жетиштүү агенттери бар экенине ишара кылат. Орусияда темир жолдорду, мунай базаларын жана энергетика тармагын бутага алган жардыруулар башталып, улам көбөйүп барууда. Башкача айтканда, согушту Украинадан Орусияга көчүрүү аракети иш жүзүндө катуу алып барылууда. Айрыкча, орус кошууну Украинада чоң жоготууларга дуушар болуп, мындан ары согуштун багытын өзгөртө турган чабуул кылышы кыйын болууда. Америка баш болгон Батыш согуштун жүрүшүн Украинанын пайдасына өзгөртүү үчүн аны заманбап курал-жарактар менен камсыздоону улантууда. Украина Херсон шаарын жана Харьковдун аймактарын кайра алуусу, Бахмутта сегиз айдан бери уланган салгылашта Орусия олуттуу жоготууларга карабастан шаарды колго ала албагандыгы учурда согуш Орусиянын зыянына болуп жатканын көрсөтүүдө. Мына ушулар – Кремлге жасалган чабуулдун акыйкаты жана анын артындагы пландар”, – деп айтылган.

         Жыйынтыктап айтканда, жакында эле Америка менен Кытай расмийлеринин жолугушуусу жана эки өлкө алаканы турукташтырууга келишишкенин эске алсак, Орусиянын расмий бийлиги өтө оор абалга кептелип калды. Анткени, Орусия президенти Украинага каршы согушту баштоо алдында Кытай лидери менен жолугуп, ага кайсы бир деңгээлде таянганы белгилүү болгон. Учурдагы Кытайдын нейтралдуу, а түгүл Батыш талаптарына ыктаган позициясы Кремлди курал-жарак жана экономикалык жактан кыйынчылыкка дуушар кылды. Демек, Батыш Орусияны эл аралык майдандан сүрүп чыгаруу саясатында дагы бир кадам алдыга жылды десек болот. Бүгүн дүйнөдө ири мамлекеттер деп аталган бул колонизатор кафир мамлекеттер дүйнөгө жакшылык алып келүү үчүн эмес, жамандык жана зыян алып келүү үчүн бири-бирине каршы күрөшүүдө. Орусия баш көтөргөн ар кандай украиналыкты өлтүрүү үчүн Украинага чабуул кылган болсо, Америка менен Батыш өз аскерлери менен эмес, украиналык аскерлер менен душманга каршы күрөшүүдө. Эки тарап тең украиналыкты өлтүрүү үчүн Украинада бири-бири менен бетме-бет келишүүдө…

         Өтмүштө Фарс жана Рум мамлекеттери өз ара күрөшүп, бири жеңип, экинчиси жеңилгендей тарых кайрадан кайталанууда. Алар өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу жолунда адамдардын канын дайра кылып агызуудан да тартынган эмес. Бул абал Аллах Таала чындык жана адилет ээлери болгон Ислам Үммөтүн жеңиш жана фатх менен сыйлап, Ислам жана мусулмандар азиз, куфр жана кафирлер кор болгонго чейин созулган. Аллахтын уруксаты менен бүгүнкү колонизаторлордун абалы дагы ушундай болот.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here