Америка Иракты басып алышынын акыбеттери

3661
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Америка Иракты басып алышынын акыбеттери

 Устаз Фарис Мансур

Хизб-ут-Тахрирдин Ирак вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Америка – колонизаторлордун таасирине коркунуч туудуруп жатканы, бир кездерде дүйнөнү башкарган пикирий байлыкка ээ болгону, маанилүү стратегиялык жайда жайгашканы, материалдык жана инсаний ресурстарга ээ болгону үчүн – Иракты басып алды. О.э. Ислам Умматы кайра өз улуулугуна жана күч-кубатына жетүү үчүн жасаган аракетине Ирак калкы да өз салымыны кошуусуна жол бербөө жана анын байлыктарын талап-тоноо үчүн бүткүл өлкөнү башаламандык жана ойрондулук иримине таштады. Бул кылмыш көп даражаларда ушундай бир үрөй учурган акыбеттерге алып келди, алардын айрымдарын айтып өтүүгө аракет кылабыз:

1)   Коом даражасында:

Америка Иракты диндер жана улуттар бири-бири менен салгылашкан күрөш майданына айлантты. Бул күрөштүн туруктуулугун камсыздоо максатында, бир пикир үстүндө келишип албастыгы үчүн алардын ар бирине өздөрүнө таандык кайрыла турган булагын даярдап берди. Акыбетте, Ирак эли өмүрүнүн жана мал-мүлкүнүн коопсуздугу таптакыр кепилденбеген токой мыйзамы астында жашап калышты. О.э. Ирак калкы үчүн динди жашоодон бөлүү акыйдасын кабыл алган, жеке адам жана ишеним эркиндигине басым жасап, исламий баалуулуктар урматталбаган, муну менен атеизм жана көптөгөн кырсыктарга эшик ачкан, келишпестик жана жаңжалдардын булагы болгон каргаша конституцияны түзүп берди.

2)   Саясий даражада:

Багдад кулагандан тартып бүгүнкү күнгө чейин амалдагы өкүмдар Америка болуп келүүдө. Ал Ирак саясатынын жалпы багытын белгилөө менен гана чектелбестен, эң майда иштерге чейин аралашууда. Мамлекеттеги үч негизги бийлик кызматтарын бөлүштүрүп, тайпачылык жана этникалык негиздеги квоталарга айлантты. Т.а. премьер-министрликти шиаларга, парламенттин төрагалыгын суннийлерге жана президенттикти күрддөргө берди. Натыйжада, саясатты таптакыр түшүнбөгөн, мансап ээлөөдөн жана элдин мүлкүн талап-тоноодон башка аракети болбогон партиялар тобу бийликти ээлешти. Бул эрежедеги квота кызматтардын сатылышына алып келди. Ошондуктан, бул партиялардын регионалдык мамлекеттер, айрыкча АКШнын региондогу кызыкчылыктарын коргоп жаткан Иран менен алакада болушу табигый эле… Бул болсо – ушул мамлекеттердин кызыкчылыктары ар түрдүү болгондуктан – партиялар ортосудангы күрөштү күчөттү.

3)   Экономикалык даражада: Америка системалык түрдө жана карамүртөздүк менен эки линияда аракет кылды:

Биринчиси, инфраструктураны – кызмат көрсөтүү, өнөр жай жана айыл чарба сыяктуу бардык формалары менен – ойрон кылуу, анын кайра тикеленишине жол бербөө, бардык завод-фабрикаларды токтотуу жана ээлери кууп чыгарылгандан кийин куралдуу топтор ээлеп алган көптөгөн айыл чарба жерлерин ойрон кылуу. Экинчиси, уурулук. Америка негизги аракети мамлекеттин байлыктарын талап-тоноо жана объектилерин жок кылуу болгон коррупциячылар тобун башкарууга алып келди. Бул жөнүндө БУУнун Ирактагы атайын өкүлү Плассхарт айткан. Финансылык коррупциянын көлөмү жөнүндөгү көрсөткүчтөр карама-каршы болсо да, бирок 2003-жылдан тартып мамлекеттин бюджетине зыян алып келген уурулук триллион доллардан ашканын көрсөтүүдө. Ошондуктан, Ирак дүйнөдөгү эң коррупциялашкан мамлекеттердин арасында биринчи орунду ээлегени таң калычтуу эмес. АКШнын бул эки линия боюнча жасаган аракеттери кырсыктан да жаман натыйжаларды алып келди. Маселен, жергиликтүү өндүрүштүн аздыгы жана төлөм балансындагы дефицит себептүү мамлекет кризистер баткагына батты. Ошондуктан, Ирак калкынын 40%дан ашууну жакырчылык чегинен да төмөн даражада жашап жатат. Бул нерсеге Ирактын электр энергиясы, азык-түлүк жана керектелүүчү продукцияларды кошуна мамлекеттерден импорт кылууга таянып калганы да кошумча болду. Эл аралык Валюта Фондунан карыз алуу жана мамлекеттин карызы 123 миллиард доллардан да ашуусу дарт үстүнө дарт болду. Булардын баары мамлекет экономикалык саясатта да, кай бир тармакка каражат сарптоодо да, күйүүчү май продукциялары сыяктуу айрым товарлардын баасын белгилөөдө да, Ирак динарынын АКШ долларына карата наркын белгилөөдө да чет мамлекеттин көзөмөлүнө түшүп калганын түшүндүрөт.

Бул айтылгандардан кийин чечим барбы? Ооба, Аллахтын уруксаты менен, чечим албетте бар. Бирок, ушуну билип алуубуз керек, азыркы  планыбыз Аллах Таала таптакыр ыраазы болбой турган мункар  план. Аны олуттуулук, чынчылдык жана аң-сезимдүүлүк, мүмкүн болушунча батыраак жана болгон күчүбүз менен өзгөртүүгө аракет кылуубуз шарт. Чечимдин акыйкаты ушул – биз оболу бузулуу кайсыл жерде экенин түшүнүп алуубуз зарыл. Анткени, ким дабаны кааласа ооруга көңүл бурушу керек. Биз башыбыздан өткөрүп жаткан эң жаман оору – бул чириген капиталисттик түзүм. Бул ыплас капиталисттик түзүмдүн эң жаман көрүнүшүн Америка менен анын жолун ээрчиген саясий блоктор көрүнүшүндө көрүүгө болот. Бул блок-партиялар бизди ушул ахвалга алып келген саясий жараянды ишке ашыруу менен Американын пландарын аткарып келишүүдө. Ушул себептен алдыбызда бир гана Ислам түзүмүн жана өкүмдөрүн аң-сезимдүү түрдө түшүнүү аркылуу капиталисттик түзүмгө, анын илманийлигине жана демократиясына каршы козголоң кылуудан, өзүнүн жана кожоюндарынын кызыкчылыгы үчүн бүткүл мамлекетти өрттөөгө да даяр саясий тайпадан нажат издебестиктен башка тандоо жок.

Жогоруда баян кылынган нерселерден бүтүндөй кутулуубуз үчүн капиталисттик түзүмдү түп тамыры менен кулатуу жана жашоонун бардык тармагында Аллах Тааланын шариятын өкүмдар кылуу керек. Бул болсо Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде Аллах Азза ва Жалланын шариятына ылайык кызыкчылыктарыбызга камкордук кылган өкүмдар астында ишке ашат. О.э. күч-кубат ээлери да бул улуу фарзды аткаруу үчүн калыс аракет кылып жаткандарга т.а. Хизб-ут-Тахрирге нусрат-жардам бериши керек. Анткени, Хизб өз калкын эч качан алдабаган, ушул ишке жана улуу сыймыкка өзүн багыштаган, залимдердин зулуму да, айла-амал кылуучулардын тузагы да анын эркин, убада-шертин буза албаган жетекчи. Ал – Расул акрам ﷺды үлгү кылып, бул маселени өзүнүн тагдырый маселесине айланткан Хизб. Андыктан, кафирлердин долбоорун четке ыргытып, бул дүйнө жана Акыретте нажат табышыбыз үчүн калыс аракет кылып жаткандардын кербенине кошулгула.

Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا للهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (т.а. динге) даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын жүрөгүнүн ортосун ээлеп турат жана шек-күмөнсүз, Анын алдына топтолосуңар»

                                                                                                                           [Анфал 24]

 Роя гезити, №441, 2023-жыл, 10май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here