بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Дамасктын азаттыгы залимдердин айла-амалы менен чынчылдардын аракети ортосунда
Устаз Насиршейх Абдулхай
Хизб-ут-Тахрирдин Сирия
вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү
Азат кылынган жерлердин маселесин чет мамлекеттердин жана регионалдык мамлекеттердин кароосуна тапшырып койгон о.э. Умматтын бийлигин тартып алып, перзенттерибизге өкүмдарлык кылып жаткан кимселер маал-маалы менен маанисиз билдирүүлөрдү айтып жатышат. Азат кылынган жерлерде кайра куруу иштерин жүргүзүү жана Дамаскты азат кылуу туурасындагы бул билдирүүлөрдү эң кеминде калкты шал кыла турган билдирүүлөр десе болот. Себеби, алардын сөздөрү амалдарына тескери болуп, калктын көпчүлүгү аларды чынчыл кишилердин кылмышкер режимди кулатуусу алдындагы негизги тоскоолдук деп билет.
Ушул орунда «азат кылынган» аймактардын кишенделген калкы таң калып ушул суроону бериши табигый: чет мамлекеттердин буйругу менен фронтторду жабуу аркылуу Дамаскты азат кылуу мүмкүнбү?! Козголоңубузга каршы тил бириктирген түрк режими стратегиялык союздаш деп баа берүүнүн сыры эмнеде? Деги, түрк режими уялбастан козголоңчуларды – ал тургай, бир миллиондон ашык шейит бергенден кийин да – тогут Асад менен жарашууга чакырып жаткан болсо?!
Түздөн-түз Американын көрсөтмөлөрү негизинде башкарылып жаткан илманий түрк режиминен биздин козголоңубузду алдан тайдырган саясий жетекчи катары бүтүндөй баш тартуу эң туура эмеспи?! Түрк режими чечимибизди тартып алып, козголоңчуларыбызга каршы күрөшүүгө киришкен, аны менен байланышкан жетекчилерди ыплас саясий акчалар менен мас кылып, алардын куралдарын тизгиндеп койгон о.э. канкор Асад режимине түздөн-түз же кыйыр түрдө коркунуч туудурган ар кандай тарапты кармап туруу жана зыянсыздандыруу үчүн аракет кылып жаткан болсо?!
Катар, Саудия жана Түркия сыяктуу элди алдап өздөрүн Сирия калкынын достору катары көрсөтүп жаткан, түпкүлүгүндө канкор Асад режими менен мамилелерди нормалдаштырууга шашып жаткан «донор» мамлекеттер менен бүткүл алаканы үзүү эң туура эмеспи?! Анткени, бул мамлекеттердин коркунучу Шам жана анын калкына ачык-айкын душмандык кылып жаткандардын коркунучунан да жаман го?! Себеби, булар «Сирия калкынын достору» деген масканы кийип алып, козголоңго артынан бычак сайышты, козголоңду тизгиндеп, күч-кубат булактарын кесишти, уу акчалары менен уулашты… Алардын жүздөрүндөгү масканы жулуп, чыныгы жүздөрүн ачуунун убагы келди. Мына ошондо алардын айла-амал жана кылмыштарынан да жаман Американын Шам канкорун колдоп-кубаттоо жана козголоңду мууздоо жөнүндөгү буйругун аткарып жатканы оюндарынын бети ачылат!
Жогорудагыларга кошумча, дагы ушул суроону да ортого салмакчыбыз, алар айтып жаткан Дамасктын азаттыгы кылмышкер режим менен жарашууну четке кагып, фронтторду ачууну талап кылган перзенттерибизди камакка алуу менен ишке ашабы?! Камакка алынгандардын бири Харбануш шаарынын козголоңчу баатыры Али Далв, ал бир нече айдан бери Хаят Тахрир Шам разведкасынын камагында жатат. О.э. Идлиб университетинин медицина факультетинин студенти Мухаммад Хамадан, мухандис Усама Юсуф, Абу Абдулхамид Сармин, Абу Вафа Арабсаид жана башка көптөгөн жигиттерибиз да ошолордун колунда камакта жатышат.
Дамасктын азаттыгы канкор режимге моюн сунууга жана аны менен келишим түзүүгө каршы болгон Идлиб университетинин студенттерин саясий принципиалдуу позициялары үчүн университеттен чыгарууну талап кылабы?!
Дамасктын азаттыгы азат кылынган аймактардагы адамдарга системалык түрдө басым өткөрүү о.э. түрдүү саясий аталыштар астындагы моюн сунуу чечимдерине баш ийиши сунуулары үчүн аларга салык салуу менен ишке ашабы?!
Чындыгында, акыркы жылдарда бул козголоң адамдардын, кыймылдардын жана долбоорлордун эң туурасын аныктап берди. Кимдер Умматтын сабында туруп, анын азаттыгын, өнүгүүсүн, азиздигин жана Халифалык мамлекетин каалап жатканын, кимдер душмандын сабында экенин ачык көрсөттү. О.э. Ислам душмандарын ыраазы кылып, алардан кубат алган илманий долбоорлордун – ал тургай, аларга Ислам жамынтылган болсо да – бети ачылды. Бул жылдарда Исламга нусрат берүү жана Исламды башкарууга алып келүү ниетинде эмес, тескерисинче, шектүү максаттарга курулай ураандар аркылуу жетүү үчүн Исламдан пайдалангандардын бети ачыкка чыкты. Бул ураандар мамлекет туурасында эч бир амалий аткаруучу түшүнүккө ээ болбогон ураандар гана болуп калбастан, алсырап турган залим режимдердин урандылары үстүнө Ислам башкаруусун тикелөөнүн шаръий тарыйкатына тескери келет. Ошентип, бүгүн күрөш эки долбоор ортосунда болууда, үчүнчү долбоор жок. Алардын бири динди турмуштан, мамлекет жана коомдон бөлүп, адамдарды бактысыз кылган, Роббини ачууланткан демократиялык жарандык долбоор болсо, экичиси улуу Ислам жана Исламий мамлекет долбоору. Т.а. ал Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинин долбоору болуп, анын байрагын Хизб-ут-Тахрир көтөрүп чыгууда. О.э. Хизб максатка жетүү үчүн деталдуу долбоор сунуштоодо жана Умматтын чынчыл-калыс перзенттеринн аракетке үндөөдө. Максат – саптарды бириктирип, энергия жана мүмкүнчүлүктөрдү чогултуп, ушул долбоорду өлкөдө бир мамлекет аркылуу иш жүзүндө колдонуу. Ушул долбоор менен гана нажат жана ийгиликке жетүү мүмкүн. Аллахтын берешендиги менен, Умматтын ушул долбоор жөнүндөгү аң-сезими сезилээрлик даражада өсүп барууда. Бул Умматтын күч-кубатын, сый-урматын жана Ислам өкүмдарлыгын жүзөгө чыгаруучу долбоор. Демек, ушул долбоор тарапка толук өтүп, ага жана анын ээлерине нусрат-жардам берүүнүн убагы келди.
Сөзүбүздүн акырында ушуларды баса белгилейбиз, козголоң өз мөмөсүн бериши жана бул мөмөлөрдү чынчыл адамдар терип алышы үчүн козголоңдун аракет багытын түздөө жана бул иш-аракеттин жетекчилигин татыктуу, мыкты, кудуреттүү жана мабдаий кишилерге тапшыруу керек. Муну ишке ашыруудагы олуттуу амалий алгачкы кадам – зыянкеч режимдер жана алардын разведка кызматтары менен алаканы бүтүндөй үзүүдөн башталат. Кала берсе, Исламды, мусулмандарды жана козголоңубузду жек көргөн эл аралык коомчулуктан жана БУУдан чечим албоо керек. Себеби, алар душмандарыбыз болуп, Аллах алардын ал тургай жүрөктөрүндө болгон ниеттерин да ачыктап шермендесин чыгарган. Өз маселебиздин, тагдырыбыздын жана козголоңубуздун келечегин өзүбүздөн башкаларга т.а. жогоруда айтылгандардын бирөөсүнө байлоо кооп-коркунуч, ал тургай, саясий жактан өз өмүрүнө кол салуу болп эсептелет. Бул туурасында Американын саясий чечимин жан талашып тыгыштырып жаткандардан да өткөн ачык-айкын далил жок… Акыйкатта болсо, Американын бул чечими кафир жана тогут режимди илманий конституциясы, мекемелери, өзгөчө зөөкүр коопсуздук жана аскерий мекемелери менен сактап калууну талап кылат, адамдарды кайрадан кулдукка таштайт, Америка тарбиялаган малай режимге каршы чыгышканы үчүн жазалайт.
Олуттуу, максаттуу жана тартиптүү жамаий аракет аркылуу салтанатты жана козголоңдун чечимин баскынчылардан кайра тартып алуу – Дамаскты азат кылуудагы эң биринчи туура амалий кадам. Муну менен бирге, бул нерсе саптарды бириктирип, аракеттерди аң-сезимдүү саясий жетекчиликке байлайт. Ушул аң-сезимдүү калыс жетекчилик Умматтын акыйдасынан алынган кеңири көлөмдүү куткаруучу долбоорго ээ болуп, козголоңчуларга канкор режимди өз короосунда кулатып, анын урандылары үстүнө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети көлөкөсүндө Ислам башкаруусун тикелөө жолун көрсөтүп берген жол картасын ачыктап берет. Халифалык Ислам жана мусулмандарды азиздикке алып чыгып, Шам калкынын курмандыктарын токтотот. Муну менен Аллах алардын жана мусулмандардын жүрөгүнө шыпаа берет. Аллах Тааладан ушул Күндү жакын кылышын сурайбыз.
Роя гезити, №440, 2023-жыл, 26-апрель.