Лавров: Батыш Борбор Азияга кирүүгө аракет кылууда

2114
0

Лавров: Батыш Борбор Азияга кирүүгө аракет кылууда

 Кабар: Батыш Борбор Азия аймагына гуманитардык жана аскерий жактан кирүүгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

 Лавров Россия-Тажикстан университетинде сүйлөгөн сөзүндө: “Бүгүнкү күндө Батыштын Борбор Азияга, анын ичинде гуманитардык жана аскердик жактан чечкиндүү түрдө кирүүсү боюнча максаттуу аракеттери байкалууда”, – деди.

 Лавров Борбор Азиядагы өнөктөштөрдү “Батыш сунуш кылган жана таңуулап жаткан аскерий тармактагы жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуу программаларындагы кызматташтык схемаларын” сын көз менен кабыл алууга чакырды.

 О.э. Батыш өлкөлөрү сунуштап жаткан өнүгүүгө жардамдашуу программалары негизи Борбор Азия аймагын көзөмөлдөө жана саясий-экономикалык мухитти өзүнө туура келе тургандай көрүнүштө кайрадан калыптандыруу каражаттары экендигин кошумчалады.

 Комментарий: АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февраль жана 1-март күндөрү Борбор Азияга сапар кылдыган. Ал сапардын алкагында Астана шаарында Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышуусунда “С5+1” форматында жолугушуу өткөрүп, андан соң Ташкентке барып, өлкө жетекчилиги менен “эки тараптуу жана аймактык маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү” жаатында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

 Блинкендин ал сапарына мамиле билдирген Сергей Лавров: “Азыр биз америкалыктар эле эмес, европалыктар жана британиялыктардын, өнүгүп жаткан дүйнөдө, айрыкча КМШда активдүүлүгү күчөгөнүнө күбө болуп жатабыз, бул болгону бир жол, булар ал жердеги мамлекеттердин Россия менен жакшы мамилени сактап калышына каршы иштеп жатышат”, – деген эле.

 Россия Украинадагы согуш себептүү алсырап барган сайын АКШ жана Европа жетекчилеринин аймакка сапары көбөйүп барууда. Блинкендин сапарынан кийин т.а. апрель айынын аягында АКШнын каржы министринин финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча орун басары Элизабет Розенберг жана Соода министринин орунбасары Мэтю Акселрод Кыргызстанга сапар кылып, өкмөт өкүлдөрү жана Улуттук банктын жетекчиси менен жолугушуп, Москвага каршы санкцияларды кыйгап өтүү жолдорун токтотуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

 Белгилүү болгондой, АКШ Борбор Азияда Россиянын таасирин алсыратуу үчүн “С5+1” жана “Түрк мамлекеттери уюмунан” пайдаланып, аймактагы таасирин күчөтүүгө умтулуп келет. Таасир талашуу жана жаңы колонияга ээ болуу күрөшүнөн Европа мамлекеттери да четте калган жок. А бирок, Европа мамлекеттери расмийлеринин аймактагы мамлекеттерге сапарлары көбүрөөк Россияны алдан тайдырууга жана аймактагы мамлекеттердин Кытайга экономикалык жактан көз карандылыгын азайтууга багытталууда. АКШ Украина согушун козгоо менен Европа мамлекеттерин да өзүнүн саясаты алкагында аракет кылууга мажбурлай алды.

 Буга чейин айтып өткөнүбүздөй, Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Девид O’Салливан 28-мартта Борбор Азияга сапарын Кыргызстандан баштаган жана Россияга каршы санкциялар сакталып жатканын текшерүү үчүн Өзбекстан менен Казакстанга да сапар кылган. 28-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент эл аралык инвестиция форумунун алкагында Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан башында турган делегация менен жолугушту. 2-июнда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында “Евробиримдик-Борбор Азия” саммити болуп өттү.

 О.э. АКШ аймактагы мамлекеттерди Кытайга экономикалык көз карандылыктан чыгаруу үчүн Сингапур жана Катар сыяктуу экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттерди ишке салууда. Жакында эле Сингапурдун президенти Халима Якуб Казакстан жана Өзбекстанга сапар кылып, миллиарддаган доллардык келишимдерге кол коюлган болсо, Катардын амири шайх Тамим бин Хамад 5-6-июнь күндөрү Өзбекстанда болуп, андан соң Кыргызстанга келди.

 АКШ жана Европанын өкүлдөрү аймактагы мамлекеттерге тынымсыз каттап жатышы Россияга жакпашы табигый көрүнүш. Россия аймактагы мамлекеттерди чеңгелинде кармап калуу үчүн эмгек мигранттарына кысымды күчөтүү аркылуу жергиликтүү бийликтерден батышчыл күчтөр менен бейөкмөт уюмдарга каршы күрөшүүнү талап кылат.

 Биздин өкмөттөр болсо кайсы колонизатордон көбүрөөк пайда келерин көздөп, Россиянын дагы да алдан тайышын күтүп турушат. Эгер согуш уланып, Россия Украина согушуна биротоло батып кала турган болсо, жетекчилерибиз эч бир экиленбестен аймакты башка колонизатордун колуна тапшырып жиберишет. Алардын бирден-бир максаты, кандай жол менен болсо да бийлигин сактап калуу. Ушундай болгон соң, биз мусулмандар өз келечегибизди жана тагдырыбызды колонизаторлордун куурчактары болгон акимдерге тапшырып койбостон, бизди эки дүйнө азиздигине алып бара турган исламий Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышыбыз керек. Халифалык мамлекети гана колонизаторлордун мусулмандар үстүндөгү жийиркеничтүү оюндарына чек коё алат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here