Айтыңар бир, мамлекетиңер да бир болушу керек

780
0

Айтыңар бир, мамлекетиңер да бир болушу керек

Мукаддас Рамазан айы акырына жакындап, Аллахтан үмүттөнүп орозо туткан мусулмандар мубарек Айт майрамын күтүп жаткан кез. Айды көрүү менен ооз бекитишкен бул момундар эми да айды көрүү менен ооз ачышмакчы.

Бирок, тилекке каршы, мусулман өлкөлөрүнүн каафирге малай бийликтери – “Айды көрүү” өкүмүнө каршы түрдө – бул сапар да Айт күнүн алдын ала белгилеп коюуга батынышмакта. Мисалы, Кыргызстанда Айт күнү 21-апрель болуп белгиленип калды. Ушуга байланыштуу, Айттын алдын ала белгилениши амалынын шаръий жана саясий жактарына ачыктап кетмекчибиз.

Алгач бул амалга тиешелүү шаръий жакка кайрылабыз:

  1. Шаръий өкүмгө ылайык, Орозо Рамазан айынын хилалын көрүү менен башталса, анын бүтүшү шаввал айынын хилалын көрүү менен болот. Бул көрүү күбөлүгү кабыл алына турган эки мусулман адамдын өз көзү менен көрүүсү аркылуу ишке ашат. Демек, ай күзөтүлбөстөн жана анын көрүлгөн же көрүлбөгөнү шаръий тастыгын таппастан туруп Айт күнүн алдын ала белгилеп коюу жайиз эмес. Ошондуктан, эгер быйыл 20-апрелде айдын көрүлгөндүгү шаръий тастыгын тапса, анда 21-апрель Орозо айт күнү болуп калат. Эгер ай көрүлбөсө, анда 21-апрель Рамазандын 30-күнү эсептелип, ал күнү ооз бек болот. Бул биз сахих ижтихад деп таянган исламий рай. (Буга Хизб-ут-Тахрир амири, аалым Ато Абу Роштанын райын тиркеме катары жолдойбуз). Эгер мындан башка сахих ижтихад болсо, анда ага ээрчиген адамдар үчүн ал шаръий өкүм болот жана ага амал кылуудан жоопкер болушат. Баса белгилей кетчү жагдай, сахих исламий райга таянбастан туруп астрономиялык эсептөөлөргө таянуу, же болбосо, сахих ижтихадга таянбаган эле фатваларга ээрчүү адамдардан бул жоопкерчиликти сакыт кылбайт. Ал эми, ихтилафтуу исламий райларга келсек, алар мусулмандар арасында карама-каршылык жаратпашы керек. Жана алардын үстүндө мусулмандар ортосунда хикматтуу жана чырайлуу талкуу алып барылышы керек. Анткени, шарият талабы ушундай. Болочоктогу Халифалык мамлекети – мусулмандар биримдиги жүзөсүнөн – мындай ихтилафтарга чек коёт, иншАллах.
  2. Демек, быйылкы жылы 21-апрелде оозун ачмакчы болуп жаткандар өздөрүнүн амалдарын сахих ижтихаддан алышы керек. Б.а. кайсы мазхабдагы кайсы ижтихадга, же кайсы мужтахиддин ижтихадына таянгандыгын билиши керек. Андай болбосо шаръий өкүм өтөлгөн болуп эсептелбейт. Биз таянган сахих ижтихад боюнча, айдын көрүлгөндүгү шаръий тастыгын таппаса, анда алдын ала белгилеп коюлган убакыт боюнча ооз ачып алуу жайиз эмес. Мындай кылган адамдар ушул күндүн казасын тутуп бериши ваажиб болот.
  3. Эгер айдын көрүлгөндүгү шаръий тастыгын таппаса, бирок, сахих ижтихадга таянбаган абалда алдын ала белгиленген убакыт боюнча Айт намазын окуу жайиз эмес, анткени, ал күнү ооз бек болушу керек болот. Беш убак намаздын ар биринин өтөлүүчү өз убактысы болгондой эле, Айт намазынын да өтөлүүчү өз убактысы бар, ал Айт күнү. Мисалы, сиз убактысы кире электе эле бешим намазын окуп албайсыз да.
  4. Кыргызстан бийлиги ибадаттарда ханафийлик мазхабын карманарын дааба кылып келет жана чындыгында Кыргызстан калкынын көпчүлүгү ушул мазхабды кармануучулар болуп саналышат. Ханафий мазхабы боюнча, Айт намазы сыяктуу жамаат намаздарын өтөөдө изни амма б.а. бийликтин жалпы урухсаты шарт. Ошондуктан, эгер 21-апрель айт кунү болбой калса, бийлик дароо кийинки күнү айт намазын өтөөгө буйрушу ваажиб. Болбосо мамлекет күнөөкөр болот. Анткени, мамлекет кайсы бир сахих ижтихадга таянгандыгын жарыялаган жок. (Башка мазхабдагылар айт намазын өз мазхабдарындагы өкүмдөргө ылайык өтөшөт)
  5. Эгер мамлекет айт намазын өз убактысы кире электе, бир күн мурун окууга кежирленип туруп алса, ал күнү намазга барылбайт, анткени, ал күн орозо күнү болуп эсептелет. О.э. мамлекет кийинки күн үчүн жалпы урухсат жарыялабаса, анда адамдар мойнунан Айт намазын өтөө саакыт болот. Бирок, мойнумдан саакыт болот деп жатып алуу жайиз болбойт, ар бир адам өз мүмкүнчүлүгүнө жараша мамлекеттен Айт намазынын өз убагында өтөлүшүн талаб кылып алышы ваажиб.

Эми айтты алдын ала белгилөөнүн саясий жактарына токтолобуз:

Эсиңиздерде болсо, 2014-жылы да Орозо айт алдын ала мамлекет жана анын муфтияты тарабынан белгилеп коюлган эле. Аллахтын хикматы менен, ошондо алардын бул жааттагы айыптары ачылып калган. Ошондо алар “бул саясий айт болуп калды” дешип, айыптарын тымызын тан алышкан жана бул окуя “саясий айт” аталышы менен элдин эсинде сакталган. Негизи, бул эле эмес, ар жылкы ар бир айт “саясийликтен” эч качан куру болгон эмес. Өзүңүздөр күбө болуп жүргөндөй, мусулман өлкөлөрүнүн ар кайсынысы ар башка күнгө белгилеп калат, же ар кимиси ар башка ыкма менен аныктайт, же болбосо, бир нечеси биригип башкаларына каршы түрдө белгилешет… ж.б.у.с.

Жакшылап текшерип көрсөк, бул “саясий айт”тардын бүткүл дүйнөлүк саясатта о.э. эл аралык саясатта саясатта өз-өзүнчө өзгөчө ролдорго ээ экенин көрөбүз.

Дүйнөлүк саясаттан алганда, бир нече кылымдан бери дүйнөнү империалисттик капитализм өз зулуму астында эзип келет. Жана ал колонизаторлор – Ислам гана империалисттик капитализмди кулатып, дүйнөнү анын зулумунан куткарып кетерин – жакшы билишет. Ошондуктан, бүткүл дүйнөлүк саясатты Исламга каршы багытташат. Мына ушунун алкагында, айттардын ар түрдүү белгилениши кафирлердин Исламга каршы күрөшүнө кызмат кылат. Анткени, мусулмандардын айтты бирдей белгилеши, аларды ушул маселеде пикир жана туйгу жагынан бириктирет. Бул болсо, мусулмандардын башка маселелерде да биригишине салым кошот жана андан ары бардык мусулмандардын бир мамлекетте биригүүсүн жакындатат. Ошондуктан, кафирлер айттын ар башка күндөрү же ар башка ыкмаларда белгиленишине кызыкдар.

Айттын алдын ала белгиленишинин эл аралык саясатка тиешелүү жагына келсек, бул мусулмандар акимдеринин кайсы кожоюнга канчалык кулдук урушуна байланыштуу. Мисалы, Кыргызстан Россиянын таасири күчтүү кезинде аны ээрчий белгилеп келди. Кийинчерээк, Американын шыкагы менен, Казакстан жана Өзбекстан – Россия таасирин азайтууга кызмат кылганы үчүн – айтты Орто Азия өлкөлөрү өз ара келишип белгилей турган кылып алышты. Жана ошондой да кылышты. Россиянын Украинадагы ийгиликсиздиктери көбөйгөндө, Орто Азия өлкөлөрүнүн Россияга карата моюн толгоолору да көбөйдү. Мында алар көбүнчө Түркиянын колдоосуна таянып жатышкан эле (Түркиянын артында да Америка турганына маани беришкен жок). Бирок, Түркиядагы зилзала Орто Азия акимдерине оор сокку урду. Алардын кээ бирлери айрым маселелерде кайрадан Россияга жагынууга мажбур болуп калышты. Мына ошондуктан да, быйыл Казакстан, Кыргызстан Россияны ээрчип белгилеп салууга ашыгып калышты. Өзбекстан болсо алардан айырмалуу позицияны карманды. Өзбекстан “уламалары” айтымында, алар айды көрүү үчүн бүткүл дүйнөгө вакилдерин жөнөтүшүптүр жана муфтият 20-апрелде айтты жарыялары кабарланды (белгилей кетсек, алар да айды өз көздөрү менен күзөтүүлөрү жаатында эч нерсе айтышкан жок, ошентсе да, жакшы күмөндөр менен жакшы кабардан үмүттөнүп күтүп калабыз).

Ушулардын баарынан көрүнүп тургандай, биздин бийликтердин айтты белгилөө булагы – шарият эмес – балким, каафир кожоюндарынын маанайы. Учурда эл аралык саясатта жекеленип жаткан Россия мусулман өлкөлөрдүн көңүлүн алуу үчүн – Исламга жакшы көңүл бурарына басым жасап – Рамазан 29 күндөн жаңырарына кайрылып койду эле, айрым малайлар анын “тапкырлыгына” дароо “агып калышты”. Айрымдары болсо буга ашыккан жок. Мисалы, Өзбекстан бийлиги өзүн дароо ээрчип кеткендей көрсөтпөстөн сөөлөт кармап турат. Биринчиден, ал Россия колонизаторлугуна алгачкылардан болуп көбүрөөк моюн толгогон жана башка кожоюндардан нажат издеген бийлик эсептелет. Экинчиден, муну менен элдин көңүлүн да алат. Мисалы, конституциялык реформа боюнча референдумдун алдынан мамлекетте Исламга зор көңүл бурулуп жаткандай көрсөтүлөт.

“Мамлекет динге кийлигишпейт” деген адаштыруучу түшүнүктү тыгыштырып келген колонизаторлор жана алардын малайлары – а түгүл айтты белгилөөгө чейин – мына ушундайча киришишет. Бирок, көбүнчө алар парда артында калышып, колдорундагы “муфтият” куралдарын ишке салышат. Буга бүгүнкү күндө да күбө болуп жатабыз.

Билдирүү жасап жаткан муфтияттардын сөздөрүнө этибар берсеңиз, алардын бардыгы астрономиялык эсептөөлөргө таянып жатышканын табасыз. Бул өзү түпкүлүгүндө, колонизатор каафирлер тыгыштырган нерсе, аны болсо биздин акимдер кошаматтанып кабыл алышкан жана аны элге өткөрүүнү муфтияттарга дайындашкан. Эгер жакшылап текшерсеңиз, алардын эч кимиси Ислам үчүн астейдил эмес экенин табасыз. Ал тургай, муфтияттар келтирип жаткан шаръий тексттер мына ушул малайлыкка маска тагуудан башка нерсе эмес экенин көрөсүз б.а. бул кожоюндарына “шарияттан жол таап берүү”. Мисалы, мындан мурунку жылдары Рамазан 29унан жаңырганда, Кыргызстан муфтият кызматкерлери адамдарды 30 күн орозо туттуруу менен алек болушар эле, алар эч качан орозонун 29унан жаңырышына далилдер издешкен эмес, ал тургай, ага каршы жасалма далилдерди келтиришкен. Быйыл эми орозонун 29 күн болушу жаатында жасалма далилдерди келтирүү менен убара.

Жогоруда айтылгандардын баарына байланыштуу Кыргызстан мусулмандарына кайрылабыз:

Эй бийлик ээлери жана муфтият кызматкерлери, айтты натуура белгилөөнүн жогорудагыдай себептерин көрүп туруп да, бардык жарандардын жоопкерчилигин мойнуңарга алып жибердиңер, Аллахтан корккула! Колонизатор кафирлердин дүнүйөсү үчүн ахиретиңерди курмандыкка чалбагыла, а силер мунун акысына эңсеген дүйнө маталары болсо эң эле арзыбас нерселер.

Эй мусулмандар, Айттын белгилениши сыяктуу өкүмдөргө тескери иш тутууда – мейли, адаштыруучулар силердин күнөөңөрдү кошо көтөрөбүз дешсе да – бул нерсе силердин Аллах алдындагы жоопкерчилигиңерди сакыт кылбайт. Ошондуктан, силер мындай мункарларды кайтарып, туурасына т.а. шариятка ээрчишиңер важиб. Ошондуктан, Исламыңарды үйрөнүп, туура амал кылууга аракет кылгыла. О.э. каафирлер менен алардын малайлары куулук-шумдуктарын жоготуп, мусулмандар ортосундагы ихтилафтуу маселелерге чекит коюп, бардык мусулмандар үчүн Айтты бир күн кылып белгилеп бере турган Ислам Мамлекетин куруудагы фикрий-саясий күрөшкө кошулгула!

Эй мусулмандар, силердин Китебиңер бир, Пайгамбарыңар бир, кыбылаңар бир, Аллах кабыл кыла турган амалдарыңардын негизи да бир, ал тургай, Айтыңар да бир, демек бара турган жерибиз да бир –  бейиш болушу үчүн – мамлекетиңер да бир болушу керек.

 Кыргызстандагы Хизб-ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү

  1. 04. 2023

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here