Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнө коргонуу тармагын бекемдөөгө жардам берет

918
0

Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнө коргонуу тармагын бекемдөөгө жардам берет

 Кабар: Кытай Борбор Азия мамлекеттерине коргонуу потенциалын бекемдөөгө жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын башчысы Си Цзиньпин 19-майда Сиань шаарында өткөн “Кытай-Борбор – Азия” саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

  “Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө коопсуздук жана коргонуу тармагында укук коргоо органдарынын потенциалын чыңдоого жардам берүүгө, ошондой эле регионалдык коопсуздукту сактоо жана терроризмге каршы күрөштө өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө даяр”, – деди Цзиньпин.

О.э. ал Кытай менен Борбор Азия мамлекеттери ортосунда өз ара ишенимди бекемдөө тарапкери экенин белгилеп, расмий Пекин аймактагы өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирди. Мындан тышкары аймакта энергетика жана атомду тынчтык максаттарда пайдалануу тармактарында кызматташууну сунуштап, Кытайга мунай жана газ экспортун көбөйтүүгө чакырды.

18-19-май күндөрү Кытайдын Сиань шаарында болуп өткөн саммитке Борбор Азиядагы беш өлкөнүн президенттери катышты.

“Reuters” агенттигинин билдиришинче, Борбор Азиядагы «салттуу» оюнчу болуп эсептелген Россия Украинадагы согушка ресурстарды толтуруп жаткан бир учурда Кытай мамлекети Борбор Азиядагы мурдагы советтик республикалар менен экономикалык жана саясий мамилелерди күчөтүүдө.

 Комментарий: Кытайдын Франциядагы элчиси Лу Шай 21-апрелде Франциянын “La Chaîne Info” телеканалына берген интервьюсунда Россия 2014-жылы аннексия кылып алган Крым “башынан эле Россияга таандык болгонун” белгилеп, аны Никита Хрушёв “Украинага белекке бергенин” айткан эле. О.э. мурдагы советтик өлкөлөр “эл аралык укукта мурдагы натыйжалуу макамга ээ эместигин,  анткени, алардын суверендүү мамлекет деген макамына конкреттүү форма берген эл аралык келишим жоктугун” билдирген. Мындан тышкары, постсоветтик чек аралар маселесинде “бейпайда талкууларды” токтотууга чакырган.

 Элчинин бул билдирүүсүн Литва, Латвия жана Эстония өкмөттөрү кескин каралап, түшүндүрмө беришин талап кылып жана нааразылык нотасын тапшыруу үчүн Кытайдын дипломатиялык өкүлдөрүн чакырды. Ал эми, Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан гана бул темада расмий – жылуу-жумшак түрдө – мамиле билдирди. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айбек Смадияров Казакстан Кытай ТИМине нота жөнөтпөстүгүн билдирип, Кытай биринчилерден болуп Казакстандын эгемендүүлүгүн жана жана аймактык бүтүндүгүн тааныгандыгын белгилеп, “элчинин сөздөрүн бурмалап, бүтүндөй башка нукка бурбастыкка” чакырды. Аймактагы калган мамлекеттер болсо, адаттагыдай эле, бул нерсени көрмөксөн болуп коюшту.

 Европа мамлекеттери да да Лу Шайдын билдирүүсүнө кескин мамиле билдиргенден кийин, Кытай ТИМинин маалымат катчысы Мао Нин комментарий берип:

 “Тийиштүү маселелер боюнча Кытайдын позициясы өзгөрбөстөн кала берет. Аймактык суверендүүлүккө келсек, Кытайдын позициясы ырааттуу жана так. Кытай бардык мамлекеттердин суверенитетин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн урматтайт жана БУУнун уставынын максат жана принциптерин  карманат”, – деди. Кытайдын Франциядагы элчиканасы да кытайлык дипломаттын сөздөрү анын жеке пикири экендигин, саясий билдирүү болуп эсептелбестигин о.э. ашыкча талкуу кылынбашы керектигин айтты.

 Ушул орунда бир суроо пайда болот: Качантан бери расмий өкмөттүн башка мамлекеттеги расмий өкүлү тарабынан айтылган сөз саясий билдирүү болуп эсептелбестен, анын жеке пикири деп этибар кылына турган болуп калган? Эгер элчи Кытай өкмөтүнүн позициясына тескери билдирүү берген болсо, эмне себептен расмий өкмөт аны кызматтан албады же бирер чара көрбөдү? Эгер Кытай өкмөтү элчиге чара көрбөй турган болсо, бул нерсе Кытай өкмөтүнүн расмий позициясы да ушундай экендигине ишара кылбайбы?

 Негизи, Си Цзиньпин – кудум Путин сыяктуу эле – Борбор Азиядагы мамлекет башчыларды өзүнө тең ата өнөктөш катары көрбөйт. Россия эзелтеден бул аймакты өзүнүн огороду катары көрүп келгени себептүү Россия башчылыгында түзүлгөн бир да уюм аймактагы мамлекеттер менен тең укуктуулук жана өз ара кызыкчылык негизине курулбаган. Бир гана Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) буга жетиштүү мисал боло алат. Бул уюмдан ушул кезге чейин Россия гана пайда көрүп келет. Россия азыр Украина согушунда баткакка батып калганы жана дүйнөлүк      саясатта жекеленип калганы себептүү, бул аймакты Кытай менен бөлүшүүгө да даяр болуп калды. 

 Өз кезегинде кырдаалдан пайдаланып калууга аракет кылып жаткан расмий Пекин аймактагы мамлекеттер менен мурда түзүлгөн, бирок Россиянын тоскоолдугу себептүү кийинкиге калтырылып келген экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу киришти. Эми Кытай аймактагы экономикалык таасири менен эле чектелип калбастан, саясий жана аскерий тармактан аралашуусун да күчөтүүгө кадам таштады. “Кытай – Борбор Азия”саммитинде Кытайдын башчысы аймактагы мамлекет башчылар менен алгачкы жолу бетме-бет жолугушуп, экономикалык кызматташтык менен бир катарда саясий жана аскерий кызматташтык маселелерин да талкуулады. 

 Кытай үчүн аймакка аскерий аралашууну күчөтүүнүн эң оңой жана сыноодон өткөн жолу болсо – бул “терроризм” жана “экстремизм”ге каршы күрөш. Садыр Жапаров Кытайга сапар кыла турган күнү Бишкекте бир нече сааттык атышуулардан кийин “террорчу” жок кылынышы да бекеринен эмес. Расмий маалыматтарда ал “террорчу” үч күн мурда Оштон келгени жана ижарага алган үйдө жашаганы айтылды. Буга чейин т.а. бир апта мурда ал Ошто кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги кабарланган, кийинчерээк болсо “террорчу”га айланды. Сианьда болгон саммитте Кытайдын башчысы аймактагы мамлекеттерге 26 миллиард юань (төрт миллиард долларга жакын) каржылык колдоо жжана кайтарымсыз жардам берилерин жарылады.

 Мындан бир нече жыл мурда (2019-жылы) Кыргызстанга инвестор катары кирип келген кытайлардын жергиликтүү калкка карата зомбулугу жана Кытай өкмөтүнүн Чыгыш Түркстанда кыргыз, уйгур, казак жана башка этникалык азчылыктарга каршы басымдары күчөгөнү тууралуу маалыматтар пайда болгон соң, Кыргызстанда кытайлыктарга каршы маанай күчөп кеткен эле. Мына ошол нааразылыктар артынан кыргыз өкмөтү Кытай менен түзүлгөн келишимдерди убактылуу токтотуп турууга мажбур болгон. Арадан убакыт өтүп, адамдардагы нааразылык маанайы басаңдап калган соң, расмий өкмөт мурдагы келишимдерди кайрадан ишке ашыра баштады. Керек болсо, мурдагы келишимдер менен эле чектелип калбастан, жаңы келишимдерди түзүүгө аракет кылып, ал тургай Кытай менен визасыз режим киргизүү маселесин көтөрө баштады. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 17-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда өз ара визасыз режим киргизүү жөнүндөгү документке кол койду, эми кезек Кыргызстанда…

 Унутпашыбыз керек болгон нерсе, бул колонизатор мамлекеттер эч качан жергиликтүү элдин кызыкчылыгы же бакубат жашоосу жолунда аракет кылышпайт. Алардын бирден-бир максаты биздин өлкөлөрдүн байлыктарын ээлеп алуу, жергиликтүү калктан арзан жумушчу күчү катары пайдаланып, керек болсо кулдай иштетип, материалдык пайда табуу. Алар өздөрү кирип барган жерден эч качан өз ыктыяры менен чыгып кетишпейт. Ушундай болгон соң, биз мүмкүнчүлүгүбүздө болгон шаръий ыкмалардан пайдаланган абалда расмий өкмөттү мухасаба кылышыбыз, аларды элдин кызыкчылыгына тескери келген келишимдерге кол коюудан баш тартууга мажбурлашыбыз керек. Антпесе, бүгүн Чыгыш Түркстандагы диндеш боордошторубуздун башына түшүп жаткан мусибаттар эртең эле биздин башыбызга да түшүп калышы мүмкүн, андай болушунан Аллах сактасын.

 Абдурахан Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here