Россия Кыргызстандын асманын коргойт

3069
0

Россия Кыргызстандын асманын коргойт

 Кабар: РФ президенти Владимир Путин Россия менен Кыргызстандын Абадан коргонуучу биргелешкен аймактык системасын түзүү боюнча келишимди ратификациялаган мыйзамга кол койду.

 Документке ылайык, Россиянын абадан коргонуучу системасын жайгаштыруу үчүн Кыргызстан беш гектар жерди акысыз берет.

 Келишимге ылайык, Абадан коргонуучу биргелешкен аймактык системасынын бирдиктүү аракеттеринин координациясын Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн башкы командачысы жүргүзөт. Ал эми биргелешкен аракеттерди Кыргызстандын абадан коргоо күчтөрүнүн командачысы башкарат.

 Мамлекеттер аралык келишим 5 жыл мөөнөткө түзүлгөн. Эгер тараптар андан чыгууну каалашпаса, анда бул келишимдин мөөнөтү автоматтык түрдө дагы 5 жылга узартылат.

 Комментарий: Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 2020-жылы 9-июнда Россиянын Канттагы авиабазасы боюнча келишимдин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү протоколду ратификациялаган. Ал протоколго ылайык, Канттагы аскер базанын учуп-конуу тилкеси оңдоо үчүн Россиянын менчигине өткөрүп берилген.

 Андан соң, 2022-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети Бишкектеги эки имаратты эки тараптуу келишимдин негизинде Россиянын чек ара кызматына 49 жылга ижарага берүүнү жактырган. Ал эми, Россия тарап имараттарды ижарага алуунун ордуна сатып алуу сунушу менен чыккан. “Кыргызстандын мыйзамчылыгында имаратты, кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча тоскоолдуктар жок” деген шылтоо менен имаратка чектеш жайгашкан жер тилкеси 49 жылга ижарага бериле турган болгон. Россияга бериле турган имараттын жалпы аянты 2 миң чарчы метрден ашуун. Ал имарат Бишкектин Жибек Жолу жана Күрөңкеев көчөлөрүндө жайгашкан. Россия бул имаратты сатып алса, ал бул өлкөнүн менчигине өтөт. Мындан тышкары, Кыргызстанда Россиянын төрт аскерий объекти – Кант авиабазасы, Ысык-Көлдөгү сыноо базасы, сейсмостанция жана РФ аскер деңиз флотунун байланыш тармагы да бар. Кыргыз өкмөтү алардын ишмердүүлүгүнө кирише албайт…

 Адаттагыдай эле, абадан коргонуу боюнча биргелешкен система түзүлө турган болсо, табигый түрдө Кыргызстан жер берет, ал эми жабдык жана адистер – адистер маскасы артында шпиондор да – Россиядан келет. Система жайгаша турган жер да Россиянын менчигине өткөрүп берилет. Мына ошондо жер эле эмес, Кыргызстандын аба мейкиндиги да толугу менен Россиянын көзөмөлүнө өтөт. Башчыларыбыз болсо  “эгемендүүбүз” деп көкүрөк кагып, жерлер “убактылуу ижарага” берилгенин, белгиленген мөөнөт аяктаганда чыгып кетерин айтып элди алдагандан чарчашпайт.

 Шаръий жактан алганда, исламий өлкөлөрдө чет элдик атайын кызматтардын тыңчылык жана террочулук кылышына, кол тийбестикти бузуп, саткындарды сатып алуу менен алектене турган “ийин”дерди курушуна жол берилбеши керек. Колонизатор мамлекеттер басып, эээлеп алган жерлерин эч качан өз ыктыяры менен таштап чыгып кетишпейт. Аларды өзүнөн кубаттуу болгон башка бир күч гана мажбурлап чыгара алат. Аллахтын изни менен жакынкы күндөрдө кайрадан тикелене турган Ислам мамлекети иш жүзүндө согуш абалында болгон колонизатор мамлекеттер элчиканаларды ачышына о.э. өлкөдө бирер мамлекеттин аскерий базасы болушуна, колонизатор мамлекеттин аскерлери мамлекетте ээн-эркин сайрандап жүрүшүнө эч качан жол бербейт.

 Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here