Кошуундардан нусрат талап кылуу – Фалестинди азат кылуунун жалгыз жолу

2976
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Кошуундардан нусрат талап кылуу Фалестинди азат кылуунун жалгыз жолу

 Устаз Абу Хамза Хутваний

Фалестин Куддус шаарын жана Акса мечитин өз ичине алары белгилүү. О.э. Масжидул Акса дүйнөдөгү бардык мусулмандарга таандык экендиги белгилүү. Себеби, ал жөнүндө күнү-түнү тилават кылынган Куръанда аят келген. Аллах Таала айтат:

﴿سُبْحَانَ الَّذِي أَسْرَى بِعَبْدِهِ لَيْلاً مِنَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ إِلَى الْمَسْجِدِ الْأَقْصَى الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ لِنُرِيَهُ مِنْ آيَاتِنَا إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْبَصِيرُ﴾

«(Аллах) бир түнү Өз пендесин — ага аят-мужизаларынан көрсөтүү үчүн Масжидул Харамдан Биз айланасын берекелүү кылып койгон Масжидул Аксага сейил кылдырган аруу Зат. Чындыгында, Ал угуучу, көрүүчү»                                                                                   [17:1]

Аллах Субханаху ва Таала бул аятта Масжидул Аксаны Масжидул Харамга теңеди. Бул, Масжидул Харам канчалык ыйык болсо, Масжидул Акса да ошончолук ыйык экендигин түшүндүрөт. Демек, Масжидул Акса мусулмандарга таандык болуп, ага кудум Масжидул Харам сыяктуу карашат. Ошондуктан, Масжидул Аксаны коргоо Масжидул Харамды коргоо сыяктуу бирдей фарз болуп эсептелет.

Эгер, Масжидул Акса туткунга түшсө – Салахиддин Айюбий кресттүүлөрдөн азат кылгандай – аны азат кылуу бардык мусулмандарга фарз болот. Себеби, Масжидул Акса Куръани Каримде келгени үчүн акыйдавий маселеге жана ар бир мусулмандын ыйманынын бир бөлүгүнө айланып, алардын жүрөктөрүнөн орун алган.

Абалга таянып айтсак, Масжидул Аксаны мусулмандарда жетиштүү даражада күч-кубаты болмоюнча азат кылуу мүмкүн эмес. Аны азат кылууга жетиштүү күч-кубат күч-кубат ээлери болгон мусулмандарда т.а. армияларыбызда гана бар. Ушул себептен улам, аны азат кылуу үчүн кошуундарыбыздан нусрат талап кылуу шарт. Себеби, Масжидул Аксаны азат кылуу аларга фарз болуп, азат кылышмайынча бул фарз кошуундардын жоопкерчилигинин чыкпайт.

Демек, Масжидул Аксаны ыплас яхудийлерден азат кылуу үчүн тезинен аракет кылуу исламий армиялардан талап кылынат. Себеби, Масжидул Аксаны азат кылуу үчүн жетиштүү күчкө кошуундарыбыз ээ болгондуктан, аны азат кылуу – алардын мойнундагы фарз. Ошондуктан, Масжидул Аксаны азат кылуу катъий фарз болуп эсептелет. Ал эми, бул важиб милдетти аткарууга кудуреттүү болбогон мусулмандарга Масжидул Аксаны азат кылууну армиялардан талап кылуу важиб болот.

Масжидул Аксаны каршылык кыймылы азат кылат, же дагы бир адам азат кылат, же элдин каршылыгы азат кылат деген сыяктуу сөздөрдүн баары куру кыялдан башка нерсе эмес. Себеби, бул нерселер максатты ишке ашырбай турган пайдасыз сөз гана болуп, мусулмандарды туйгулантуудан ары өтпөйт. Ошондуктан, акыйдавий тагдырий Фалестин маселесин чечүүдө бул сыяктуу сөздөрдүн эч кандай мааниси жок.

Ооба, бул азаттык үчүн керектүү күч-кубат армияда гана бар. Күч-кубат күчтүү деп эсептелген тараптан эле талап кылынат. Күч-кубат алсыздардан, же фракциялар, же куралсыз катардагы адамдардан талап кылынбайт.

Масжидул Аксаны азат кылуу Фалестин калкына фарз же баскынчылык астындагы каршылык кыймылына фарз деген сөздөрдү айтып жаткандарга келсек, алар шаръий өкүмдөрдү түшүнбөгөн сабатсыздар же Масжидул Аксанын азат болушун каалабаган тил бириктирүүчүлөр.

Демек, Акса акыйдавий маселе жана бул туурасында эч кандай күмөн жок. Ал улуттук маселе да, мекенчилдик маселеси да эмес. Аны азат кылуу баскынчылык астындагы алсыз фалестиндиктерге эмес, азат кылууга кудуреттүү исламий армия-кошуундарга фарз.

Кээде адамдардын зээнинде пайда болуп жаткан адаштыруучу пикирлердин бири – армиялардан нусрат талап кылуу саткын өкүмдарлардан нусрат талап кылууну түшүндүрөт деген пикирлер. Бул анык жаңылыш пикир! Себеби, өкүмдарлар менен армиялардын эки башка нерселер. Армиялар – Умматтын мүлкү, алардын милдети – Умматтын ыйык жайларын коргоо. Ал эми, саткын өкүмдарлар бул милдетти бузуп, армияларды алардын тактыларын коргоочуларга айлантышты. Ошондуктан, мындай өкүмдарларды кулатууну Аксаны азат кылуу талап кылынган ушул армиялар ишке ашырышы керек.

Демек, исламий өлкөлөрдөгү армиялардын жоопкерчилигинде негизинен эки милдет бар: бири, өкүмдарларды кулатуу, экинчиси, ыйык жайларды, алардын катарында баскынчылык астындагы өлкөлөрдү азат кылуу. Ал эми, бул вазыйпаларды аткаруунун жалгыз жолу – армия Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылып жаткан Умматтын арасындагы активдүү мабдаий саясий күчтөр менен союз түзүүсү керек.

Армиялар казармаларда калып, ал жерден чыкпай жатканына келсек, же эч кандай согуштук аракет кылбай, чегара сакчылары вазыйпасын аткарып, ушул негизде душмандын чегарасын коргоп жатканына, же малай өкүмдар кылмышкерлерди коргоого чектелип жатканына келсек, Аллахка ант, бул армиянын вазыйпасын бузуп көрсөтүүдөн жана ыйгарым укуктарына кол салуудан башка нерсе эмес.

Ушул көз караштан алганда, Умматтын армиялары башка, өкүмдарлары башка. Бул нерсени айырмалап алуу зарыл. Т.а. мусулман өлкөлөрүндөгү армия – Умматтын мүлкү жана потенциалдарынын бири. Бирок, өкүмдарлар белгилүү бир доор өтүп жок болуучу нерсе. Армия калат, өкүмдар кетет. Демек, өкүмдар өз милдетин аткарууда адашкан болсо, аны менен кошулуп армия да жолдон адашпашы жана өкүмдардын сыпатын таптакыр албашы керек.

Бүгүнкү күндө өкүмдарлар Масжидул Аксага жана мусулмандардын башка маселелерине нусрат-жардам бербей жатышканын армиянын аракетинен бөлүп кароо керек. Армия коркок жана малай өкүмдарлардын буйругуна итаат кылышы жаиз эмес. Тескерисинче, армия ар дайым Ислам коргоочусу, мусулмандардын кол тийгистигин жана урматын коргоочу болушу керек.

Мусулмандар өз армияларынан нусрат талап кылышса, армиялар бул талапты кабыл алышы шарт. Бул туурасында Аллах Тааланын:

﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾

«Эгер, алар дин жолунда силерден нусрат-жардам сурашса, нусрат-жардам берүү мойнуңарда»

                                                                                                                                       [8:72]

деген аяты далил.

Демек, Аксаны азат кылуу Исламдан, ал тургай, Исламдын өзөгү, себеби, ал ыйык акыйдавий маселе. Ошондуктан, ага нусрат-жардам берүү армияларга фарз кылынды. Ал эми, катардагы адамдар кошуундардан нусрат-жардам суроосу фарз. Малай жана коркок өкүмдарлардын позициясынын эч кандай мааниси жок.

 Роя гезити, №440, 2023-жыл, 26-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here