Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаяты «Шамдык боордошторубузга болуп жаткан адилетсиз улутчулдукка каршы биз менен бирге болгула» деген аталышта нааразылык пикетин өткөрдү

964
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаяты «Шамдык боордошторубузга болуп жаткан адилетсиз улутчулдукка каршы биз менен бирге болгула» деген аталышта нааразылык пикетин өткөрдү

Белгилүү болгондой, Ливандагы сириялык качкындарга улутчулдук чабуулдар күчөп барууда… Ливандын түндүгүнүн акими алар жөнүндө бир нече адилетсиз токтомдорду кабыл алды… Ливан коопсуздук кызматы өз укугуна тескери түрдү качкындар лагерлеринде рейддерди өткөрүп, жүздөгөн сириялык качкындарды камакка алды жана ондогонун Башар Асад режимине экстрадициялады… Мына ушундай абалда Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаяты сириялык качкын боордошторубузга нусрат-жардам берүү о.э. аким тарабынан чыгарылган адилетсиз токтомдорго жана качкындарды Асад режимине тапшырылышына каршы туруу үчүн мамлекеттин түндүгүндөгү Триполи калкын нааразылык пикетине чакырды.

Пикет 2023-жылы 28-апрель күнү жума намазынан кийин өтүп, чакырыкка жүздөгөн адамдар жооп берди. Пикеттин башталышында Хизб-ут-Тахрир мүчөсү, Асад режими камагынан азат болуп чыккан Ахмад Абдуллах сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө: «Качкындар биздин бир туугандарыбыз, алар биз менен коопсуз жашоого толук акылары бар, биз алардын эркиндигин чектеген катаал токтомдорго каршыбыз жана алардын акааратталышына эч качан жол бербейбиз», – деди. Андан кийин Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы доктор шейх Мухаммад Ибрахим сөз сүйлөп, расмий жетекчилерди Америка буйруктарына моюн сунуп, Башар Асад менен мамилелерди нормалдаштыруу үчүн жүгүрүп жүргөн режимдерди ээрчүүдөн жана Шам калкына басым өткөрүүдөн эскертти. Шейх Мухаммад маалымат каражаттарына качкындар туурасында абройду төккөн туура эмес маалыматтар таратуудан эскертип, Ливандагы кризиске качкындарды себеп кылып көрсөтүү сыяктуу шектүү кампанияларды токтотууну талап кылды. Себеби, түпкүлүгүндө өлкөдөгү кризиске миллиарддаган суммадагы элдин байлыктарын талап-тоноп жаткан коррупциячыл режим себепчи экендиги бардыгына ачык-айкын белгилүү.

Шейх Мухаммад Батыш жана анын малайларынын күнү бүтүп калганын, ал эми Ислам нуру кайра нур чача баштаганын, бул күндөрдүн айланып турушун, албетте Аллах Таала акыйкатты акыйкат, батылды батылга чыгарышын баса белгилөө менен өз сөзүн аяктады.

Пикетке Триполи калкынан болгон Хизб тарапкерлери о.э. бир топ маалымат каражаттары жана социалдык тармактардагы басылмалардын жооптуулары катышты.

 Роя гезити, №442, 2023-жыл, 10-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here