Европа саясатындагы жаңы өзгөрүүлөр эл аралык позицияга таасир кылабы?!

948
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Европа саясатындагы жаңы өзгөрүүлөр эл аралык позицияга таасир кылабы?!

 Устаз Хамд Табиб

2023-жылы 8-апрелде жарыяланган “Арабий жадид” гезитинин кабарына ылайык, Франция президенти Макрондун Кытайга жасаган үч күндүк сапарында бул эки мамлекеттин президенттеринин ортоктош корутунду декларациясы кабыл алынган. Ортоктош декларацияда мындай делет: «Пекин менен Париж эл аралык укукка ылайык жана БУУнун максат жана талаптары негизинде тынчтык жаатындагы бардык иш-аракеттерди колдоп-кубаттайт. О.э. Франция Кытайдын «Бир Кытай» саясий долбоорун колдошун дагы бир ирет баса белгилейт». Ушул долбоордо Пекин негизги материк жана Тайвандын жалгыз мыйзамдуу өкүлү, бул арал анын бөлүнгүс бөлүгү делген. Гезитте дагы мындай делет: «Макрондун сапары учурунда эки мамлекет ортосунда жыйырмадан ашуун соода келишимдери түзүлгөн. О.э. Франция Кытайдын G5 лицензиясын алуу талабына улуттук коопсуздуктан келип чыгып, Франциянын адилеттүү мамиледе кыларына да убада берген». 2023-жылы 9-апрелде Пекинден кайтып жатып самолётто берген интервьюда Макрон ушуларды баса белгиледи: «Европа Кошмо Штаттарга көз каранды болбошу керек… Европа Кошмо Штаттарга көз каранды кылууга багытталган басымдарга каршы күрөшүүсү жана Кошмо Штаттар менен байланыштарын кыскартышы кажет… Европа АКШ менен Кытай ортосунда болуп жаткан карама-каршылыкка тартылбашы керек… Бүгүн европалыктар Тайвань боюнча кризисти курчутуу биздин кызыкчылыгыбызга туура келеби деген суроого жооп табышы шарт…». Макрон «бул жаатта европалыктар АКШнын саясатына көз каранды болуп калышынан» эскертип, «Европа Союзун АКШ долларына көз карандылыгын азайтууга» чакырды.

Бул билдирүүлөр эмнени түшүндүрөт? Бул Америкага карата биринчи жолу болушубу? Франциядан башка мамлекеттер да ушундай пикирдеби? Францияга, анын бул пикирине жана саясатына кошулган айрым мамлекеттер кандай максаттарды көздөшүүдө?

Биз ушул позиция жана алардан көздөлгөн максаттарды аныктоо үчүн, оболу, ушул маселе жөнүндө айрым нерселерди жана Украина согушу жаатындагы эл аралык окуялардын өнүгүүсүн, АКШнын Кытайга карата позициясын, өзгөчө, акыркы кездердеги Кытай менен Тайвань жаатындагы иш-аракеттерин карап чыгуубуз зарыл:

Америка Россия-Украина согушунан бир нече багыт жана бир нече максатта пайдаланды. Алардын негизгилерин карап чыгабыз. Биринчи: Кытай менен Россия ортосундагы алакаларга, союздаштыкка жана стратегиялык кызматташууга сокку берүү. Экинчи: Европаны Американын канаты астында кармап туруу үчүн аны Россиядан коркутуу. Үчүнчү: Россия Американын каалооруна багынып, итаат кылышы үчүн анын экономикасын талкалоо. Төртүнчү: Кытайды бул кризиске тартуу жана эл аралык позицияны ээлеп, Кытайга блокада жарыя кылууга чөйрө жаратуу.

Американын ушул негизги максат жана багыттарына ушулар да кирет: Россияга коюлган экономикалык блокада себептүү эл аралык экономикалык кризис күчөйт, анын катарында, азык-түлүк, айрыкча дан продукциялары кризиси жана АКШ менен Европада жогорку деңгээлдеги инфляция күчөйт. 2022-жылы Германия сыңары айрым Европа мамлекеттеринде инфляция 2021-жылы 7,9 пайызды түздү, баалар орточо 1,3 пайызга көтөрүлдү. Бул жагдай немис өкмөтүн 65 миллиард еврого барабар үчүнчү кошмо пакетти кабыл алууга мажбурлады. Немис өкмөтү бул чарадан керектөөчүлөрдү жана улуттук экономиканы жогорку инфляциянын таасиринен коргоону максат кылганын айтты. Ал эми, Америкада Эмгек министрлиги маалым кылышынча, жылдык инфляция өткөн жылы май айында 8,6 пайызга жогорулады, өз кезегинде, бул АКШ Федералдык резервдик системасын пайыздык ставканы бир нече жолу жогорулатууга мажбур кылды жана пайыздык ставка 2023-жылы 5 пайызга жетти. Бул нерсе Европа менен Америкадагы банктара жана башка экономикалык институттарга терс таасирин тийгизди… Маселен, Американын «Silicon Valley» банкы жана ага алакадар бир канча банктар банкрот болду… Ошону менен бирге, бул жагдай кризиске жана сенектикке алып келди.

Европа Россиядан келчү энергия токтотулгандыктан экономикалык зыян тартты жана альтернатива энергиянын баалары да көтөрүлүп, жалпысынан алганда бул өнөр жай бааларынын көтөрүлүшүнө жана жумуш акыларынын, керектөө кыйматынын төмөндөшүнө себеп болду. О.э. бул абал долбоорлордун кыскарышына алып келди, акыбетте Британия, Германия жана Франция сыяктуу айрым Европа мамлекеттеринде ири нааразылык демонстрациялар болду. Жада калса, бул мамлекеттердеги айрым белгилүү саясатчылар – бул согуштан бизге кандай пайда бар деген суроолорду берип, тезинен согуш токтотулсун деген талаптарды айтышты. О.э. Украина согушу жана ал алып келген кризистер себептүү бир нече мамлекеттерде өтө оңчулдардын бийликке келишти. Мисалы, Швециядагы шайлоодо «Швед демократиясы» партиясы, Италияда «Италия боордоштору» партиясы жеңип чыкты. Венгрияда мурунку премьер-министр Виктор Орбан жетектеген улутчул «Фидес» партиясы шайлоодо биринчи орунду ээледи.

Кытай өзүн бейтарап кылып көрсөтүп, ушул аркылуу чечимдерди берүүгө урунушу жана эл аралык мыйзамга моюн сунууга чакырышы айрым мамлекеттерди аны ээрчүүгө жана анын согушту токтотуу жөнүндөгү тынчтык долбоорун колдоого үндөдү. Акыркы кездердеги Франциянын мисалы буга даана далил. Бул маселе Америка саясатына басым өткөрүү каражаты болуп, аны эл аралык масштабда ыңгайсыз ахвалга салды жана Украина согушунда Россияга каршы түзүлгөн коалицияда жарака пайда кылды. О.э. бул нерсе Американы Кытайга каршы кезектеги кадамын кооптонуп шилтей турган кылды. Себеби, Кытай Тайвань маселесинде эл аралык мыйзамдын алкагында аракет кылып жатат. Ал эми, Американын Кытайга карата саясатында, Россия маселесинде болсун, Тайвань маселесинде болсун, эл аралык резолюцияларды бузуп жатканы ачыкталып калды.

Согуштун узакка созулушу, Россиянын бир жылдан ашуун каршы турушу жана анын чабуулдары каршысында Украинанын аскерий жактан каршы тура албастыгы – Америка саясий чечимге каршы болсо да – Европаны саясий чечим маселесинде олуттуу ойлонууга үндөдү. Себеби, Европа ушуну аңдап баштады – Кытай Россияны жашыруун колдоп жаткан соң, Россияны аскерий жол менен жеңип болбойт. Анын үстүнө, Россия ага карата экономикалык блокаданын басымын азайтуу үчүн экономикалык альтернативаларды таап жаткан соң, Германия өкмөтүнүн Берлиндеги басма сөз катчысы 2023-жылы 24-февралда Кытайды Россиянын Украинага каршы согушу жөнүндөгү планы менен куттуктуды. Бул планда эки тарапты ок атууну токтотууга чакырылган, планда маанилүү факторлор жок болсо да, бирок бул Кытайдын жаңы демилгеси катары каралууда. Бул жаатта Кытайды Франция да Макрондун жакында Пекинге жасаган сапарында алкыштады. Бул нерселер Американын согуш туурасындагы саясатына каршы о.э. БУУ системасынан тышкарыда түзүлгөн эл аралык коалицияга каршы күчтүү басым картасына айланды.

Ядролук куралдын колдонулушунун ыктымалы жөнүндө эл аралык кабатырлануу жүзөгө келди. Айрыкча, Батыш мамлекеттери, негизинен Америка Украинаны түрдүү курал-жарактар менен камсыздаган соң, Россия акыркы учурларда Белоруска жана Балтика боюндагы Калининградга өзүнүн тактикалык курал системасын жайгаштырууга мажбур болуп жаткан. Бул иштер аскерий карама-каршылыкта жаңы амалий өзгөрүүлөрдү алып келди, ошону менен бирге, Европанын Россияга коңшулаш мамлекеттеринде коркууну пайда кылды.

Кытай көп жолу эл аралык мыйзамга моюн сунууга чакырды, Америка эл аралык масаледе, маселен Россияны блокада кылуу, Тайванды аскерий жактан колдоп-кубаттоо жана анын ички иштерине аралашуу менен эл аралык мыйзамды бузуп жатканынан дүйнөнү, өзгөчө Европа мамлекеттерин эскертти. Кытайдын бул чакырык жана эскертүүлөрүн АКШ коалициясы мамлекеттери арасында тыңдагандар болду, айрыкча, күндөн-күнгө кризис курчуп, ядролук жана экономикалык кооп-коркунучтар күчөп жатканда. Бул сыяктуу чакырыктар Американын өз союздаштары алдындагы позициясын күчсүздөнтүп, бул союзда жаракаларды пайда кылууда.

Мына ушундай негиз, маалымат жана фактыларга негизделип, Кытай Европа мамлекеттерин Америкага каршы тукурууну жана эл аралык мыйзам картасын ишке салууну баштады. Анын Украина согушун токтотуу сунушу Россиянын гана эмес, көптөгөн Европа мамлекеттеринин ишенимин жараткан күчтүү сунуш болду. Россия бул үлкөн туңгуюктан АКШ жана союздаштарынын басымына моюн сунбастан чыгышы үчүн эң жакшы жол ушул Кытайдын сунушу деп эсептеди. О.э. бул сунушту Американын каалоосун чектөө жана дүйнөнү кул кылуу планын бузууга кызмат кылат деп билди…

Ушул жерде суроо туулат: белгилүү болгондой, АКШ Россиянын Украинадагы согушуна каршы Европа жана башка мамлекеттерден кеңири көлөмдүү коалиция түзгөн. Кытай менен Россия бул коалицияны кыйрата алабы?

Франциянын акыркы позициясынан ушул нерсе көрүнүп турат – Европадагы улам өнүгүп жаткан жаңы өзгөрүүлөр эл аралык коалицияда жарака пайда кылганына, коалиция аста-секин күчсүздөнө баштаганына далалат кылууда. Айрыкча, бүгүн экономикалык кризис, инфляция, баалардын көтөрүлүшү жана ядролук курал маселесинде эл аралык даражада коркуу, кабатыр жана кооп-коркунучтар болуп жатканда Кытай чечимге аракет кылган бейтарап мамлекет катары чыгышы барган сайын күчөп барууда. Согушту токтотууга чакыргандар көбөйүп, Кытай, Россия, Германия сыяктуу мамлекеттерге башка мамлекеттер да кошулса, ыктымал Америка эл аралык изоляцияда калышы мүмкүн. Эгер, андай абал жүз берсе, Америка үчүн чоң жоготуу болушу да мүмкүн. Мүмкүн, бул Американын дүйнөгө гегемондук кылуу саясатына каршы күрөшүү жана жаңы эл аралык тартипти орнотуу максатында Кытай жана Россия менен кызматташып коалицияларды түзүү үчүн жаңы жолдун башталышы болуп эсептелет. Мындай абалда Америка дүйнөнү жеке өкүмдарлык менен башкаруу жана зомбулук жардамында дүйнөнү өзүнүн максат жана саясатына кызмат кылдыруу тактысынан кулатылат. Башкача айтканда, Франциянын акыркы позициясы эл аралык позицияда активдүү өзгөрүүлөр пайда кылышы жана жаңы эл аралык позициянын башталышын белгилеши мүмкүн.

 Роя гезити, №440, 2023-жыл, 26-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here