Жеффри: Сириянын келечегин Батыш гана чечет

2299
0

Жеффри: Сириянын келечегин Батыш гана чечет

АКШнын Сирия маселеси боюнча мурдагы атайын өкүлү Жеймс Жеффри араб мамлекеттери мамилени кайрадан тикелөө жолу менен Сириядагы көйгөйдү чече албашын билдирди. Жефри CNN Түрк телеканалындагы маегинде 2011-жылдан бери алгачкы жолу Дамаск бийлиги менен расмий мамиле орното баштаган арабдардын аракеттери бейпайда экенин белгилеп, Сириянын келечегин Батыш гана чечишин билдирди. Жефринин айтымында, арабдардын колунан келе турган нерсе – коомчулук алдында байрак көтөрүп коюу жана элчиканаларды ачуу.

Комментарий: Сирия маселесинде Батыштын, аныгыраагы АКШнын айтканы болору белгилүү, муну эч ким четке кага албайт. АКШнын уруксаты болбосо, араб мамлекеттеринин башчылары Сирия маселесинде өз алдынча демилге көтөрүп, бир кадам да таштай албашы анык.

Мисалы, Башар Асад дүйнөнүн көз алдында карапайым калкка каршы химиялык куралдарды колдонуу жана бир миллиондон ашуун мусулманды өлтүрүү сыяктуу кылмыштарды кылгандыгы себептүү көпчүлүк саясатчылар – анын ичинде Асадды “Өз калкынын канкору, террорчу” деп атаган Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган да – Асад Сирияда мыйзамдуу жетекчи катары калышы мүмкүн эместигин айтып, ар тарапка жар салышты. Себеби, ал кезде Ак үй админстрациясы Асадды Сирия бийлигинде көрүүнү каалабашын айтып жаткан эле. Ал эми 2020-жылы Анкарага сапар кылган Жеймс Жеффри АКШнын Асад режимин өзгөртүү ниети жоктугун жана Асадды сынап көрүү үчүн ага мөөнөт берерин билдирди. Ошону менен Асадды Сирия президенттигинен четтетүү маселеси жокко чыкты. Бул тууралуу эч ким ооз ачпай калды. Тескерисинче, Асад режими менен мамилелерди калыбына келтирүүгө ишара кылган билдирүүлөр бериле баштады.

Бүгүнкү күндө да, бардык Араб мамлекеттеринин Сирия режими менен мамилелерди кайрадан тикелөө маселесинде бир учурда козголушу, ушул “нормалдашуу” аракети АКШнын көрсөтмөсү менен болуп жатканын көрсөтүп турат.

А бирок бул жердеги эң өкүнүчтүүсү, мусулмандардын келечеги жөнүндө колонизатор кафирлер чечим кабыл алып жатышы. Себеби, мусулмандардын – тагдырын белгилей турган жана бир байрак алдына бириктире турган – Халифасы жок. Азыркы жетекчилер болсо үммөт маселесин душманга тапшырып коюшкан.

Маселеге башка жактан жандаша турган болсок, Батыш Ислам дүйнөсүнө демократияны алып келе жатканын дааба кылып келет. Демократияга ылайык ар бир калк өз тагдырын өзү белгилеши керек эмес беле?! Анан эмне үчүн Сириянын келечегин Сириядан 10 миң километр аралыкта жайгашкан АКШ чечиши керек?! Негизи, алар өздөрү  “Сириянын келечегин Сирия калкынын өзү чечет” деп сайрап жатышпады беле? Мына ушул жерден да алардын “демократия” деген даабасы негизсиз жалган экендиги көрүнүп турат.

Бул маселеде айтарыбыз, АКШ башында турган Батыш мамлекеттери жана алардын Исламий өлкөлөрдөгү малайлары Сириядагы мусулмандарга каршы канчалык тил бириктирип, канчалык фитналарды уюштурбасын, баары бир Исламдын эл аралык саясий майданга кайтып келишине тоскоолдук кыла алышпайт. Себеби, Аллахтын Шариятын колдонуучу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетинин тикелениши – Аллахтын убадасы жана Расулунун башараты болуп, Аллах өз ишинде үстөм. Мындан тышкары, Аллахтын динин үстөм кылуу үчүн күнү-түнү тынымсыз аракет кылып жаткан калыс мусулмандардын демилгеси менен Үммөттүн аң-сезиминде пайда болгон “Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө” учкуну өчкөн жок. Бул учкун ар кандай убакта жалынга айланып кетиши мүмкүн.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here