Рамазан Айт куттуктоосу

879
0

Рамазан Айт куттуктоосу

Аллахка мактоолор болсун, Расулуллах Aга, үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ал зат менен дос болгондорго саламдар болсун

Урматтуу Кыргызстан мусулмандары, Рамазан айынын ар бир күнү ифтарда өзгөчө кубаныч сезимдерин таттыңыздар. Мына эми ал кубанычтардын жыйынтыгы катары эң зор шаттык күнү – Аллах Таала майрам кылып белгилеген ийд-уль-Фитр кирип келди. Баарыңыздарды мына ушул Рамазан айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз.

Аллах Таала Ал үчүн туткан орозоңуздарды кабыл алып, ажрларын берсин. Ифтар кылып берген сахийлердин сообун эселеп берген болсун. Аллах сиздерди Кадыр түн жакшылыктарына жетишкендерден кылсын. Үзүрлүүлөрдүн фидяларын кабыл кылып, фитр садака жана башка ихсан кылуучулардын соопторун ахиретине захира кылып койсун. Туткан орозоңуздар Кыямат күнүндө шафаат кылып, тозоктон калкан болсун. Аллахым сиздерге Райян бейишин насиб этсин.

Ооба, бул күн – шаттык күнү. Бул күнү мусулмандар бири-бирин куттукташат, өз ара зыяраттарда болушат, майрамдык салтанаттарды уюштурушат, бүткүл коомдо майрамдык маанай болот. Бирок, быйыл да – өтмүштөгү жылдардагыдай эле – майрамдык маанайга суу сепкен бир жагдай сакталган бойдон калды. Бул нерсе: мына ушул мукаддас жана мубарек күндөрдө айрым калыс мусулман уул-кыздарыбыздын залимдер зулумунан запкы тартып жатышыдыр. Алар “Роббим Аллах” дегени үчүн гана б.а. Аллах буйругандай жашайлы дегени үчүн гана – каафирлер малайлары менен алардын жүгүртөктөрү тарабынан – “экстремизм” жалаасы менен зулумдарга кабылышууда.

Айрыкча, бийлик өкүлдөрү аялзат аруулугунун үлгүсү болгон пакиза муслималарыбызга зулум кылуудан уялбай жатышат, ал тургай, чабуулдарын күчөтүп да жатышат. Билгениңиздердей, харам болгон жаңыжыл, “сүйүшкөндөр күнү”, же 8-март сыяктуу күндөрдө орган кызматкерлери мас болгон аялдардын токмогун жеп, сөгүшүн угуп да, кайра аларга гүл тартуулап, үйүнө узатып коюшууда. Мына ушундай бир доордо, орозо жана айт күндөрү болсо, айрым калыс муслималар чыныгы даъваты үчүн абакта олтурса, айрымдары сурактан-сурака чакырылып, басым-кысым астында калышууда.

Биз муну менен бийликтин көп жүздүүлүгүн көрүп жатабыз. Бир жактан намаз окуп жатканын көрсөтөт, экинчи жактан чыныгы даъватка каршы күрөшөт. Бир жактан мечит курулушуна бата берет, экинчи жактан калыс мусулмандарды камай берет… ж.б.у.с. Бул жаатта куудулдардын “бир туруп имам, бир туруп иван” деген мыскылы аргасыздан эске түшөт. Негизи, бийликтин мындай кылышы табийгый. Анткени, бул бийликтердин бийлиги үммөттөн алынган исламий бийлик эмес. Булар бийлигин колонизаторлордон алышкан жана алардын мойнунда капитализмди сактоо, коргоо, колдонуу милдети бар (казинолор ачылышы, мамлекеттин салыккор болушу ж.б.лар ушулар алкагына кирет). Мына ошондуктан да алар – капитализмди сактап калыш үчүн – колонизатор каафирлердин Исламга каршы күрөшүнө кызмат кылып беришет. Себеби, капитализмди кулатып, анын ордуна келе турган жана бүткүл дүйнөгө адилеттикти жая турган система – бул Ислам гана! Аллах Таала айтат:

﴿يُرِيدُونَ لِيُطْفِؤُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَاللَّهُ مُتِمُّ نُورِهِ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ * هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ﴾

«Алар Аллахтын нурун ооздору (т.а. пайдасыз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, (кафирлер) каалашпаса да Өз нурун толук жаюуну каалайт. Ал (Аллах) Өз Расулун хидаят жана хак дин менен – мушриктер каалашпаса да – бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген зат»                                                                                                                                                          [9:32-33]

Ушулардан улам, мубарек Айт күнү бийликке жана элибизге кайрылар кебибиз бар!

Эй бийлик ээлери! Силер да мусулмандар перзенттерисиңер. Качанга чейин каафирлердин дүнүйөсү үчүн өзүңөрдүн ахиретиңерди күйгүзүп жүрө бересиңер. Мына бүткүл дүйнө туңгуюкка кептелип турат. Ал тургай каафирлердин өздөрү капитализмден тажап бүтүштү. Силердин Ислам даъватына келип кошулуу убактыңар келбедиби?

Эй мусулмандар! Качанга чейин колонизатор каафирлер менен алардын малайларынын жалгандарына алданып жүрө бересиңер? Былтыр өткөрүлгөн курултай эсиңиздердеби? Анда эмне деген гана проблемалар айтылбады жана алар азырга чейин чечилген жок о.э. чечилбейт дагы. Ал проблемалар ар бир айылдан келген адамдар тарабынан айтылды. Бирок, ал делегеттардын бири да “диний экстремизм” тууралуу ооз ачкан жок. Анткени, эл ичинде экстремизм деген проблема жок, балким капитализм деген проблема бар. Экстремизм бул колонизатор каафирлер ойлоп тапкан, малайлары ага малдардай ээрчиген бир жомок! Ошондуктан, чыныгы даъватты көтөрүп чыгып жаткан перзенттериңердин калыс амалдарына эшигиңерди ачкыла жана аларды жамандардын жамандыгынан асырап алгыла!

Сөзүбүздүн акырында дагы бир жолу мубарек айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз.

Аллахым айт намазыңыздарды жана анда кылынган жакшы ниеттеги дуаларыңыздарды кабыл алсын. Келерки жылкы Рамазанды татыктуу тосуп, татыктуу өтөөнү насиб этсин жана дин жолунда ийгиликтер үстүндө кездештирсин.

Хизб-ут-Тахрир – Кыргызстан

  1. 04. 2023

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here