Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышат

3522
0

Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышат

 Кабар: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-25-май күндөрү Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышат. Бул тууралуу президенттик админстрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, Жапаров 24-майда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” аталышындагы Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынына катышат.

 О.э. 25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулап, Биримдиктин мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашат.

 “ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалган”, – деди Муратбек Азимбакиев.

 Комментарий: Россия ббашчылыгында уюштурулган ЕАЭБдин алкагында  түрдүү деңгээлдеги – мамлекет башчылары, Жогорку экономикалык кеңеш же премьер-министрлер деңгээлинде болобу, айырмасыз – жолугушуу жана жыйындар өткөрүлүп жатканы менен бул жыйын жана жолугушуулардан бирер натыйжа күтүүнүн кереги жок. ЕАЭБдин негизги принциби “төрт эркиндик” экендигине т.а. товарлар, кызматтар, капитал жана жумушчу күчүнүн эркин аракеттениши экендигине карабастан, бул эркиндиктер негизинен Россиянын каалоосуна көз каранды болуп, ал тургай керек учурда уюмга мүчө мамлекеттерге басым өткөрүү куралына айланып калды. “Эгемендүү” республикалардын башчылары Путинге жакпай турган бирер сөз айтып, же аракет кылып коюшса, орус өкмөтү дароо колундагы рычагын ишке салып, буларга басым өткөрө баштайт. Мисалы, жакында Кыргызстанда дагы бир жолу латын алфавитине өтүү маселеси көтөрүлөрү менен Россельхознадзор 20-апрелде Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарын Россияга алып кирүүгө тыюу салды. Кийинчерээк ушундай эле чектөө балык продукцияларына да киргизилди. Садыр Жапаров 21-апрелде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алуу учурунда депутаттардын сунушун сындап, аны тил саясаты т.а. кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакыргандан кийин жогорудагы продукцияларды Россияга алып кирүүгө уруксат берилди…  

 ЕАЭБдеги мыйзам-эрежелер Россия тарабынан коюлгандыктан, Россия бул уюмду өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып келет. Россия азырынча аскерий кубатына таянып жана түрдүү коркунучтарды көбүртүп көрсөтүү менен уюмдун башка мүчөлөрүн кармап турат. Бирок, Россия саясий, экономикалык жана аскерий жактан алсырап бара жаткандыктан бул уюмдун келечеги күмөндүү.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here