Шахстардын саламаттыгын сактоо – шахстарды дабалоо иш-чаралары

3053
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

 Бисмиллахир рохманир рохийм

 Шахстардын саламаттыгын сактоо – шахстарды дабалоо иш-чаралары

 Шифаа Аллах азза ва жалла тарабынан келет

  Тиббият (медицина) – бул жисманий (дене) жана рухий кеселдиктерди дабалоо. Табиб болсо, ушул тармакта билимге, чеберчиликке жана тажрыйбага ээ болгон о.э. жардам көрсөтүшү мүмкүн болгон болгон шахс. Лекин, шифа берүүчү бир гана Аллах. Имам Ахмад өз “Муснад”ында Абу Римса ат-Таймийден риваят кылып айтат:

انْطَلَقْتُ مَعَ أَبِي وَأَنَا غُلَامٌ، إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ فَقَالَ لَهُ أَبِي إِنِّي رَجُلٌ طَبِيبٌ فَأَرِنِي هَذِهِ السِّلْعَةَ الَّتِي بِظَهْرِكَ قَالَ وَمَا تَصْنَعُ بِهَا قَالَ أَقْطَعُهَا قَالَ لَسْتَ بِطَبِيبٍ وَلَكِنَّكَ رَفِيقٌ طَبِيبُهَا الَّذِي وَضَعَهَا (وَقَالَ غَيْرُهُ الَّذِي خَلَقَهَا‏)

 Мен балалык чагымда атам менен Набий соллаллоху алайхи ва саллам алдына бардым. Атам Расулуллох соллаллоху алайхи ва салламга:

– (пайгамбарлык мөөрүн назарда тутуп) Аркаңыздагы өсмөнү көрсөтүңүз, – деди. 

Расулуллох соллаллоху алайхи ва саллам:

– Эмне кыласың? – деди.

– Кесип таштайм, – деди атам.

– Сен табиб эмессиң. Сен рафиксиң. Анын табиби аны жараткан Зат, – деди Расулуллох соллаллоху алайхи ва саллам”.

“Сен табиб эмессиң. Сен рафиксиң” дегени “Сен кеселге мээрмандык кыласың, лутф көрсөтөсүң. Аллах болсо, аны кеселден куткарып, ага шифаа берет” дегени. Т.а. сен ага лутф көрсөтөсүң, муну менен сыркоого жардам бересиң, ага насихат кыласың. Лекин ага шифааны жалгыз Аллахтын Өзү берет. Жаабир розияллоху анху Расулуллох соллаллоху алайхи ва салламдан риваят кылат:

لِكُلِّ داءٍ دَواءٌ، فإذا أُصِيبَ دَواءُ الدَّاءِ بَرَأَ بإذْنِ اللهِ عزَّ وجلَّ.

 Ар бир ооруунун дабаасы бар. Эгер ооруунун дабаасы табылса, сыркоо Аллахтын изни менен сакайып кетет”. Сахихи Муслим.

Абу Хузома атасынан риваят кылат, ал айтат: Расулуллох соллаллоху алайхи ва салламдан сурадым;

 يا رسولَ اللهِ أرأيتَ رُقىً نسترْقيها ودواءً نتداوى به وتقاةً نتقِيها هل تردُّ من قدرِ اللهِ شيئًا؟ قال: هي منْ قدرِ اللهِ

Я Расулуллох, эмне дейсиз, биз рукя кылабыз (дем салабыз), оорусак дабааланабыз. Кеселдиктерден сактанабыз. Бул иштерибиз менен Аллахтын кадарын инкар кылган болбойбузбу?

Расулуллох соллаллоху алайхи ва саллам:

Булар да Аллахтын кадарынан, –  деди”. (Термизий чыгарган жана аны хасан сахих хадис деген). Демек, шахстын ооруу Аллах тарабынан келишин жана шифаа да Аллах тааала тарабынан гана келишин билиши зарыл.

Мусулман үчүн оорууга сабр кылышы жайиз болгонундай, ага дабааланууга аракет кылышы да сунуш кылынат

Шахс дабааланууга аракет кылышы мүмкүн – бу ага сооп болот – же мунун ордуна дабаалануудан баш тартып, оорууга сабр кылышы мүмкүн. Демек, дабаалануу фарз эмес, мандуб иш. Мунун далилдери:

1-Бухарий Абу Хурайра тарабынан риваят кылат: Расулуллох соллаллоху алайхи ва саллам айтты:

ما أنزل الله داء إلا أنزل له شفاء

“Аллах тааала бирер ооруу түшүргөн болсо, албетте анын шифаасын да түшүрдү”.

Муслим Жабир ибн Абдуллахтан риваят кылат, Расулуллох соллаллоху алайхи ва саллам деди:

لِكُلِّ داءٍ دَواءٌ، فإذا أُصِيبَ دَواءُ الدَّاءِ بَرَأَ بإذْنِ اللهِ عزَّ وجلَّ

Ар кандай кеселдиктин дабаасы бар. Эгер кеселдиктин дабаасы табылса, ал Аллахтын изни менен түзөлөт”.

Ахмад өз “Муснад”ында Абдуллах ибн Масъуддан риваят кылат:

ما أنزل الله داء إلا قد أنزل له شفاء، علمه من علمه، وجهله من جهله

“Аллах бирер кеселдик түшүргөн болсо, албетте анын шифаасын да түшүргөн. Муну билген билет, билбеген билбейт”.

Ушул хадиси шарифтерде Аллахтын изни менен дартка дабаа болушу мүмкүн болгон муалажага, дабааланууга умтулууга далалаттар бар.

2-Ахмад Анас розияллоху анхудан риваят кылат, айтты: Расулуллох соллаллоху алайхи ва саллам мындай деди:

إن الله حيث خلق الداء، خلق الدواء، فتداووا

“Аллах таала дартты жаратканда, албетте анын дабаасын да жаратты. Ушундай экен, демек, дабаалангыла!”.

Абу Давуд Усама ибн Шурайктан риваят кылат, айтты: Набий соллаллоху алайхи ва саллам алдына келдим. Ал зат сахабалары менен экен. Сахабалар баштарына куш конгондой жымжырт олтуруптур. Мен салам берип, олтурдум. Кийин ар тараптан бадавий арабтар келишти, анан айтышты: Я Расулуллах! Биз дабааланабызбы? Расулуллох соллаллоху алайхи ва саллам айтты:

تداووا فإن الله عز وجل لم يضع داء إلا وضع له دواء، غير داء واحد الهرم

“Дабаалангыла! Анткени, Аллах бирер дартты дабаасыз койбоду. Болгону бир гана дартка дабаа жок. Ал карылык”.

Мурунку хадисте дабааланууга буйрук бар. Кийинки хадисте болсо, бадавийлерге дабааланышы тууралуу сөз кылды. Пенделер дабаалануусу тууралуу, Аллах таала бирер дартты дабаасыз койбогондугу жөнүндө хитоб кылынат (кайрылынат). Эки хадисте тең хитоб амр-буйрук сийгасында келген. Амр ваажибдикти эмес, мутлак талабды ифадалайт. Эгер ал жазм амр(катъий талаб) болсо гана ваажибдикти ифадалайт. Жазм амр болушу үчүн ага далалат кыла турган карина(ишара) болушу лаазым. Жогорудагы эки хадисте болсо ваажибдикке далалат кыла турган эч кандай карина жок. Буга кошумча, дабааланбай коюу мүмкүндүгүнө далалат кыла турган хадистер келген. Бу болсо, ушу эки хадистен ваажибдик ифадасын жокко чыгарат. Муслим Имрон ибн Хусайндан риваят кылат, Набий соллаллоху алайхи ва саллам мархамат кылат:

يَدْخُلُ الْجَنَّةَ مِنْ أُمَّتِي سَبْعُونَ أَلْفًا بِغَيْرِ حِسَابٍ

Үммөтүмдөн жетимиш миңи жаннатка эсеп-китепсиз кирет”

– Алар кимдер, я Расулуллох, деп сурашты.

هُمْ الَّذِينَ لا يَكْتَوُونَ لا يَسْتَرْقُونَ وَعَلَى رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُون

Алар дары сүртүп өздөрүн күйгүзүшпөйт, дем салдырышпайт. Алар Роббисине таваккул кылышат”, деп жооп берди. Дары сүртүп өзүн күйгүзүү жана дем салдыруу дабаалануу түрлөрүнө кирет. Бухарий Ато ибн Абий Рабаахтан риваят кылат, ал киши айтты:

قالَ لي ابنُ عَبَّاسٍ: أَلَا أُرِيكَ امْرَأَةً مِن أَهْلِ الجَنَّةِ؟ قُلتُ: بَلَى، قالَ: هذِه المَرْأَةُ السَّوْدَاءُ، أَتَتِ النبيَّ صَلَّى اللَّهُ عليه وسلَّمَ، قالَتْ: إنِّي أُصْرَعُ وإنِّي أَتَكَشَّفُ، فَادْعُ اللَّهَ لِي، قالَ: إنْ شِئْتِ صَبَرْتِ وَلَكِ الجَنَّةُ، وإنْ شِئْتِ دَعَوْتُ اللَّهَ أَنْ يُعَافِيَكِ قالَتْ: أَصْبِرُ، قالَتْ: فإنِّي أَتَكَشَّفُ فَادْعُ اللَّهَ أَنْ لا أَتَكَشَّفَ فَدَعَا لَهَا.

 “Мага ибн Аббос:

– “Ахли жаннаттардан болгон бир аялды сага көрсөтөйүнбү”, – деди. Мен

– Ооба, көрсөтүңүз, – дедим.

– Бир бу кара аял Расулуллох сололлаху алайхи ва саллам алдына келип, айтты:

–  Менин талымам кармап калат да, авраттарым ачылып калат. Ошон үчүн мага дуа кылыңыз, я Расулуллох!

Расулуллох соллалллоху алайхи ва саллам деди:

Кааласаң сабр кыласың жана жаннатка түшөсүң. Кааласаң сага шифаа сурап Аллахка дуа кыламын”.

Аял:

Сабр кылам, лекин менин авраттарым ачылып калат. Ошондой болбошу үчүн Аллахка дуа кылыңыз – деди. Расулуллох соллаллоху алайхи ва саллам ал үчүн дуа кылды”.

Ушул эки хадис дабааланбай коюу жайиз экендигине далалат кылат. Мына ушулардын баары хадиси шарифтерде келген “Дабаалангыла”, “Дабаа издегиле!” деген буйруктардын ваажибдикти ифадалабашына далалат кылат. Демек, биердеги буйрук мубахтык же мандубдукту ифадалайт. Расулуллох соллаллоху алайхи ва салламдын дабааланууга катуу үндөгөндүктөрү үчүн, хадиси шарифтерде дабааланууга болгон буйруктан мандубдук өкүмү түшүнүлөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here