Орусия Кыргызстандагы “Темир жол” жана “ГЭС” куруу долбоорлоруна катышкысы келет
Орусия Кыргызстандагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата гидроэлектростанциясын куруу долбооруна катышууга кызыктар. Бул тууралуу «Биринчи радиого» курган маегинде тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев айтты.
“Алар кошулса биз каршы эмеспиз, себеби алар бизге союздаш мамлекет. Бирок кандайдыр бир маселелер чыгып калса муну биз өзүбүз деле өнүктүрө алабыз”, – деди Исаев.
Дээрлик 20 жылдан бери талкууланып келе жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча үч тараптуу кызматташууга өткөн жылы 14-сентябрда кол коюлган. Жолдун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланган. Жакында Борбор Азия лидерлеринин Кытайга боло турган расмий сапарынын алкагында долбоорду ишке ашыруу тууралуу келишимге кол коюлары күтүлүп жатат. Мындан улам, Орусия аймактагы таасиринен биротоло ажырап калбоо максатында ага катышууга аракет кылууда. Бул долбоордун 20 жылдан бери ишке ашпай тоңдурулуп турушуна да Орусиянын кыргыз бийлиги үстүндөгү басымы себеп болуп келген. Учурда ал Украина баткагына батып, Борбор Азия үстүндөгү таасирин Кытай менен бөлүшүүгө мажбур абалда. Кытай ушул долбоор менен эле чектелбестен, региондо мамлекеттер менен соода хабдарын куруу аркылуу экономикалык экспансиясын ого бетер күчөтүүгө аракет кылууда. Россия болсо азыркы абалында региондогу мамлекеттерге экономикалык жактан колдоо көрсөтө албайт. Дал ушул экономикалык мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, буга чейин Орусия менен Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу келишими жокко чыгарылган.
Садыр Жапаровдун 2021-жыл, 11-12-марттагы Ташкентке сапарынын алкагында “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргеликте куруу боюнча келишим түзүлгөн. Кийинчерээк, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да ГЭСти биргеликте курууга кызыгуусун билдирип, үч мамлекет ортосунда “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргеликте куруу боюнча келишим түзүлдү. Быйыл 6-январь күнү Кыргызстандын Энергетика министрлигинде Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу өтүп, долбоордун жол картасы боюнча келишимге кол коюлду.
Ушул кезге чейин кыргыз бийлиги “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу боюнча бир кадам да алдыга жыла албай жатышынын же инвестор таба албай жатышынын негизги себеби, бул стратегиялык мааниге ээ долбоор экендигинде. Башкача айтканда, бул долбоорду колуна алган мамлекет бир жактан үлкөн кирешеге ээ болсо, экинчиден расмий бийликке басым өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө жетишет. Мындан улам, Орусия бул долбоорлордон оңойчулук менен баш тарта албайт. Тагыраагы, Кытай менен соодалашуу аркылуу гана баш тартуусу мүмкүн.
Демек, мусулмандар мындай ири долбоорлор өз кызыкчылыгыбызга кызмат кылуусу үчүн алгач бул капиталисттик түзүмдөн баш тартып, колонизаторлорду аймактан кууп чыгуу шарт. Ал эми аларды кубалап чыгып, калктын кызыкчылыгын коргоп бере турган күч Исламда гана бар. Андыктан, бийлик башында тургандарды элдин бул каалоосуна баш ийдирүү зарыл. Ушундай болгон соң, калк жана анын башындагылар ушул жолдо аракет кылышыбыз шарт! Анткени, Исламда гана элдин мүлкү элге берилет, алардын кызыкчылыктары толук кепилдикке алынып, чет элдик уюмдардын, мамлекеттердин таасири астында калышына жол бербейт!
Мына ушул Ислам негизиндеги башкаруу гана колонизаторлордун зулумдугунан коргоп, коомубузга бейпил жашоону кепилдеп берет. Үммөт кызыкчылыгындагы долбоорлорду чет элдиктердин колуна карматпастан, өзү ишке салып, калк кадыржамдыгы үчүн кызмат кылат. Мындан башка колонизаторлуктун зулматынан кутулуунун жолу жок.
Мумтаз Маверанахрий