Тунис режими Рошид Ганнушийди камакка алышынын артында эмне турат?

1780
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунис режими Рошид Ганнушийди камакка алышынын артында эмне турат?

 Мухандис Висам Атраш

Оппозициянын айтымында, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратууда деген айып менен Нахза кыймылынын төрагасы Рошид Ганнуший жана бул партиянын бир канча лидерлеринин камакка алынышынан максат – оппозициядагы көзгө көрүнгөн күчтү жок кылуу. Ошол эле учурда, кээ бир адамдар өлкөдөгү кризиске Нахза кыймылы жоопкер деп жатышса, башкалар бул кыймылды жок кылуу коркунучтуу акыбеттерге алып келет деп эсептешүүдө.

Оппозицияга караштуу Улуттук Нажат фронтунун төрагасы Нажиб Шаббий «Ал-Жазира»га берген интервьюда: «2023-жылы 17-апрелде Нахза кыймылынын төрагасы Рошид Ганнуший менен бул партиядагы бир нече лидерлердин камакка алынышынан көрүнүп тургандай, учурдагы режим президент Кайс Саиддин саясий оппозициянын үнүн басып, аны бүтүндөй жок кылуу каалоосун ишке ашырууда», – деди.

Шаббий айтышынча, Нахза кыймылы өлкөдөгү эң маанилүү саясий партия болуп, оппозициянын эң маанилүү саясий коалициясы болгон Нажат фронтунун негизги курамдык бөлүгү эсептелет. Ошондуктан, Нахза лидерлеринин камакка алынышы, Нахза менен Нажаттын башкы кеңселери жабылышы бул күчтөрдүн саясий иш-аракетин токтотууга багытталган мыйзамсыз аракет. (Ал-Жазира нет).

Тунистин саясий майданын күзөтүүдө ушуну унутпоо керек – Батыш «муътадил ислам» картасынан пайдаланууга жана анын тарапкерлерине акча саюуга мажбур болгон. Себеби, Батыш башында эле бул муътадил агымдардын күчсүздүгүн көргөн жана мусулман өлкөлөрүндө «экстремизм жана фундаментализмдин» жайылышына каршы күрөштө биринчи фронт линиясы катары ушул картадан пайдалануу зарыл экенин түшүнүп жеткен.

Ошондон тартып АКШ жетектеген Батыш «бул фундаменталисттик агым бүткүл дүйнөдөгү Батыштын кызыкчылыктарына коркунуч туудурган негизги элемент» деген этибарда аны бузуу жана жайылышын чектөө боюнча изилдөө жана анализдөө менен алектенди. Американын «мусулман өлкөлөрүндө муътадил исламчыларды пайда кылуу жана колдоп-кубаттоо» туурасындагы буйругу негизинде «RAND» изилдөө институту тарабыннан даярдалган изилдөө ушул изилдөөлөрдүн эң көзгө көрүнгөнү болсо керек.

Бирок, Тунисте козголоң башталып, Ибн Али менен анын режими абалды бүтүндөй көзөмөлдөн чыгарып жибериши Батышты бул мусулман өлкөсүндөгү тизгин колдон чыгып кетишинен коркутуп, майданды кайра өзү тизгиндөөгө мажбур кылды. Мына ошондо Нахза кыймылынын жетекчиси Рошид Ганнушийдин Британиядан Туниске кайтышына, камак жана лагерлердеги исламчылар азат кылынып, бийликке келүүсүнө уруксат берилди. Бул, саясий майданды тизгиндөө, Ислам жана Ислам өкүмдөрүнө чаңкаган элди тизгиндеп бекем кармоо планынын бир бөлүгү эле. Ошол кезде Тунис козголоңунда региондогу калган режимдердин да өтө алсыздыгы, «Араб жазы» деген толкун астында кулоо жана ойрон болуу жакасына калгандыгы о.э. Тунисте түпкү өзгөрүүлөргө болгон чыныгы каалоону билдирген баасыз көрүнүш ачык көрүнүп калган.

Тунистеги муътадил исламчылар менен мажбурий мамиле кылуудан жана аларды гана саясий Исламдын расмий өкүлү катары көрүүгө чоң этибар берүүдөн – Ислам долбоорун бузуу, кийинчерээк саясий жана экономикалык ийгиликсиздиктердин жоопкерчилигин аларга жүктөө көздөлгөн эле. Муну менен колонизатор кафир мусулмандардын денесине сүлүктөй жабышып алган илманий режимдерди сактап калууну жана адамдарды гана өзгөртүү саясатын алып барууну максат кылган.

Ганнуший жетектеген Нахза кыймылынын лидерлеринин камакка алынышы, негизинен, исламий ойгонууну алдын алуу, Исламды саясий иштерге аралашуудан четтетип, ибадатканаларга гана чектөө үчүн ташталган зарыл кадам катары, Ганнуший жана анын кыймылы расмий түрдө айгинелеген Исламга каршы күрөштүн алкагында болду. Алардын камакка алынышы козголоңго чекит коюу, «араб жазы» багытын токтотуу, үмүтсүздүктү жаюу, өзгөрүүгө болгон үмүт жана каалоону өлтүрүү үчүн анын башталыш чекити болгон Тунистеги жалынын өчүрүү учурунда ишке ашырылды. Бул – Шам тогуту Башар Асад Батышты козголоңдордун толкунуна каршы турууга, океандан океанга чейинки бардык режимдердин кулашынан мурун, илманийликтин акыркы бекем чеби эсептелген өз режимин колдоп-кубаттоого чакырган суранычына жооп болду.

Ошондуктан, Ганнушийдин камакка алынышы Сирия тышкы иштер министри Туниске келип, канкор БААС режим менен мамилелерди нормалдаштыруу жарыяланышы менен бир учурда болгонуна күбө болуп жатабыз. Тунистеги Тияруш Шаъбий деген улутчул кыймылдын маалымат өкүлү Мухсин Набатий бул жарыяны бул жана башка каршылык кыймылдарынын жеңиши деди!

Мындан тышкары, президенттин тарапкерлери өлкөнүн бүгүнкү абалга келишине Ганнуший жоопкер деп айтышууда. Өлкөдөгү жарчылар т.а. «адашкан жолдорго кирбөө» деген нерсени үгүттөгөн калыстыгы жок маалымат каражаттары Ганнушийди камакка алуу жөнүндөгү токтом президенттин айт белеги деп аташты. Бирок, Тунис маселеси Британияны дос туткан жана демократия баткагына малынган Ганнушийге караганда терең маселе. О.э. диктаторлордун катарына кайтуу үчүн мышык сыяктуу Макронго сүйкөнүп жаткан адамдын бул маселени башкарышынан да чоң маселе. Тунис маселеси – колонизаторлордун чеңгелинен азат болууну каалап жаткан Уммат маселеси.

Эми, Кайс Саиддин жолун тазалап ачуу максатында калган саясий оппозициячыл фигуралардын бутага алынганына, аларга «мамлекеттин коопсуздугуна каршы тил бириктирүү», «мамлекет структурасын өзгөртүү» сыяктуу айыптардын тиркелишине келсек, бул – бардык жабыр көрсөтүүчү залим режимдердин адаты. Алар бекемделип, таасирин кеңейте албаган соң, бул нерсени аларга каршы болгондордун жана аларды сындагандардын үнүн өчүрүү менен гана ишке ашырып жатат. Муну менен өзгөрүү жасоо багытындагы бардык аракеттерди каралоого о.э. кожоюндары ыраазы болгон колонизаторлук саясатты колдонуу үчүн чөйрө даярдоого аракет кылып жатышат. Бул жөнүндө эң күчтүү далил – ушул айыптар менен камакка алынгандардын арасында мамлекеттин структурасын же режимди өзгөртүүгө реалдуу аракет кылган бир да адамдын жоктугу, бири да аракет кылбаганы. Алардын айрымдары чет мамлекеттен күч алуу аркылуу президентти өзгөртүүгө же бирер кызматка жетүү үчүн чет мамлекет менен сүйлөшүүгө гана аракет кылган. Бул аракеттер бийликке умтулуу күрөшүнүн алкагында болуп, колонизаторлук куралга айланып калууда.

Мунун тушунда, козголоң күндөрүндө режимди кулатуу жана араң турган бул мамлекет структурасын өзгөртүү элдин талабы болгон жана өтө көптөгөн адамдар ушул талап менен көчөгө чыгышкан. Ал тургай, бул талап козголоңдун жалындашына негиз жана уланышына себеп болгон… Эл режимди кулатуу жана калктын өзгөрүү жасоо каалоосун ишке ашырууну өлкөнү амандык жээгине жеткирүү жетекчилигин өз мойнуна алган тандалган саясий топко берген. Учурда, өзгөрүүгө чакырган даъват «мен пикирлегендей пикирлейсиңер» деген саясаттын алкагында кылмыш эсептелип калдыбы?! «Исламчыларга» үмүт байлаган кишилер колонизатор режимдерден кутулуунун бирден-бир жолу Халифалыкка жана Халифалыкка даъват кылып жаткандарга жардам берүү менен болушун кантип түшүнүп жетишпейт?! Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن تَنصُرُوا اللهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾

«Эй момундар, эгер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге нусрат-жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат»                                                                                           [47:7]

Тыянактап айтканда, саясий Ислам долбооруна каршы күрөштөгү жасалма каармандыктар – экономикалык жардам үчүн колонизатор кафирге жалынуудан жана толуп жаткан кризистерден чыгуу үчүн куткарууну ушул кафирден күтүүдөн башка нерсе эмес. Бул ийгиликсиз өкүмдарлар жакындашып келе жаткан толкунду мына ушундай аракеттер менен жеңип өтүшмөкчү. Негизи, бул толкун – Аллахтын уруксаты менен – жакында алардын мүлктөрүн да, кожоюндарынын таасирин да жок кылып, алардын урандылары үстүнө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелейт. Халифалык Умматтын биримдигин кайра тикелеп, жерлерин азат кылат жана Аллахтын шариятын колдонот. Бул Аллахка жеңил.

 Роя гезити, №440, 2023-жыл, 26-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here