Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын делегациясы парламент спикеринин мурунку орун басары Эли Ферзли менен жолукту

667
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын делегациясы парламент спикеринин мурунку орун басары Эли Ферзли менен жолукту

Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын делегациясы Хизбдин борбордук аракалар боюнча комитети атынан 2023-жылы 28-апрелде Ливандагы парламент спикеринин мурунку орун басары жана мурунку депутат Эли Ферзли менен жолукту. Жолугушууда негизинен өлкөдөгү жана региондогу учурдагы саясий абал о.э. Ливандагы сириялык качкындарга байланыштуу орчундуу проблема жана ушул маселе жаатындагы учурдагы кооптуу иш-аракеттер талкууланды. О.э. жолугушууда президенттик жана президенттикке көрсөтүлгөн адамдар маселеси каралды. Ферзли мырзанын сөздөрүнө ылайык, президенттин шахсы боюнча консенсустун бар экени бул жааттагы чечүүчү нерсе. Делегация Хизб-ут-Тахрирдин Саудия-Иран келишими, Суданда болуп жаткан аскерий күрөш жана анын акыбеттери туурасында пикирин баян кылды. Ферзли мырза бул темага кызыгуусун билдирди. Делегация ушул маселелер жөнүндө Хизбдин жазуу түрүндө пикирин тартуу кылды..

Делегация Ферзли мырзага ушуларды баса белгиледи: «Ислам Умматы – бир Уммат. Анын мамлекетинде этникалык азчылык деген термин же түшүнүк жок. Себеби, Уммат өз перзенттерине мусулмандардын жана кайрымусулмандардын иштерин бирдей камкордук менен башкарууну үйрөтөт. Ливан Ислам Умматынын бир бөлүгү болуп, мусулмандар менен кайрымусулмандардын ортосундагы мамиле ушул түшүнүк негизинде болушу керек. Ислам өз мамлекетине ээ дин болуп, анын кучагында мусулман жана кайрымусулман калктар узак жылдар айтарлык олуттуу проблемаларсыз жашап келишкен. Алар Батыш бастырып кирип, өлкөлөрдү басып алып, аларды майда мамлекетчелерге бөлүп, байлыктарына өкүмдар болуу үчүн улутчулдук, мекенчилдик жана тайпачылыкты азыктандырганга чейин ушундай абалда болушкан».

Жолугушуунун акырында Ферзли мырза өзүнүн «Эң жакшы тарых – эртең» деген китебинин үчүнчү басылышын делегацияга белекке берди. Делегация жолугушуудан чыгып баратып Ферзли мырза менен абалды талкуулоону улантууга о.э. Хизбдин саясий пикирлерин туруктуу жеткирип турууга үмүттөнөрүн билдирди.

 Роя гезити, №442, 2023-жыл, 10-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here