АКШнын мамлекеттик карызы рекорддук чекке жетти
AКШ президенти Джо Байден мамлекет дефолтко түшсө, дүйнөдө көйгөй пайда болорун билдирди. Ал бул тууралуу Нью-Йоркто мамлекеттик карыздын жогорку чегин көтөрүүгө байланыштуу билдирүүсүндө айтты.
Анын айтымында, мындай абалда өлкө экономикасы рецессияга учурайт жана эл аралык майдандагы аброюна зыян жетет. Эгер карыздын чеги көтөрүлбөсө ижара жана кредиттик пайыздын жогорулашына, социалдык камсыздоолордун кечигишине алып келет.
Маалыматка ылайык, АКШнын мамлекеттик карызы рекорддук чекке – 31,4 трлн долларга жетти. Мындан улам, өкмөт карыздын чегин кийинки жылга чейин 32,9 трлн долларга көтөрүү сунушун киргизген. Бул болсо кайрадан финансылык кризистерге себеп болушу талашсыз. Мындан улам, республикачылар менен демократтардын ортосундагы тиреш дагы да күчөп жатат.
Белгилүү болгондой, Американын мамлекеттик карызы Ички дүң өндүрүшүнөн бир жарым эсе көп. Бул дагы Америка экономикасы доллар сыяктуу боштук үстүнө курулганынан кабар берет. Башкача айтканда, мамлекеттин чыгашасы кирешесинен эселеп көптүк кылат. Мындан улам, доллар системасынын урашы Американын да тез арада кулашын билдирет.
Демек, бийликтин мамлекеттик карызды жогорулатууга чакыруусу да, оппозициянын ага каршы чыгуусу да шайлоого карата упай топтоо аракетинен башка нерсе эмес. Анткени, азыр бийликтин сунушуна каршы чыгып жаткан республикачылар бийликте турган кезде да Американын карызы рекорддук чекке жеткен. Ал эми, карызды өстүрүү проблеманын чечими эмес экени баарына маалым. А бирок, аны чечүүгө батына алышпайт. Себеби, проблеманы чечүү үчүн чыгашаларды кескин кыскартууга барышы талап кылынат. Бул болсо бийликтин шайлоочуларын жоготууга алып келиши талашсыз.
Мындан тышкары, АКШ финансылык кризисти башынан өткөрүүдө. Эң чоң банктарынын бири Силикон Валлей банкротко учурап, анын артынан дагы эки банк банкрот болгонун жарыялады. Дагы бир үлкөн банк First Republic да банкрот болуу алдында мамлекеттин кийлигишүүсү аркылуу сакталып калды.
Жыйынтыктап айтканда, Америкадагы бул кризистердин түпкү себеби доллардын эч бир негизге таянбагандыгында. Тагыраагы, доллар 1971-жылдан бери алтын же күмүш сыяктуу баалуу резервге таянбастан басып чыгарылып келет. Учурда анын алтын резерви 8133 тоннаны түзөт. Ал эми, басылып чыккан доллардын суммасы бул резервден жүз эсе көптүк кылат. Анын бутта туруусу мына ушул кагаз акча аркылуу дүйнө байлыгын соргоктордой тартып алуусу аркылуу жүзөгө ашып жатат. Мына ушул өкүмзордугуна таянып карыздарды алууда. Анын ыплас иштерине болсо Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк сыяктуу каржы уюмдар кызмат кылууда. Ошондуктан, дүйнө калкы анын гегемониясынан жана кагаз акчасынан кутулуунун жолун издей баштады. Албетте, дүйнө калкын учурдагы адилетсиздиктен жана зулумдуктан куткара турган күч Исламда бар. Анткени, Ислам дал ушундай адилетсиздик өкүмдарлык кылып турган доордо жер бетине Нур катары келген. Өз нурун Араб жарым аралынан тартып дүйнөнүн чар тарабына жайган. Учурда да дүйнө Исламдын адилеттигине муктаж жана бул Рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу жүзөгө чыгат.
Мумтаз Маверанахрий