Козголоңдун ээси Аллахты улуулоону билбеген саткын жетекчилер эмес, тескерисинче, Ислам Умматы

954
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Козголоңдун ээси Аллахты улуулоону билбеген саткын жетекчилер эмес, тескерисинче, Ислам Умматы

Хизб-ут-Тахрирдин Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн мүчөсү устаз Насиршейх Абдулхай ушул бөлүмдүн веб-сайтындагы өз билдирүүсүндө ушул акыйкаттарды, эскертүүлөрдү баса белгиледи: «Козголоңду колдоп-кубаттаган калк козголоңду туура жолуна салуу жана режимди кулатуучу фронтторду ачуу үчүн канкор режим менен нормалдашууга каршы массалык демонстрация жана конференцияларды уюштурушу мактоого татыктоо жакшы иштерден болуп эсептелет.

Ал эми, согушкер жамааттардын жетекчилери бул иштер менен алектенип, ушуну менен гана чектелиши адаштыруу болуп саналат. Бул мурун Фалестиндеги каршылык кыймылдарынын жетекчилеринде болгондой, алардын келечектеги ниеттери жаман экенин көрсөтүүдө. Себеби, курал-жаракка ээ болуп туруп, согуш жана тынчтык чечимин монополия кылып жаткандар да, фронтторду жаап, дагы эле бизди тогут Асад режими менен жарашууга чакырып жаткан түрк режиминин буйруктары негизинде кадам шилтеп жаткандар да мына ушул согушкер жамааттардын жетекчилери болот.

Козголоңчулар тартып алынган бийлигин жана максатын кайтарып алуусунун убагы келди. Антпесе, убакыт өтүп кетип, бушаймандык пайда бербей калат. Козголоңдун ээси Аллахты улуулоо эмне экенин билбеген, козголоң менен соода кылып жаткан, ал тургай, коголоңду кыйроого жетектеп жаткан согушкер жамааттардын жетечилери эмес, а балким, кайгы тартып, ооруп жаткан Ислам Умматы. Шам мусулмандарынын жүрөгүндө козголоң согуп жаткан соң, инша Аллах, алар козголоңду эч качан жок кыла алышпайт».

 Роя гезити, №442, 2023-жыл, 10-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here