Хижрий 1444-жылдын шаввал хилалын текшерүүнүн натыйжасы жана мубарек Рамазан Айты менен куттуктоо

556
0

Басма сөз баянаты

Хижрий 1444-жылдын шаввал хилалын текшерүүнүн натыйжасы жана мубарек Рамазан Айты менен куттуктоо

Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, ла илаха иллаллоху Аллаху Акбар, Аллаху акбар ва лиллахил хамд

Бисмиллахир Рохманир Рохим.

Бүткүл ааламдардын Роббиси Аллах Таалага мактоолор болсун. Мухаммад ﷺга, ал кишинин үй-бүлөсүнө жана сахабаларына саламдар болсун.

Бухарий өзүнүн сахихинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди. Мухаммад ибн Зияд айтат: Мен Абу Хурайра розияллоху анхунун мындай дегенин укканмын: Набий ﷺ же Абу Касим ﷺ айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Бүгүн, 2023-жыл 20-апрель, бейшембиден жумага өткөн кечеси шаввал хилалы (жаңырган айы) күзөтүлгөндөн кийин хилалдын шаръий түрдө көрүлгөнү айрым исламий өлкөлөрдө өз тастыгын тапты. Ушуга ылайык, демек, эртең, жума күнү – шаввал айынын жана мубарак Рамазан Айтынын биринчи күнү.

Хизб-ут-Тахрир бүткүл Ислам Умматын мубарек Рамазан Айты менен куттуктайт. Аллах Тааладан кийинки жылдагы Айтты Ислам мамлекети тикеленген, шарият өкүмдар болгон, Ислам байрагы желбиреген абалда күтүп алышыбызды насип кылышын сурайбыз.

Өз кезегинде Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы катары, мен өзүмдүн атымдан жана Борбордук маалымат бөлүмүндө иш алып барып жаткан бардык ага-ини, эже-карындаштарымдын атынан Хизб-ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Роштаны рамазан айты менен куттуктаймын. Аллах Тааладан амирибизге Расулуллах ﷺдын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык жөнүндөгү башаратын жүзөгө чыгаруу жолундагы даъватта ийгиликке жеткиришин сурайбыз.

Инсан өмүрүндө көрө турган эң жакшы көрүнүштөрдүн бири – Айт намазынан кийин мусулмандар бири-бирин майрам менен куттукташы, жүздөрүндө кадыржамдык, кубаныч жайнап, перзенттеринин шаттыгы алардын жолугушуусун жыргалчылыкка бөлөшү. Анткени, Рамазан Айты мусулмандар үчүн ар жылы белгилене турган майрам гана эмес, ошондой эле, ал – орозо кармоого, намаз окууга жана Аллах ыраазы боло турган амалдарды аткарууга бир ай күч жумшоосу артынан мусулмандар Аллахтын ыраазылыгына татыктуу боло турган бакыт учуру. Абу Хурайра Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«قَالَ اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ: كُلُّ عَمَلِ ابْنِ آدَمَ لَهُ إِلَّا الصِّيَامَ، هُوَ لِي وَأَنَا أَجْزِي بِهِ»

«Аллах Азза ва Жалла айтты: Адам баласынын ар бир кылган амалы өзү үчүн. Орозо гана андан тышкары. Себеби, ал Мен үчүн, анын сыйлыгын Мен Өзүм беремин». Исламдагы бул бакыт түшүнүгү мусулмандардын кубанычына жана шаттыгына өзгөчө ырахат берет.

Бүгүнкү күндө бүткүл адамзат мына ушундай кадыржамдыкка абдан-абдан муктаж. Ислам түзүмү бул кадыржамдыкты майрам күндөрү гана эмес, башка күндөрү да камсыздайт. Колонизатор кафир Батыш жергиликтүү жана глобалдуу согуштар, экономикалык кризистер, жада калса, саламаттыкты сактоого тиешелүү кризистер менен өз элин да, дүйнө элдерин да азапка салып алдан тайдырды. Батыш адамдардын жакырчылыгын – каражат, ресурстарды монополия кылууну – максат, динди жашоодон бөлүүнү – ишеним кылып алды. Ушул аркылуу инсанды өз инсанийлиги менен жашоодон жана кадыржам болуудан кур жалак калтырды. Акыбетте, жашоо бир тарапта кумарлануу артынан чуркап бара жаткан, дагы бир тарапта бир үзүм нан табуу үчүн кыйналгандар, башка тарапта болсо согуш жана репрессиялардан качкандар ортосунда калып кетти. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً

«Ким Менин эскертүүмдөн жүз үйүрсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот жана Биз аны Кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз»                                    [Таха 124]

Оо, мусулмандар!

Мойнуңарда Ислам рисаласы деген аманат турат. Ал Аллах тарабынан силерге буйрулган вазыйпа, аны бүткүл дүйнөгө алып чыгуубуз үчүн саййидимиз Мухаммад Мустафа ﷺ мурас кылып калтырган. Аллах Таала айтат:

﴿وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطاً لِّتَكُونُواْ شُهَدَاء عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيداً﴾

«Жана силер башка адамдардын үстүнөн күбө болууңар үчүн  жана Расулуллах силердин үстүңөрдөн күбө болуусу үчүн орто (мыкты) уммат кылдык»                            [Бакара 143]

Ошондуктан, бул дүйнөдө Исламдын колдонулбай жаткандыгы зулум болуп эсептелет. Анткени, Исламий Уммат анын мамлекети тикелениши менен, мурунку кылымдарда болуп келгендей, кайра дагы бүткүл адамзаттын баанегине айланат, бардык мазлум жана кордолгондор андан коргооп таап, айланасындагы коңшулары Ислам жана анын түзүмүндөгү адилетти көрүшөт. Аллахтын уруксаты менен, ушул абал туруктуу болот жана мусулмандар бүткүл дүйнөнү фатх кылышып, Ислам толук жайылат.

Оо, мусулмандар, оо, күч-кубат ээлери!

Адамзат турмушунда Исламдын колдонулбастыгы адамзат үчүн үлкөн зулум жана адилетсиздик болуп саналат. Негизи, капитализм адамдардын үстүнөн кыла турганын кылып бүттү. Анын карамүртөздүктөрүн токтото ала турган жана илдеттеринен бүткүл дүйнөнү куткара турган Ислам Умматынан башка эч ким жок. Ислам Умматы муну бир кездерде саясий күч катары дүйнөлүк тартипти калыптандырган Халифалык саясы астында ишке ашырат. Анткени, Уммат өзүнүн мурунку абалына кайтууга даяр. Халифалык долбоору да улуу аалым Ата ибн Халил Абу Роштанын амирлиги астындагы Хизб ут-Тахрирдин жана аны менен бирге болгон Ислам Умматынын шаарларына жана дүйнөнүн ар тарабына жайылган Хизб мүчөлөрүнүн колунда даяр турат. Андыктан, үй-жайлары ойрон болгон, перзенттеринин каны төгүлгөн жана ар-намыстары тебеленген Умматыңар залимдердин колунан куткарууңарды өтүнүп жалбарууда. Хизб ут-Тахрир да өзүнүн жаркын пикирлери, даярдап койгон Халифалык долбоору жана силер жаман башкаруусуна сүкүт кылып жаткан фажир өкүмдарларга каршы чыккан өз мүчөлөрүнүн бекем кайраты менен силерден муну талап кылууда. Эмнеге жооп бербей жатасыңар, оо, Ислам Умматынын аскерлери? Аллах Таала айтат:

﴿وَالَّذِينَ آوَواْ وَّنَصَرُواْ أُوْلَئِكَ هُمُ الْمُؤْمِنُونَ حَقّاً لَّهُم مَّغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ

«Ыйман келтиргендер, хижрат кылгандар жана Аллах жолунда күрөшкөндөр жана үй-жай берип, жардам кылгандар – дал ошолор чыныгы момундар, акыйкатта алар үчүн кечирим жана улуу ырыскы бар»                                                                                          [Анфал 74]

Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, ла илаха иллаллох, Аллаху акбар, Аллаху акбар ва лиллахил хамд.

Айтыңар мубарак болсун, вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Жумага өткөн кече, хижрий 1444-жыл, шаввал айынын жана мубарак Рамазан Айтын биринчи күнү. Миладий 2023-жыл, 21-апрель.

 

Мухандис Салахиддин Азаза

Хизб ут-Тахрирдин

Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here