Британия тышкы иштер министринин орун басары Кыргызстанга келди

2316
0

Британия тышкы иштер министринин орун басары Кыргызстанга келди

Кабар: Британия тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти Борбор Азиядагы сапарынын алкагында Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Британия элчилиги кабарлады.

Бул Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин жогорку даражадагы кызматкеринин 2016-жылдан берки биринчи сапары.

 “Максат – ансыз деле бекем болгон эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берүү о.э. өз ара кызыкчылык жаатында кызматташууну кеңейтүү”, – деп айтылат элчилик тараткан билдирүүдө.

 Лео Докерти Бишкекте Министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугуп, эки тараптуу мамилени, кызматташтыкты талкуулайт. Мындан тышкары Борбор Азиядагы коопсуздук, Афганистандагы абал, соода-экономикалык байланыштар о.э. Улуу Британияга боло турган иш сапарлары тууралуу сөз болот.

 Лео Докерти Бишкектен кийин Казакстан жана Өзбекстанга барат.

 Комментарий: Британия тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид 26-28-апрель күндөрү Бишкекке сапар кылып, бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер менен Россияга каршы санкцияларды сактоо маселеси боюнча сүйлөшкөн. О.э. Британия парламентинин тышкы иштер комитетинин төрайымы Алисия Кернс менен аталган комитеттин мүчөсү Нил Койл да 19-майда Бишкекте бир катар расмийлер жана активисттер менен жолугушту.

 О.э. Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Девид O’Салливан Борбор Азия мамлекеттерине сапарын Кыргызстандан баштап, 28-мартта Бишкекте уюштурулган брифингде Россияга каршы санкцияларды колдобогон мамлекеттердин пикирин урматтай турганын билдирип, ошол эле убакта Россия менен мамилесин улантып жаткан аймактагы мамлекеттерди “көйгөйлөргө дуушар болуп калуудан” эскертип, коркуткан. Британия 2020-жылдын башында бутуна тушоо болуп жатат деп эсептеген Европа Союзунан чыгып кетип, жаңы колонияларды табуу жолунда өзүнүн “түлкү саясатын” кеңири колдоно баштады.

 Британиянын тышкы жана ички саясаты тууралуу “Хизб ут-Тахрирдин саясий түшүнүктөрү” китебинде кеңири баяндалган. Төмөндө ошондон цитата келтиребиз: Англичан калкы

 Бул калк дүйнөгө келгенден баштап, негизинен балыкчылык жана кемечилик менен алектенди. Кийинчерээк ага  деңизчилик жана соода кошулду. Натыйжада, анда пайда артынан кууш, эксплуататорлук жана соодагерлик табияты пайда болду. Өлкөсүнүн көлөмү кичине болгондугу себептүү деңиз аңчылары сыяктуу башкалардан жардам сурабашка аргасы жок эле, деңиз аңчылары кемден-кем ууга жалгыз чыгышат. Кийинчерээк капиталисттик мабданы кабыл алып, пайда тамыр жайды. Ошондуктан да, Англиянын саясий турмушу, жүзөгө келгенден азыркыга чейин, башкалардан жардам суроого жана аңчылык үчүн азык даярдоого негизделип келүүдө. Өзү колонизатордук  кылган дияр болобу, андан жардам сурап жаткан мамлекет болобу, айырмасы жок. Кыскасы, анын бардык саясаты колонизатордук  жаатындагы келишимдер, уюмдар, шерикчиликтер негизине курулгaн. XIX кылымда колонизатордук жаатында башка мамлекеттер менен шерикчилик кылар эле. Англиянын жанында туруп, анын кызыкчылыктарын коргошу үчүн айрым диярларды колония кылууга катуу бел байлады. Дал ушул максатта т.а. регионго коркунуч туулгудай болсо, өзүнүн алдында туруп, коркунучтарды тосушу үчүн, биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Жакынкы Чыгышка Францияны киргизүүгө аракет кылды. Ошондо «Англия акыркы француз аскери калганга чейин согушат» деген сөздөр болгон эле.

Ошентип, балыкчылардын табияты аларда өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу жолунда башкалардан жардам суроо кулкун да пайда кылган эле

 Британия дагы бир кулку менен таанымал. Аныгыраагы, бул анын эң этибардуу кулку. Ал консерватизм (эскиликке берилүү). Өзгөрүүгө, өнүгүүгө шашылбоо, аргасыз калганда гана бул ишке баруу. Англия калкы, кесе айтканда, консервативдик маанайдагы калк. Ага илгертеден азыркыга чейин ак сөөк үй-бүлөлөр, байлар, ири капиталисттер өкүмүн өткөрүп келет. Мейли, ал өзүн демократиялык калк деп дааба кылса да, жакшылап каралганда андай эместиги айкын болот. Аким дайындоодо калктын эч кандай таасири жок. Аны ак сөөк үй-бүлөлөр, монополия ээлери дайындайт. Тарыхта да ушундай болгон, азыр да ушундай. Азыркыга чейин анын тагдырын ак сөөк үй-бүлөлөр жана капиталисттер чечип келүүдө. Илгертеден Англиядагы ар бир элдик кыймыл жийиркеничтүү түстө каршылыкка учураган жана дал ушундай түрдө бастырылган. Англичандар сыймыктана турган Кромвел козголоңу элдик козголоң эмес, тескерисинче, ак сөөк үй-бүлөлөрдүн элдик козголоңго каршы козголоңу болгон. Анда ак сөөк үй-бүлөлөр жана капиталисттер салтанатын кулатуу максатында элдик козголоң көтөрүлүп, ийгиликке жетишине аз калган эле. Ошондо ак сөөк үй-бүлөлөр айла иштетти жана айрым укуктарды талап кылып чыгуучу козголоң көтөрсүн деп Кромвел жөнөтүлдү. Анын айланасына көпчүлүк топтолду. Айрым талаптар кандырылды. Ушуну менен калк козголоңу бешигинде муунтулду…

Англиянын деңиз ортосундагы арал экендиги, бул аралдын калк муктаждыктарын камсыздай албашы көрүнгөндө, англичандардын жашоо үчүн күрөшүп четке чыккандан башка аргасы жоктугу маалым болот. Бирок, алар соодагерлик менен мал айырбаштоо максатында эмес, колонизатордук максатында, башка калктардын канын соруу, байлыктарын талап-тоноо максатында четке чыгышты. Анткени, оболу аларда айырбаштай турган малдын өзү болбогон. Ушуга ылайык, байлык издеп жолго аттанышты. Аралдан чыккан кездериндеги абалы мына ушундай болчу. Пайдапарастык тутумдук бөлүгү болгон капиталисттик мабданы кабыл алышканда, бул мабда алардын табиятына шакекке көз койгондой туура келди. Ушуну менен, аларда колонизатордук  жагы көңүл борборуна чыгып, биринчи даражалуу колонизатор мамлекетке айланышты. Аз сандуу болушканы жана өздөрүнөн чоңураак күч каршысында тура алышпаганы себептүү, башка калктар жана мамлекеттерди жардам берүүгө мажбурлоо ыкмасын колдонушту. Бул жардам келишимдер, конференциялар, союздар сыяктуу уюмдар көрүнүшүндө болду. Ушуга ылайык, уюшкандык жагы Англия саясатынын ажыралгыс бөлүгүнө айланды. Алар, заковат (акыл жөндөмү) бабында башкалар сыяктуу эле карапайым болушса да, өз заковаттарын акыркы тамчысына чейин иштетүүлөрү менен айырмаланып турушат. Ушуну менен болуп жаткан иштерди түшүнүүдө, саясатты түшүнүүдө, проблемаларды чечүүдө жеткиликтүүлүккө жетишишти. Кеңейүүгө өтө муктаж экендиктерин этибарга алып, өнөр жайларын аскердик өнөр жай негизинде курушту. Бул нерсе аларды толук маанидеги мамлекет болууга алып барды. Алар аскердик күчтөн да, аскердик техникадан да, өнөр жайга тиешелүү күчтөн да керегинче пайдаланышат. Мунун үстүнө, саясатты да, башкарууну да терең түшүнүшөт. Көбүнчө ыпластык көрүнө турган айла-амалдарды да ишке салышат.

 Англиянын тышкы саясаты колонизатордук  негизге курулган. Бирок, анда эки иш көзгө урунуп турат: биринчиси – эл аралык тең салмактуулукту сактап калуу болсо, экинчиси – канчалык кымбатка түшпөсүн, эл аралык саясаттагы өз ордун сактап калуу. Ошондуктан да, ал кресттүүлөр жүрүшүнө ашкере катышты. Ыйык союзда ири мамлекеттердин эң алдыңкы катарында болду. Наполеонду сындыруу, Францияны өз ордуна кайтарууда алдынкы сапта турду. Бисмарк доорундагы Германия аракетинде Берлин жыйынына катышып, анын күчүн кесүүнү көздөдү. Германиянын кубаты аябай күчөп бара жатканын сезип, ага каршы согуш жарыялады. Дүйнөлүк эки согушта тең ага каршы тарапта турду. Дүйнө картасын өзгөртүү жана ошол убакта т.а. келишүү доорунда дүйнөнү башкарып жаткан эки гигант мамлекетти алсыратуу максатында, бүткүл дүйнөнү дүйнөлүк согушка алып кирди. Эки гиганттын союзу акыбетинде эл аралык саясаттан четтетилгенден кийин, өзун жоготуп койгон адамга окшоп калды. Дагы кайра эл аралык майдандан орун алуу жана эл аралык саясатта катышуу үчүн өзүн коркунучка салып болсо да, жеке аракет кылды. Бул иште мамлекеттер менен келишим түзүүгө, адамдарды тартып, алар аркылуу таасир өткөрүүгө таянар эле. Соодалашуу жолунда душманга чоңураак сугум берип коюу оюна да келбес эле. Ал  саясатта досту да, душманды да тааныбайт. Пайдадан башка нерселер да бар экендигине ишенбейт, аларды алдоо куралы деп эсептейт. Ишенимге кирүү үчүн жалганын көрсөтпөөгө аракет кылса да, аны саясатындагы эң активдүү курал катары колдонот. Британия премьер-министри Черчилл согуш тагдырын жана Германия келечегин чечүү үчүн Рузвельт жана Сталин менен учурашкан чагында ачыктан-ачык мындай деген эле: «Согуштагы чындык ушунчалык кымбат болуп, аны жалгандардан түзүлгөн сакчылар менен коргогондон башка аргаңар жок». Британия саясатында жалган канчалык асл нерсе (түпкү негиз) экендиги мына ушундан көрүнүп турат.

 Британия жана анын саясатынын вакиъси мына ушундай. Аны менен колонизатор жана калкты кул кылуу негизине курулган мамлекет катары мамиледе болуу лазым. Жылдар жана окуялар анын бул жолун өзгөртө албады. Бир нече элдик козголоңдорго туш келди. Бирөөнүн да ийгиликке жетишине жол бербеди. Анын колонизатордугуна каршы туруу үчүн анын ыкмаларын идирек кылуу менен о.э. ыкмалары жашыруун түрдөгү жөнөкөй аярлыгына ачыктан-ачык каршы чыгуу менен болот. Анын күчү акындын: «Мени сен дабалагын оору менен» деген ыр сабындагыдай. Тышкарыдагы кубаты башкаларды, а түгүл, каршы туруучуларды өзүнө тарта алышында. Аны жеңүү үчүн салттуу түрдөгү саясий куралдарынан ажыратуудан, эч бир жардамчысыз, шериксиз, жалгыз өзүнө каршы туруудан башка жол жол жок. (цитатанын аягы)

 Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here