“Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммити Кыргызстанда өтөт

3020
0

“Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммити Кыргызстанда өтөт

         2-июнда “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитинин 2-айлампасы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

         Маалыматка ылайык, саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.

         Саммиттин алкагында президент Садыр Жапаров келген мамлекеттин лидерлери менен менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. 3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары болот. Анын алкагында президент Садыр Жапаров менен жеке жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр жүрүп, кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелери талкууланат.

         “Борбор Азия — Европа Биримдиги” саммити алгачкы жолу былтыр 27-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн. Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Макулдашуу боюнча жаңы документ даярдалып жатканы 2017-жылдан бери айтылып келет.

         Европа биримдиги Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын 2019-жылы кабыл алган. Мунун алкагында “Европа биримдиги+Борбор Азия” саммити уюштурулган. Мындан белгилүү болгондой, Борбор Азияда АКШ, Орусия, Кытай менен бирге Евро Биримдик да саясий оюнга аралашып келет. Евро биримдиктин стратегиясында аймакка инвестиция аркылуу экономикалык таасирин күчөтүүдөн баштап студенттерди окутуу, тажрыйба алмашуу шылтоолору менен өз кадрларын даярдоого чейин каралган. Азырынча Борбор Азия өлкөлөрүндө Евробиримдиктин саясий таасири алсыз болгону менен, экономикалык жактан кирип келүү жана таасирин өткөрүү жолундагы аракетин токтото элек. Ошол эле убакта региондогу мамлекеттердин билим берүү тармагына жардам берүү аркылуу өзүнүн сакафий таасирин кеңейтүүгө да умтулуп келет.

         Буга чейин Борбор Азия лидерлери 19-майда Кытайдын Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” саммитинин алгачкы жолугушуусуна катышып келген. Саммиттин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынган. Бул саммитте Кытайдын Борбор Азияны таасири астына алуучу бир катар келишимдерге кол коюлду.

         Ал эми, Орусия аймактагы таасирин бекем кармап калуу үчүн өткөн жылы С5+Орусия саммитин уюштурган. Ал формалдуу түрдө Казакстанда өткөрүлүп, саммитке Орусиянын жана Борбор Азиядагы беш өлкөнүн президенттери катышкан. Бул платформа аркылуу Орусия негизинен Батыштын аймактагы таасири артышына каршы турууга аракет кылмакчы. Ал эми, Кытайдын аймактагы таасири артышына каршы күрөшүүгө кубаты калбагандыктан, аны менен соодалашууга мажбур абалда. Муну Кытай лидеринин Орусияга болгон расмий сапары учурундагы билдирүүлөрү да тастыктап турат. Си менен Путин биргелешкен билдирүүсүндө “Орусия менен Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө сырттан кийлигишүүгө жана “түстүү революцияны” импорттоо аракеттерине жол бербейт” деген.

        Мындан тышкары, С5+1 форматында АКШ менен Борбор Азия мамлекеттери ортосунда да саммит өткөрүлүп келет. Бул форматтагы жолугушуу 2015-жылдан бери уланууда. Америка С5+1 саммиттери аркылуу терроризмге каршы күрөшүү, ишкерликтеги атаандаштык, транспорт коридорун түзүү, энергетика жана аймактык кызматташтык долбоорлорун талкуулап келет. Бул долбоорлор аркылуу Америка аймакты Орусия таасиринен узакташтырып, Кытайга каршы турууга аракет кылат. А бирок, Американын аймактагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, С5+1 форматында Индия жана Япония саммиттери да уюштурулган. Белгилүү болгондой, АКШ Япония менен Индияны Кытайдын таасирине каршы майнаптуу колдонуп келет. Башкача айтканда, Япония менен Индиянын С5+1 саммиттери алардын экономикалык кызыкчылыктарына кызмат кылса да, жалпысынан Американын аймактагы Кытайга каршы саясатына шайкеш алып барылат.

         Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капитализм өкүмдарлык кылган дүйнө империалисттери кайсыл аймакта боштук болсо, ошол жерге тамак издеген иттердей жетип келүүдө. Учурда мындай боштук Борбор Азияда күзөтүлүп жатышы жана бул аймактын стратегиялык маанилүүлүгү империалисттердин аймакта таасирин кеңейтүүсүнө түрткү берип жатат.  Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес. Буга акыркы кездеги саясий окуялар жана Борбор Азия лидерлери менен ири мамлекеттердин ортосундагы алакалар да ишара кылууда. Айрыкча, С5+1 саммиттеринин шылтоосу менен ар бир колонизатор аймакты өз таасири астында кармап калууга аракет кылууда. Муну «Кытай-Борбор Азия», «АКШ-Борбор Азия», Евро Биримдик-Борбор Азия», «Орусия-Борбор Азия», «Индия-Борбор Азия», «Япония-Борбор Азия» саммиттеринин байма-бай өткөрүлүшү да далилдеп турат. Анткени, капитализм дүйнө карашы «чексиз каалоо – чектүү ресурс» теориясына негизделген. Мындан улам, империалисттер дүйнөнүн төрт бурчундагы кен байлыктарды, энергия ресурстарын ташып кетүүгө кызыктар! Биз мусулмандар пайдага негизделген, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө чейин колонизаторлордун биздин үстүбүздөгү өкүмзордугу улана бермекчи. Андыктан, Борбор Азияны эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бул кордуктан куткара турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу үстүбүздөгү зулумдукту токтотууга аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here