ЕАЭБ көйгөйлөр агымында

2664
0

ЕАЭБ көйгөйлөр агымында

 Кабар: 25-майда Москвада өткөн Евразия экономикалык биримдиги форумунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЕАЭБ уюму ичинде Россия жана Беларус союздаш мамлекети “феномени” бар экендигине көңүлдү бурду жана кесиптештерине мамлекеттер интеграциясынын түрдүү деңгээлин талкуулоону сунуштады.

 Казакстандын президенти: “Дүйнөлүк саясий тарыхта уникалдуу прецедент жаралды, феномен десеңер деле болот. “Эки өлкө – 1 мамлекет” формуласы менен бирдиктүү саясий, юридикалык, аскердик, экономикалык, валюталык, маданий   гуманитардык мейкиндиги бар мамлекет түзүлдү. Бирдиктүү союздаш өкмөтү, бирдиктүү союздаш парламенти. Кечирип коёсуздар, керек болсо ядролук куралы да бир”, – деди.

 Ал ЕАЭБде интеграциянын башка деңгээли – Казакстан, Кыргызстан,жана Армения да бар экенин белгилеп: “Бул реалдуулук менен эсептешиш керек. Мындай шартта кантип иш алып барабыз. Бул концептуалдуу суроо. Биз ушул көйгөйдү талкуулашыбыз керек деп ойлойм”, – деди.

 Эксперттердин айтымында, Токаев бул сөздөрү аркылуу ЕАЭБдин азыркы форматынын келечеги жоктугу жана ал көпкө жашай албастыгы жөнүндөгү пикирин дипломатиялык жол менен билдирген.

 Саммитте ЕАЭБ алкагында бир эмес, эки союз бар экендигин жана бул туура эмес экендигин билдирди. ЕАЭБдин алкагында экиге бөлүнүү т.а. эки жамаат бар экендигине жана бул нерсе карама-каршылыктарды келтирип чыгарып жатканына көңүлдү бурду. Дагы  “Евразиялык экономикалык биримдиги – бул экономикалык биримдик” деп баса белгиледи.

 Комментарий: ЕАЭБ түзүлгөндөн бери жалаң гана Россиянын кызыкчылыгына кызмат кылып келет, негизи Путин уюмду ушул максатта түзгөн. Болгону Путин бул уюмга мүчө мамлекеттердин арасынан – ага канчалык ишенимдүүлүгүнө карай – тигил же бул мамлекетке кошумча мүмкүнчүлүк жана шарттарды түзүп берүүдө. Мисалы, Путин менен Лукашенконун ортосундагы мамилелер начарлап турган кезде Путин уюмда Казакстан үчүн өзүнчө макам киргизип, шарттарды түзүп берген эле. Ошондо бул нерсе уюмдун мүчөсү болгон мамлекеттердин, анын ичинде, кыргыз өкмөтүнүн нааразылыгына себеп болгон. Кыргызстандын премьер-министри Акылбек Жапаров 2022-жылдын февраль айында Евразия өнүктүрүү банкынын бардык каражаттары жалаң гана Казакстан менен Россиядагы инвестициялык долбоорлорду каржылоого жумшалып жатканына арызданган жана ЕАЭБ мамлекет башчыларынын май айында өткөн жыйынында бул маселени көтөрүү пландаштырылып жатканын билдирип:  “Жогорудагы кризиске каршы институт Россия жана Казакстан экономикасын колдоо үчүн эмес, Армения, Кыргызстан жана Беларус сыяктуу мамлекеттердин экономикасын теңдөө үчүн иштеши керек жана муну Россия президенти Владимир Путин да бир нече жолу баса белгилеген. Биз бул маселени күн тартибине алып чыгабыз. Кесиптештерим мени колдойт деген үмүтүм бар. Азыр болсо 99 пайыз акча Казакстан жана Россияны колдоого кетип жатат”, – деген эле.

 Путин менен Токаевдин ортосундагы мындай жылуу мамиле 2022-жылдын февраль айына чейин уланды. Белгилүү болгондой, 2022-жылдын январь айында Казакстанда кандуу окуялар башталып,  Токаев Путинден ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн киргизүүнү суранды. Казакстандагы тополоң бастырылган соң Токаевдин “ЖККУ күчтөрү тез арада мамлекеттен чыгып кетери” жөнүндөгү күтүүсүз билдирүүсүнөн кийин Путин менен Токаевдин мамилеси начарлай баштады. Мындан тышкары, Россия Украинага каршы баштаган баскынчылык согушунда Казакстан бейтарап позицияда калгандан тышкары, Касым-Жомарт Токаев Петербург экономикалык форумундагы сөзүндө, Путиндин алдында туруп, эгемендүүлүгүн жарыялаган Донецк жана Луганск республикаларын тааныбай турганын айткандан кийин мамиле ого бетер начарлап кетти.

 Буга тескери көрүнүштө, Белорустагы нааразылык толкундарына чейин ЕАЭБ жана ЖККУну сындап келген Александр Лукашенко Путиндин жардамы менен бийлигин сактап калган соң, Путин тарапка ооп кетти. Ал тургай, Россиянын Украинага каршы баскынчылыгын колдоо менен эле чектелбестен, орус баскынчыларына эшикти кеңири ачып берди. О.э. Россиянын ядролук куралдарын жайгаштырууга да уруксат берди. Натыйжада Лукашенко ЕАЭБде Путиндин “оң колуна” айланып, уюмда өзгөчө “макамга” ээ болуп калды. 

 Белгилүү болгондой, уюмдун кубаты жана таасири жетекчи мамлекеттин эл аралык таасирине көз каранды болот. Эгер жетекчи мамлекет кубаттуу болсо уюм да таасирдүү болот, мамлекет алсыз болсо анын жетегиндеги уюм да таасирсиз уюмга айланат. Мамлекет алсырап барган сайын уюмдун ичиндеги келишпестик  жана карама-карышылыктар да күчөп, акыры уюм жоголот. Бүгүнкү күндө Россия эл аралык саясатта жекеленип, Украина баткагына батып барган сайын анын жетегиндеги уюмдардын ичинде да келишпестиктер күчөп барууда. Бул нерсе ЕАЭБ эле эмес, ЖККУ ичинде да болууда. Мисалы, 22-майда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения ЖККУдан чыгып кетиши мүмкүндүгүн билдирди. Демек, Россия алдан тайып барган сайын анын жетегиндеги уюмдардын келечеги да күмөндүү болуп барууда.

 Абдурахман Адилов 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here