بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Нусрат: анын себеп жана негиздери
Шайх Исам Амира
«النُّصْرُ» («нусра») сөзү лугатта жардам берүү дегенди билдирип, «Лисанул араб» китебинде мындай делет: «نَصَرَ المظْلومَ نَصْراً ونُصوراً мазлумга нусрат берди дегени ага жардам берди дегенди түшүндүрөт. نَصَرَ الغَيْثُ الأرضَ жамгыр жерге жардам берди дегени аны өз тартуусу менен камтып алды дегенди түшүндүрөт. «النُّصْرُ» («нусра») сөзүнүн антоними «الْهَزِيمَةُ» болуп, жеңилүү, сынуу, кыйроо, ийгиликсиздик, моюн сунуу, зыян жана кыйроого учуроо, бактысыздык, ийгиликсиздик маанилерин түшүндүрөт». Нусрат сөзүнүн терминдик мааниси: жеңиш, үстөмдүк, душманды жеңүү жана жеңилүүгө учуратуу. النَّصْرُ чырайлуу сөз болуп эсептелет… анын тыбыш тембри жагымдуу болуп, жүрөктөргө ырахат жана кадыржамдык берет. Ал эми, «النُّصْرُ» («нусра») сөзүнүн тескериси болгон «الْهَزِيمَةُ» («жеңилүү») жагымсыз сөз. Анын тыбыш тембри көңүлгө жакпайт, себеби, анда кордук, кор болуу, жакырчылык жана душмандын үстөмдүгү сыяктуу маанилер камтылган. «النُّصْرُ» («нусра») сөзүнүн шаръий мааниси – атаандашты жеңүү, согуш жана кармашта душмандардын үстүнөн ийгиликке жетүү. Бул сөз мусулмандардын абалын сыпаттоодо колдонулат. Эгер, алар душмандарына каршы алга умтулуп, чегинбестен, Аллахтын жолундагы согушта душмандарын жеңишсе, ушунтип сыпатталышат. Нусрат сөзү коргонуу жихадында эмес, тескерисинче, көпчүлүк абалдарда чабуул жихадында колдонулат. Аллах Таала айтат:
﴿وَلَقَدْ نَصَرَكُمُ الله بِبَدْرٍ وَأَنتُمْ أَذِلَّةٌ فَاتَّقُوا اللهَ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ﴾
«Аллах Бадр согушунда күчсүз болсоңор да силерге нусрат берди го. Демек, Аллахтан корккула! Ошондо балким шүгүр кыласыңар» [3:123]
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنصُرُوا اللهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
«Эй момундар, эгер Аллахка нусрат берсеңер, Ал да силерге нусрат берет жана кадамыңарды бекем кылат» [47:7]
Бул аяттар Аллах мусулмандарга нусрат берип, кадамдарын бекем кылышы үчүн мусулмандар белгилүү бир амалдарды Аллахтын буйрук кайтарууларына ылайык аткарышы шарт экенине далалат кылууда.
Өзгөчө баса белгилеп кетсек, нусраттын жалгыз себеби – бир гана Аллах Азза ва Жалла. Бул туурасында Аллах Тааланын:
﴿وَمَا النَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِندِ اللهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ﴾
«Нусрат Азиз жана Хаким Аллахтан гана келет» [3:126]
деген аяты далил. Аллах Субханаху ва Таала бул жерде нусратты азиз (күч-кудуретке) жана хакимге (даанышмандыкка) байлады. Алла нусратты Өз хикматы негизинде түшүрүп, аны Анын даанышмандыгына татыктуу болгондорго берерин айтты. «النُّصْرُ» («нусрат») сөзү Куръани Каримдин ондогон жеринде келип, баарында нусраттын ачкычы Аллах Субханахунун колунда экени баса белгиленген:
﴿وَلَيَنْصُرَنَّ اللهُ مَنْ يَنْصُرُهُ إِنَّ اللهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾
«Албетте, Аллах Ага (динине) нусрат бергендерге нусрат берет. Шек-күмөнсүз, Аллах күчтүү, кудуреттүү» [22:40]
﴿وَلَقَدْ سَبَقَتْ كَلِمَتُنَا لِعِبَادِنَا الْمُرْسَلِينَ + إِنَّهُمْ لَهُمُ الْمَنْصُورُونَ﴾
«Анык, пайгамбар болуп жиберилген пенделерибизге сөзүбүз (мурун эле) өткөн. Чынында, алар гана нусрат берилгендер болушат» [37:171-172]
Андан кийин кифирлерге, мунафыктарга, адашкандарга жана залимдерге нусрат харам кылынганы туурасында аяттар келген:
﴿وَلَا هُمْ يُنصَرُونَ﴾
«… аларга нусрат берилбейт» [44:41]
﴿وَإِنْ يُقَاتِلُوكُمْ يُوَلُّوكُمُ الْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يُنصَرُونَ﴾
«Эгер, силер менен согушса артына карап качышат. Кийин аларга нусрат берилбейт»
[3:111]
Мусулмандар да – эгер нусраттын шарттарынан баш тартышса, айрыкча, залимдерге таянышса – нусраттан куру калышат. Бул туурасында Аллах Азза ва Жалланын ушул аяты далил:
﴿وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ﴾
«Залимдик кылгандарга баш ийбегиле, антпесе, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге нусрат берилбейт» [11:113]
Нусраттын себеп, негиз жана төлөмү бар. Нусраттын себеби Аллах Таала болуп, нусрат бир гана Роббинин колунда. Анын натыйжалары нусрат бериле турган кишинин таквалыгына байланыштуу. Аллах момундарга түшүргөн нусраттын натыйжалары Хак Субханаху тарабынан берилген бир тартуу болуп, момундар зулум кылбастан нусрат негиздерине амал кылышканы үчүн бул натыйжаларга жетишет.
Ошондуктан, момундар Аллахка жардам бериши керек. Аллахка жардам берүү чыныгы маанини эмес, өтмө маанини билдирет. Т.а. момундар шаръий вазыйпаларды толук аткарышса, Аллахтын ушул аятында:
﴿وَلَوْ أَرَادُواْ الْخُرُوجَ لَأَعَدُّواْ لَهُ عُدَّةً﴾
«Алар (жихадга) чыгууну каалашканда ал үчүн даярдык көрүп коюшкан болоор эле»
[9:46]
делгендей, нусрат үчүн керектүү даярдык көрүшсө – Аллахка жардам берген болушат. Аллах Субханаху момундарда калыстык, амал жана даярдык бар экенин көрсө, каалаган убакта жана каалаган көрүнүштө аларга нусрат берет.
Нусрат негиздерине келсек, ал – Аллах Субханахунын улуулугун эстөө, Аллах гана нусрат берет деп ишенүү жана болгон күчү менен зарыл даярдыкты көрүү. Аллах Таала айтат:
﴿وَأَعِدُّوا لَهُمْ مَا اسْتَطَعْتُمْ مِنْ قُوَّةٍ وَمِنْ رِبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِنْ دُونِهِمْ لَا تَعْلَمُونَهُمُ اللهُ يَعْلَمُهُمْ﴾
«(Эй момундар), алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөр жеткенче күч жана токулуу аттарды даярдап койгула, муну менен Аллахтын жана өзүңөрдүн душманыңарды жана да алардан тышкары силер билбеген — Аллах билген башкаларды да коркунучка саласыңар» [8:60]
Бул аятта нусрат үчүн эки фактордун болушу баса белгиленип жатат, бири – момундардын жеңип чыгышы, экинчиси – кафирлердин жеңилиши.
Биз бүгүнкү күндө мусулмандардын абалын талкуулоодон жана бул оор туңгуюктан чыгуу жолун баян кылуудан мурун нусрат маселеси менен халифа кылуу маселесин айырмалап алышыбыз керек. Себеби, нусрат – бул согуш майданында душманды жеңүү. Ал эми, халифа кылуу –мамлекети жок болгон мусулмандардын алсыз абалы бүтүшү. Ошондуктан, нусраттын төлөмү халифа кылуунун төлөмүнөн айырмаланат. Жогоруда айтканымдай, нусраттын төлөмү – кафирлерге каршы согушуу үчүн зарыл нерселерди даярдоо. Халифа кылуунун төлөмү – бул (пикирий жана саясий) даъват иштерин аткаруу о.э. мусулмандардын бийлигин тартып алган өкүмдарларга каршы саясий аракет менен алектенип, пакиза шариятыбызды өлкө ичинде жана сыртында колдонуучу Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу ушул тартып алынган бийликти кайтарып алуу. Ал тургай, халифа кылуу өтмө мааниде нусрат деп аталса да, бирок, түпкүлүгүндө ал нусраттын башталышы жана нусратка жетүүнүн зарыл шарты болуп эсептелет. Башкача айтканда, мусулмандар өзүлөрүнүн тартып алынган бийлигин кайтарып алып, Халифалык мамлекетин тикелешсе жана Халифалык мамлекети Аллахтын жолундагы жихад аркылуу Исламды бүткүл дүйнөгө алып чыга баштаса, душманга каршы согушуп – күч-кубаты канча болушуна карабастан – Аллахтын уруксаты менен албетте нусратка жетишет. Бул нерсени Аллах Тааланын ушул аяты тастыктап турат:
﴿كَمْ مِنْ فِئَةٍ قَلِيلَةٍ غَلَبَتْ فِئَةً كَثِيرَةً بِإِذْنِ اللهِ وَاللهُ مَعَ الصَّابِرِينَ﴾
«Канчалаган кичине колдор Аллахтын колдоосу менен чоң колдорду жеңип чыккан. Аллах сабыр кылуучулар менен бирге» [2:249]
Эми, мусулмандардын бүгүнкү абалын жана алар кантип жеңилүүгө учураганын туура баалоо жана алсыздык абалынан халифа абалына чыгуу үчүн туура аракет кылуу маселесине келсек, бул нерсе мусулмандардын саясий, социалдык, экономикалык, географиялык жана башка кырдаалын түшүнүүгө о.э. абалды оңдоо үчүн Китеп-Сүннөттөн тийиштүү далилди издеп таап, аны колдонууга байланыштуу. Бул болсо, мусулмандардын абалын дыкат күзөтүүнү, Расулуллах ﷺ сыяктуу пикирий жана саясий күрөшкө шуңгууну талап кылат. Ал ﷺ Меккеде пикирий жана саясий күрөшкө киришкен. Бул күрөш ﴿اقْرَأْ﴾дон башталган, кийин экинчи Акаба байъаты болгон, андан кийин даъват менен нусрат бири-бирине тыгыз байлангандан кийин Ислам мамлекетин тикелө үчүн Ясрибге хижрат кылышкан. Бул нерсе хабибибиз Мухаммад мустафа ﷺдын Меккедеги сийратына ылайык кадам таштоону талап кылат. Сахабалар Расулуллах ﷺдын башчылыгы астында бир уюмда биригишип даъват аракети башталып, пикирий жана саясий иш-аракеттин көрүнүштөрү анык белгиленген. Сахабалар мушриктердин акыйдалары жалган экенин ачыкташканы, кудайларын айыптап, ой-пикирлерин жокко чыгарышканы, экономикалык, социалдык жана башка түзүмдөрүн сындашканы о.э. ошол бузгунчу акыйда жана түзүмдөрүнө туура альтернативаны т.а. Исламды сунушташканы ар дайыма көз алдыбызда турушу керек.
Меккеде даъват ордунан жылбай калуу даражасына жеткен соң, уруу жетекчилеринен колдоо, коргоо жана жардам талап кылуу үчүн Меккенин сыртына чыгууга туура келди. Бул уруулардын бири да талапты кабыл алышпаган болсо да, бирок, Аллах Таала Өз динин азиз кылууну жана даъватын үстөм кылууну каалап, Пайгамбар \га ясрибдиктерди жолуктурду. Алар өз каршылаштарына каршы Курайш менен союз түзүү максатында Меккеге келишкен эле. Мына ошондо Набий ﷺ Ясрибдеги таяныч чекитине кириши үчүн жол ачылды. Расулуллах A Ясрибди Ислам менен тарбиялоо жана ясрибдиктерден биринчи күч-кубат ээлерин касиб кылуу, андан кийин алар Набий ﷺды жана анын сахабаларын колдоп-кубатташы о.э. Мединада Ислам башкаруусун колдонуу жана мусулмандардын биринчи мамлекетин тикелөө үчүн зарыл болгон күч-кубат менен камсыздашы үчүн Мусъаб ибн Умайр Gну Ясрибге жиберди.
Мамлекет тикеленип, бекемделген соң, өтө кыска убакытта кафир душмандарга сокку берди. Бул баарын шайтандын азгыруусуна салган сокку болду. Ушул сокку Бадрдан башталып, Ухудда, андан кийинки көп казаттарда жана Худайбия сулхунда уланды. Андан кийин Курайш вужудуна чекит коюу үчүн Меккени фатх кылып, эч кимдин бир тамчы да көз жашын агызбай, Меккени өз вилаяттарынын бирине айлантты. Негизи, ал кезде Мекке араң турган.
Бүгүн биз да мусулмандардын бийлигин тартып алган зыянкеч мамлекетчелерде жана алардын артында турган Батыш-Чыгыштын залим мамлекеттеринде дал ушундай абал өкүм сүрүшүн үмүт кылып жатабыз. Негизи, бул мамлекетчелер да араң туруп, аларды кулата турган кишилерди күтүп турат… Алар Аллахтын уруксаты менен Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык тарабынан кулатылат.
﴿إِنَّهُمْ يَرَوْنَهُ بَعِيداً وَنَرَاهُ قَرِيباً﴾
«Алар аны узак деп ойлошот, Биз болсо анын жакындыгын билебиз!» [70:6-7]
Роя гезити, №439, 2023-жыл, 19-апрель.