Яман өзүнүн азиздигине жана күч-кубатына Исламсыз эч качан жетише албайт

646
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яман өзүнүн азиздигине жана күч-кубатына Исламсыз эч качан жетише албайт

 Мухандис Шафик Хамис

2023-жылы 2-март күнү АКШнын Ямандагы элчиси Стивен Фагин Бахрейнде жайгашкан АКШ Бешинчи флотунун командачысы менен бирге Махра вилаятына барды. Аларды Гиза аэропортунда Махра губернатору Мухаммадали Ясир, жергиликтүү кеңештин бир нече расмийлери жана Жээк сакчылык күчтөрү тосуп алды. Бул сапардан максат Ирандан Хусийлерге келип жаткан курал-жарактарды алдын алуу жана Махра жээгиндеги контрабандага каршы күрөшүү экени айтылды.

Бирок, бул жерде башка кеп бар!

Бул сапар жөнүндө АКШнын Жакынкы Чыгыштагы күчтөрүн көзөмөлдөгөн Пентагон Борбордук командачылыгынан да, Коргоо министрлигинин катчылыгынан да, АКШ Тышкы иштер министрилигинен да билдирүү берилбеди. Бирок, бул Ак үйгө тиешелүү контекст боюнча болуп жатканы анык. Андан мурун Конгресс Пентагондон жана Мамлекет департаментинен Махрада жасап жаткан иштери туурасында түшүндүрмө берүүнү талап кылып, экөөсүнөн тең түшүндүрмө албаган соң, Ак үйдөн талап кылган. Демек, бул сапардын себеби ачыкталбай жатканынан көрүнүп тургандай, АКШ күчтөрүнүн Хазрамавт жана Махрада болушу АКШ Борбордук Разведка Башкармалыгынын миссиясына байланыштуу, бул башкармалык болсо өзүнүн иш-аракетин ачыктабайт.

Хазрамавт жана Махрадагы окуялар Саудиянын колу менен тездешип-уланып жаткандай болуп көрүнүүдө. Бирок, саясий иштерди күзөткөн киши Саудиянын Америка саясатына кызмат кылган максаттарынан капарсыз калбайт. Учурда АКШ күчтөрүнүн Хазрамавт жана Махрада болушу Саудия аскерий күчтөрүн багыттап, коргоого багытталган. Себеби, Американын буйругу менен аракет кылган Саудия Хархир-Наштун нефть түтүгүн орнотууда кыйынчылыктарга туруштук бере албаган. Т.а. Саудия Махрада инфраструктураны жакшыртуу долбоорлорун сунуштаганына жана гуманитардык жардамдарды көрсөткөнүнө карабастан о.э. Саудия паспортун алмакчы болгон махралыктарга паспорт берип, уруу шейхтерине маяна дайындаганына карабастан, бул түтүктүн курулушун ишке ашыра албаган. Андан кийин Саудиянын алдында акыркы максат – Араб деңизи аркылуу нефть ташуу үчүн деңиз жоддорун ээлөө максаты калды. Саудия 2015-жылдан бери Ямандагы согушка жетекчилик кылып келүүдө. Саудия өз аракетин бул өлкөдө 2017-жылы ноябрь айында Махра вилаятынан баштаган, 2019-жылы анын нефть кендерин Араб деңизи менен байланыштырган нефть түтүктөрүн курууну баштаган. Али Салим Хурайзий Оман тарабынан башкарылган Махра урууларынын оппозициялык күчтөрүнө командачылык кылды. Бул күчтөргө 2006-жылдан тартып ушул күнгө чейин бүткүл Махра вилаятында кеңири көлөмдө аскерий операцияларды алып барууга уруксат берилген.

Отчёттордо айтылгандай, Саудия аскерий күчтөрүнүн Махра вилаятындагы лагерлеринин саны ондон ашат. Лагерлерде түрдүү жеңил, орто жана оор куралдар, брондолгон техникалар, «Apache» вертолёттору жана ракеталар бар. Мындан тышкары, бул лагерлер Хазрамавт жана Махрадагы аскерий операциялар майданына жакын болуп, вилаяттагы стратегиялык транспорт өтмөктөрүн көзөмөлдөөнү максат кылган. Саудиянын Сайкс-Пико чегаралары бойлоп жайгаштырылган кошуундарынын саны 5 миңден 15 миңге чейин жетет. Бирок, алар Американын Яманды бөлүп жаруу планына ылайык аракет кылып, ушул эки нефть вилаятын Американын кызыкчылыгы үчүн көзөмөлдөп жатат.

Аль-Сауд режими Америка пландарын ишке ашыруу үчүн «согушта ойрон болгон жерлерди кайра тикелөө» идеясынан пайдаланып жатат. Ушул аркылуу Яманга оң колу менен акча берип, сол колу менен фитна чыгарууда. О.э. Эр-Рияд Хазрамавт вилаятындагы Сайвун шаарын кайра тикелөө долбоорун сунуштаган. Махра вилаяты үчүн 10 долбоор иштеп чыккан, бул долбоорго вилаяттагы порт жана аэропортторду кайра куруу да кирет. Хархир-Наштун нефть түтүгү линиясын куруу үчүн кезектеги кадам Саудия аскерий күчтөрүнүн 2020-жылдын башында Гиза аэропортуна келиши менен башталды жана бул ошол жылдын аягында АКШнын Ямандагы элчиси Кристофер Гензелдин Гиза Аэропортун зыярат кылышына чөйрө жаратты. Өз кезегинде, Гензелдин сапары АКШ күчтөрүнүн келе башташына ишара болгон эле. Бул нерсе Оман султандыгын кабатырга салды, мындан улам, 2021-жылы январда ал жерге АКШ менен бирге Британия күчтөрү кирди.

Мурда Саудия күчтөрү Гиза аэропортуна жайгашып алган соң, «жээк аркылуу өткөн контрабандага каршы күрөшүү» деген нерсени шылтоолоп балыкчылардын балык улоосуна тыюу салган эле. Бүгүн да АКШ жөө күчтөрү бүткүл Махра вилаятынын жээгине күзөтүү камераларын жана жабдыктарын орнотуп алып кудум ошондой тыюуларды салууда.

2022-жылы күзүндө эки америкалык аскерий эксперт вилаятка сапар жасаган. Маалымат каражаттарында ачыкталбаган бул сапардан максат Саудия менен курулуш пландары жөнүндө кеңешүү экени айтылды. Бирок, түпкүлүгүндө сапар Махра урууларынын ал жерде Саудия жана анын артында турган Американын жайгашуусуна кандай реакция билдирүүсүн байкоону камтыйт. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында дагы эки америкалык аскерий эксперт келип, бүткүл Махра вилаятын кезип, калкты Саудия армиясына, арийне, Америка кошуундарына аскерий каршылык көрсөтүүдөн баш тартууга көндүрүүгө урунушту. О.э. нефть түтүктөрүн Саудия кендеринен Махра вилаятындагы Ништун шаарынын портуна алып өтүү планына калкты мажбурий ыраазы кылууга аракет кылышты. Америка күчтөрү Хазрамавт жана Махрага ушул таризде кирип, ал жерде калуусуна ишеними толук эмес… Ушул себептен улам, бирөөнүн кучагына жашынып, керек болсо качып кетүүгө даяр болуп турат. Ошондуктан, планды алдын ала иштеп чыккан. АКШ изилдөө борборлору, эгер Америка Яманга кирмекчи болсо шексиз Саудия аркылуу кириши керек деген пикирге бир добуштан келишишкен. Британия да башында ушундай кылган.

Американын региондогу саясаты – мусулман өлкөлөрүнө аралашуу жана мусулман өлкөлөрүн коргогон Халифалык мамлекети жок учурда ал жерлерге өз таасирин киргизип, өзү башкаруу. О.э. Сайкс-Пико чегаралары тартылгандан 100 жыл өтүп, «Жаңы Жакынкы Чыгыш» долбоорун ишке ашыруу үчүн ушул чегараларды кайрадан сызуу, нефть танкерлеринин багыттарын батыштан Атлантика океанынан тартып чыгышта Тынчтык океанына эң аз каражаттар жана эң аз зыяндар менен буруу. АКШнын эң аз каражатка мажбур болуп жатканынын себеби – анын бюджети туруктуу дефицит абалда экени. Эң аз зыянга мажбур болуп жатканынын себеби – Америкадагы коомдук пикир саясий иштерге нааразы экени жана негизсиз-керексиз согуштарды таптакыр каалабай жатканы. Саясий жактан алсыз Британияга келсек, бул мамлекет бардык иштерде Американын эгизи болуп, Яман президенттик кеңешиндеги жана өткөөл кеңештеги өз адамдары аркылуу саясий таасири астындагы региондорду коргоодон башка нерсеге кудуреттүү болбой жатат.

Өз-өзүнөн маанилүү суроо туулат: Эр-Рияд 2003-жылы Америкага Иракка каршы согушунда жардам берди жана согуштун төлөмүн Американын ордуна Эр-Рияд төлөдү. Аны менен биргеликте Иракты үч регионго: түндүктү күрддөргө, түштүктү шиаларга, борборду суннийлерге бөлдү. Андан кийин Эр-Рияд Хусийлерди айрымдар ойлоп жаткандай жок кылуу үчүн эмес, тескерисинче, аларды Санада бекемдөөгө жана Америка таасирин Аданга киргизип, Хазрамавт жана Махраны бөлүүгө 2015-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин аракет кылүүдө.

Ушулардан кийин заман Саудияга каршы өзгөрүп, жаңы Сайкс-Пико чегаралары алкагында чыгыш нефть региону андан тартып алынса, ага ыраазы болобу?! Кече Эр-Рияд Багдаддын жеңилип, Тегерандын жеңгенине өкүнгөн. Ушул себептен улам, Саудия келечекте Ямандын, анын артынан өзүнүн бөлүнүшүнө өкүнүшү ага таптакыр пайда бербейт.

Ошондуктан, бүткүл Яман, Нажд жана Хижаз калкы ойлонуусу керек: алардын бул абалын эмне оңдойт, Батыштын пландарыбы?! Жүз жыл мурун алардын Халифалыгын кулатып, Исламды алардан алыстаткан о.э. саясий, экономикалык, социалдык, таалим жана медицина тармактарында турмуштук иштерин куфр түзүмү менен башкарып жаткандар ушул Батыш эмеспи?! Же алардын абалын эмне оңдой турган болсо ошол нерсеге т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги минхожи рошид Халифалыкка кайтуу керекпи?!

 Роя гезити, №435, 2023-жыл, 22-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here